Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:18

Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухаммедов көп кабаттуу үйлөрдөн сателлит табактарын алууну буйруду. Түркмөн лидери мунун себебин алар шаардын көркүн бузуп жатканы менен түшүндүрдү.

Маалыматты эркин алуу Түркмөнстанда ансыз деле жоктугун эске алганда, президенттин бул жаңы демилгеси түрдүү суроолорго жем таштады.

Гурбангулы Бердымухаммедов көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларын жана сырткы дубалдарын сателлит табактардан тазалоону өкмөттүн адатта ал өзү төрагалык кылуучу отурумунда 15-августта буйруду.

Президент бул ишти өтөөсүнө чыгарууну премьер-министрдин транспорт жана коммуникация тармагын тейлеген орун басары Назаргули Шагулиевге тапшырды:

- Биз борбордо турак-жай тармагында тартип орнотушубуз керек. Анткени бул күндөрү ар бир имараттын төбөсүндө ондогон сателлит табактары турат. Мындай көрүнүш ал имараттардын архитектуралык кооздугун, сырткы кебете-келбетин бузууда.

Андыктан, Шагулиев, биз көп кабаттуу үйлөрдүн бардыгына кабель орнотуп, ар бир имаратта саттелит табактарынан эки-үчтү гана калтырып, калгандарынын баарын алышыбыз абзел.


Гурбангулы Бердумухаммедов, сателлит табактарын алдыруудан баш тарткандарга каршы кандай жаза колдонуларын ачыктаган жок.
Түркмөнстандын азыркы президенти Ашхабадды антенналардан тазалоо демилгесин буга чейин да көтөргөн. Алардын имараттарда мурдагыдай эле калышы Ашхабаддын тургундары президенттин чакырыгын көңүл сыртында калтыргандай таасир берген.

Мамлекет башчысынын азыркы демилгеси кезектеги президенттик шайлоонун алдына туш келгенин эске алганда, Бердымухаммедовду камтамага салган жагдай чын эле ак мраморго чулганган Ашхабаддын архитектуралык келбетиби же башка маселеби деген суроо жаратпай койгон жок.
Адам укуктары боюнча Түркмөн Хельсинки корунун башчысы Тажыгүл Бегмедованын айтымында, сателлит табактарынын жардамы менен ашхабаддыктар негизинен түрк жана орус телеканалдарынын берүүлөрүн көрөт.

Бегмедованын пикиринде, бийликтер эми бул телеканалдарды да эркин көрүү мүмкүнчүлүгүн чектеп жатат:

- Түркмөнстанда негизинен мамлекеттик гана маалымат каражаттары бар болгонун, чет өлкөлүк гезит-журналдарды алып кирүүгө иш жүзүндө тыюу салынганын, интернет катуу көзөмөлдөнөрүн, чет өлкөлүктөр менен телефон сүйлөшүүлөр да көзөмөл алдында турарын эске алганда, бул кайрадан эле чектөөнү күчөтүү деп айтууга негиз бар. Түркмөнстан Ниязовдун (мурдагы президент) шымынан али чыга элек. Азыр деле бийлик жүргүзүүнүн ниязовдук ыкмасынан баш тарта албай жатат.

Укук коргоочу Тажыгүл Бегмедова “Азаттыкка” курган маегинде кошумчалагандай, бийликтер айткандай чыныгы себеп – антенналар Ашхабаддын сырткы келбетин бузганында эмес:

- Эгер расмий бийликтер түрмөнстандыктар түрдүү телеканалдарды көрүп, ар кандай маалыматарды ала алышсын десе, Европанын же башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы бар. Эгер антенналар Ашхабаддын кооз жүзүн бузуп жаткан болсо, бир чатырга бир жалпы антенна коюп, бардык каналдарды көрө берүүгө болот. Шаардын түспөлү деген шылтоону айтышканы менен эми иш жүзүндө Ашхабаддын тургундары кыйын абалга кептелишет. Эми аларга башка мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу үчүн кошумча төлөөгө туура келет.

Ашхабаддык жазуучу Аманмурад Бугаев президент мындан үч жыл мурда ушул маселени алгач көтөргөндө сателлит табагын кабелдик сыналгы менен алмаштырган экен:

- Эки-үч антенна бар убакта 150-200гө жакын программа көрчүбүз. Үч жыл мурда кабелдик сыналгыга өткөндөн бери, 800гө жакын канал көрүп жатабыз. Эми кандай болот билбейм.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат каражаттарынын президент өткөргөн соңку жыйындан кийин билдиришкенине караганда, Ашхабаддын тургундарына спутниктик сыналгынын ордуна кабелдик телекөрсөтүү жапырт сунуш кылынууда.

Түркмөнстанда келерки жылдын февралында кезектеги президенттик шайлоо өтүшү керек. Анткени Гурбангулы Бердымухаммедовдун бийликтеги алгачкы мөөнөтү аяктоодо.

Укук коргоочу Бегмедова белгилегендей, Бердумахммедов бул шайлоого четтеги оппозиционерлер да катыша алат деп оозеки убада менен олуттуу деле өзгөрүү болот деп айтууга али абдан эле эртелик кылат. Анткени мыйзамдарда бир топ чектөөлөр бар, өлкөдө шайлоо ачык сөз болбойт, демократиялык шайлоо өткүдөй негиз жарала элек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG