Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:24

Түркмөн жазуучусу Кудайберди Халлыев 1996-жылы саясий көз карашы үчүн бийликтин кысмагы астында Түрмөнстандан чыгып кеткенге аргасыз болгон.

Диссидент жазуучу азыр Чехия жараны. Айрым чыгармалары ушул өлкөдө жарык көргөн. Бирок Түркмөн өкмөтү 1994-жылы атайын токтом менен калемгердин чыгармаларын китепканалардан жыйнатып алып, жок кылдырган. Кудайберди Халлыев бийлик уруксат бербегенден улам, эчен жылдан бери Ата журтуна бара албай жүргөн. Жакында көптөн күткөн тилеги орундалып, өмүрүнүн 50 жылы өткөн мекенине барып келди.

"Азаттык": Кудайберди ага! Сиз өлкөдөн чыгып кеткенден 17 жылдан кийин жакында биринчи жолу Ата журтуңузга барганга уруксат алдыңыз. Киндик кан тамган жерге Түркмөнстандын жараны эмес, Чехиянын жараны катары бардыңыз. Эмне үчүн Түркмөн бийликтери ушунча жылдан кийин Ата жериңизге барганга уруксат берди деп ойлойсуз?

Кудайберди Халлыев: Анын себебин так билбейм. Бирок менин айрым жоромолдорум бар. Акыркы жылдары Түркмөн өкмөтү "темир дарбазаны" ачып, өлкөдө демократия бар деп айтканга жана өзүн эл аралык коомчулукка жакшы жагынан көрсөткөнгө аракет жасоодо. Ошон үчүн мага Ата журтума барганга уруксат беришти окшойт.

Дагы бир көңүл бурчу факт болду: Түркмөнстандын Стамбулдагы консулдугунда Аннагулы деген акын иштечү. Ал Англияга качып кеткен. Ага да Түркмөнстанга киргенге уруксат беришип, мекенде болуп кайтты. Мен виза сурап, былтыр жайда кайрылгам. Элчилик майрамдан кийин деп, бир нече жолу виза берүү мөөнөтүн кийинге которду. Андан бери бир нече майрам болду. Түркмөнстанда майрамсыз ай жок.

"Азаттык": Сиз Түркмөнстанга он тогуз гана күнгө бардыңыз. Эмне андан көп күнгө уруксат болгон жокпу?

Кудайберди Халлыев: Болбоду. Мен отуз күн сурадым. Алар мага жыйырма күн беришти. Жыйырманчы күн дегенде Түркмөнстандан чыгып кеттим. Бул аз.

"Азаттык": Сиз изилдөөчү, жазуучу катары Европа өлкөлөрүнө, АКШга барып жүрөсүз. Ошондо сыртыңыздан кимдир бирөө аңдып жүргөнүн байкабасаңыз керек. Түркмөнстанга барганда ошондогудай эркин жүрдүңүзбү же кандайдыр бир чектөөлөр болдубу?

Кудайберди Халлыев: Түркмөнстанда мен эркин жүрө албадым. Алар мага чек арага жакын шаарларга: Керкиге - азыр Атамурат деп аталат, Ташаузга, Кушкиге - азыркы Серхидаватка бара албайсың деп, кат жүзүндө көрсөтмө беришти.

Мен Ашхабадга барар замат Миграция комитетинде катталдым. Ансыз башка жакка чыгуу мүмкүн эмес. Башка шаарларга барып, үч күндөн ашык турам десем, облустук же райондук бийликтерден уруксат алышым керек эле. Андыктан мурдагы Чаржоу облусу, азыркы Лебап вилаетинде үч күн гана болдум.

Мен ким менен сүйлөшсөм да тыңшалып жатты. Түрмөдө узак жыл отуруп, жакында эркиндикке чыккан досум менен жолугайын дегем. Аны коркутуп, "жолукпа" дешиптир. Ашхабаддын чет жакасындагы бир совхоздо жашаган туугандарыма көрүшүп-амандашайын деп баргам. Мен кеткенден кийин туугандарымдын үйүндө Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери болуптур. Ошентип мен үчүн жагымсыз эки окуя болду.

"Азаттык": Мекенине 17 жылдан кийин барган адамды дос-жолдоштор, урук- туугандар болуп, бир айыл эл тосуп алгандыр?

Кудайберди Халлыев: Андай болгон жок. Мени Ашхабад аэропортунан бир гана досум каршы алды. Улуттук коопсуздук комитети дос-туугандарыма аэропортто мени утурлап алуу үчүн эч ким чогулбасын деп буйрук бериптир.

Менин бир жакшы акын досум бар болчу. Аны менен кездешейин деп барсам, үйүндө кызынан башка эч ким жок экен. Уюлдук телефонуна чалып, кат-кабарымды калтырдым. Бирок ал жооп берген жок. Менден качты. Ошондуктан аны менен көрүшө албадым. Менден журналисттер да, чыгармачыл адамдар да качып жатышты.

"Азаттык": Ашхабад акыркы жылдары укмуштуудай өзгөргөн. Жаңы коомдук имараттардын сырты мармар таштар менен кооздолгон, жашоо үчүн ыңгайлуу, франциялык жана түркиялык архитекторлор курган бир керемет дешет. Сизди да шаар таң калтырдыбы?

Кудайберди Халлыев: Бул туура сөз. Мени да шаар аябай таң калтырды. Себеби жаңы Ашхабад эски Ашхабаддан такыр бөлөк. Эски Ашхабадда эски үйлөрдү бузуп, кайра курушууда. Жаңы Ашхабад ак, мармардан курулган, көчөлөрү кенен, таза, кооз шаар. Түркмөн өкмөтү үчүн акча саман. Шаардын президент жана башка сыйлуу адамдар жүрчү протоколдук көчөлөрү, ошондой эле жөнөкөй эл жүрчү эски советтик көчөлөрү бар. Мага Ашхабаддагы кызыл карагайлар жыш тигилген жашыл зона жакты. Копеддагдын бир өңүрүндө жаткан жашыл тилкедеги кызыл карагайларды тамчылап сугарышат экен. Ошол бак мага катуу таасир этти.

"Азаттык": Сиз Чаржоуго (азыркы Лебап вилаети) бардым дедиңиз. Ал жакта да өзгөрүүлөр бар бекен?

Кудайберди Халлыев: Айыл жеринде өзгөрүш жок. Шаарларда, өзгөчө, облустар менен райондордун борборуна жаңы курулуштар түшүп, өзгөрүүлөр болуп жатыптыр. Мисалы, Чаржоудо жаңы жол курулган. Экономикада да өзгөрүүлөр бар. Жеке адамдарга караштуу майда дүкөндөр көбөйгөн, жаңы имараттар да көп. Мен мурда өкмөт бардык нерсени Ашхабадда гана курат деп ойлочумун. Азыр облустардын борборлорунда курулуш түшүп, абаддаштыруу жүрүп жатат.

"Азаттык": Сиз айткан жашыл зонада жылына бир ирет ден соолук күнү өткөрүлөт. Сиз ага туш келген жоксузбу?

Кудайберди Халлыев: Мен ошол ден соолук күнүнө туш келдим. Тилекке каршы узундугу сегиз чакырым саламаттык жолу жылына бир ирет - Ден соолук күнүнө бир жума бою пайдаланууга берилет. Башка убакта бул жол жөнөкөй адамдар же спортсмендер үчүн жабык.

Азаттык: 1990-жылдардын аягындагы Горбачевдук кайра куруу жылдары жана Түркмөнстан күнкорсуздук алгандан кийинки алгачкы беш-алты жылда басма сөз эркиндиги кулач жайып, коомдо эркиндиктин деми сезилип турган. Ошол кездегидей дем, эркиндик азыр сезилеби?

Кудайберди Халлыев: Жок, эркиндик жок. Эч бир эркиндик жок. Түркмөнстанда өкмөттүк беш телеканал бар. Бир каналда дайыма ыр-музыка жаңырат. Бир канал жалаң спортту көрсөтөт. Калган үч канал саясый-экономикалык окуяларды чагылдырат. Бирок программалары улам кайталангандыктан бир күндөн кийин тажатат. Өлкөдө бир нече өкмөттүк гезит чыгат. Алардын дизайны, башкы аталыштары Түркмөнстандын туусу сындуу жашыл түстө. Адамдарда жашыл өңгө өзгөчө бир жек көрүү сезими пайда болуптур. Ошон үчүн жашылга боёлгон гезиттерди сатып да алышпайт, гезит да окушпайт. Бир гана түрктөр чыгарчу “Заман” гезитин окушат экен. “Дүние адабиети” деген жаңы журнал чыга баштаптыр. Көпчүлүк ошол журналды окуйт. Башка түркмөн тилинде чыккан гезит-журналдарды окуган адам жок. Жолдо да китеп көтөргөн бир да адамды көрбөдүм.

Өлкөдө "эшик ырчылык" күчтүү өнүккөн. Ырлардын он проценти президент жөнүндө; телекөрсүтүүлөр менен радиоуктуруулар жалаң президент тууралуу, гезиттердин бир бети президент жөнүндө. Президентти мактоо өтө күчтүү жана кеңири жайылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG