Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Түркмөнстандын арал куруу дымагы


Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабад шаарынын көрүнүшү.
Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабад шаарынын көрүнүшү.

Түркмөнстан Каспий деңизине жасалма арал курууга белсенүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик агенттиктери жазып чыкты. Амбициялуу план койгон бул өлкөдө учурда азык-түлүк эки эсе кымбаттап, шекер жана суу майды сатууга чектөө киргизилди.

Жарым ай формасындагы жасалма арал Каспий деңизинин Түркмөнстанга караштуу аймагында пайда болору 7-декабрда айтылды. Өлкөнүн мамлекеттик агенттиктери жасалма аралды курууга даярдык башталганын жарыялады. Маалыматка караганда, учурда түркмөнстандык жана чет элдик адистер аралдын пайдубалын түзчү негизги платформанын үстүнөн иштеп жатат.

Түркмөн бийлиги арал менен өлкөнүн мартабасы артып турганын башкаларга даңазалоо максатын көздөгөндөй. Бул долбоорго канча каражат кетери да ачык айтылган жок. Бирок жалпы периметри жети чакырымды, ал эми аянты 160 гектарды түзгөн аралды түптөөгө ири суммадагы каражат сарпталарын адистер айтышууда. Анын пайдубалы үчүн эле 2,5 миллион тонна кум ташылып келингени белгилүү болду.

Ошондуктан түркмөн бийлигинин бул бийик максатуу долбоорунан күмөн санагандар да чыгууда. Алардын бири, "Азаттыктын" Борбор Азия боюнча талдоочусу Брюс Паниер:

- Менимче, алар бүгүн өтө акылга сыйбаган бир планды айтышты. Өлкөдө акча жок экенин баары билишет, Эл аралык валюта кору да бул тууралуу билдирүүсүн чыгарды. Каспий деңизинде арал кургуча, ага сарпталчу акчаны Түркмөнстандын башка жерлерин өнүктүрүүгө жумшаса болмок. Каражатты Түркмөнстандагы айыл чарба долбоорлоруна же үй менен камсыздандыруу тармагына салса болот.

Аралдын келечегине ишенбеген Брюс Паниер Түркмөнстандын жарандары үчүн тезинен чечилиши зарыл маанилүү маселелер арбын экенин белгилейт:

- Аваза сыяктуу курорттук аймактар турганда Каспийде арал куруунун кажети барбы? Ал арал ким үчүн курулат? Андан ким пайда табат? Туристтер үчүн курулабы? Аваза шаары ансыз деле дээрлик бош турат. Каспийдеги жасалма арал өлкөгө көп туристти тартып келеби? Андан күмөнүм бар. Түркмөнстан – зилзала көп катталган өлкө. Жер силкинүү ыктымалдуулугу бар аралга кимдин баргысы келет? Мен бул пландын максатын көрбөй турам. Акчаны сарптай турган көп тармактар турганда аралга кете турган акчанын пайдалуу экенин кимдир бирөөнүн далилдеп бере алаарына ишене албайм.

Буга кошумча, ушул тапта Түркмөнстанда каржы-экономикалык абал да жакшы эмес. Өлкөдө дээрлик баардык валюта операциялары токтотулган, мамлекеттик кызматкерлердин айлык маяналары кечиктирилип берилүүдө. Мындан улам доллардын көмүскө базардагы наркы 3,5 манаттан 7 манатка чейин көтөрүлгөн.

Азык-түлүк эки эсе кымбаттап, дүкөндөргө кезекке тургандардын саны күн санап өсүүдө.

Соңку жумада Ашхабад жана Түркмөнабад шаарларында азык-түлүк, жер-жемиштер эки эсеге кымбаттаганы байкалган.

Түркмөнстанда азык-түлүк эки эсе кымбаттады
Түркмөнстанда азык-түлүк эки эсе кымбаттады



Төрт айдан бери мамлекеттик дүкөндөрдө шекер жана өсүмдүк майын сатууга чектөө киргизилди.

Дашогуз шаарынын жашоочуларынын айтымында, аталган азыктарды алуу үчүн алар он күн мурун кезекке турууга аргасыз болушууда.

Кризис күчөп турган маалда “Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр 7-декабрда күчүнө кирди. Мыйзамга ноябрь айында өлкө президенти Гурбангулы Бердымухаммедов кол койгон эле. Анда азык-түлүктүн жетишсиздигин алдын алыш үчүн тамактануу нормаларын жана калктын керектөөлөрүн уюштуруу зарылдыгы белгиленген.

Авторитардык режим өкүм сүргөн Түркмөнстанда өлкө жетекчилигинин каалоосунун негизинде гана башталган долбоорлор арбын. Мунай-газга бай бул өлкөдө орточо айлык 590 манатты же 100 долларды түзөт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG