Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:58

Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабаддын сыртында миңдеген үйлөрдү бузуу иштери уланууда. Үйлөр азиялык спорт оюндары үчүн спорт айылын куруу зарылчыгылынан улам бузулуп жаткан шекилдүү. Кандай болгон күндө да өкмөт айыл тургундарына эч кандай компенсация төлөгөн жок.

"Аш көп болсо, каада көп" демекчи, түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабадды гүлдөгөн шаарга айландыруу кыялын арыштап ишке ашырууда. Бирок "мышыкка оюн, чычканга өлүм" дегендей, анын запкысы карапайым тургундардын башына тийип жаткандыгын кантебиз?

Ушул аптада Ашхабаддын четиндеги Шор айылында үч миңдей үйдү бузуу иштери уланды.

Бийликтер бул талкалоонун себебин айтышкан жок. Мамлекеттик сыналгы бул тууралуу ооз ачкан да жок. Бирок тургундар алардын үйлөрү мыйзамсыз курулган деп бузуларын билдиришүүдө.

"Азаттыктын" түркмөн кызматына тургундардын бири айылдын ордуна бак отургузулат деп айтылгандыгын маалымдады. «Бул жерде бир муун өсүп чыкты, бирок буга чейин биздин үйлөрдүн мыйзамдуулугу жөнүндө эч качан сөз болгон жок эле» деп колун жайды.

Баарынан кыйыны - аларга эч кандай компенсация төлөнгөн эмес. Тургундарга айылдан 25-майга чейин чыгып кеткиле деп буйрулган. Ошондой эле үйлөргө электр жарыгы, суу берүү токтотулган.

Ашхабаддын айланасында башка айылдар да жок кылынууда. Учурда Чоганы деген жерде бузуу иштери уланып жатат. Аргасы кеткен тургундардын айрымдары өздөрү үйлөрүн бузуп, жок дегенде жыгач-ташты сактап калуунун айласын көрүшүүдө.

Үйлөрү бузула турган айылдарга унаа компаниялары жүк ташуучу машиналарын сунуш этишет. Терезе-эшиктер чыгыштагы Мари дубанындагы базарларга алып барып сатылат.

Түркмөнстанга чет элдиктер дээрлик каттабайт, ал эми тургундардын көбүнүн турмушу өтө жупуну. Ошондуктан жаңыланган Ашхабаддын гүл-бактарында кимдер сейилдеп, асман тиреген үйлөрдө ким жашайт, короолорунда фонтан күнү-түнү атылып турган беш жылдыздуу мейманканаларда кимдер түнөйт деген суроо туулбай койбойт.

Эки жылдан кийин Түркмөнстанда зал ичиндеги жана коргонуунун чыгыш элдеринде ойнолуучу оюндары боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бердымухамедовдун шаарды жакшыртуу ишмердүүлүгүн ушул иш-чарага даярдык менен түшүндүрүү мүмкүн.

Айрым маалыматтарга караганда, Олимпиада айылын курууга түркмөн өкмөтү беш миллиард доллар бөлгөн. Үйлөрүнөн ажырагандарга өкмөттүн компенсация төлөй албай жаткандыгынын себеби ушунда болуп жүрбөсүн?

Дүйнөдөгү эң бир жабык өлкөлөрдүн бири саналган Түркмөнстанда адаттагыдай эле мындай суроолордун көбүнө жоромол жооп гана алуу мүмкүн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG