Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Түркмөнстан сууну көп талап кылган ак алтынды өстүрүү үчүн талааларын Амур дарыясын буруп алып сугарат.

Дал ушул сыяктуу көрүнүштөр Арал деңизин кургакчылыкка алып келгени маалым. Климат алмашканынан улам Памирден Амур дарыяга куйган мөңгүлөрдүн көлөмү да кыскарышы ыктымал.

Борбор Азияда суу маселеси курч бойдон кала берүүдө. Сууга бай Кыргызстан менен Тажикстандын кошумча ГЭСтерди куруу пландарына Түркмөнстан жана Өзбекстан каршылык көрсөтүп келүүдө. Түркмөнстандын батышында Каспий деңизи бар жана өлкөдөгү Капетдаг тоо кыркаларында Тянь-Шань жана Памирдегидей дарыяларга куйган мөңгүлөр жок. Чөлдүү Түркмөнстандан Амур дарыядан тышкары, Мургаб жана Тежен дарыялары агып өтөт.

Дал ушул суу тартыштыгынан улам түркмөн дыйкандары өздөрүнүн өкмөт тарабынан бекитилген пландарын аткарууга жетишпей жаткандарын айтып даттанышкан.

Алардын бири - Ахал областындагы жерди ижарага алып иштеткен дыйкан "Азаттыктын" түркмөн кызматына буларды айтты:

- Биз суу жоктугуна арызданып, жергиликтүү айыл чарба башкармалыгына барсак, “силерге окшоп келгендер көп. Суу жок. Башкалар мындай кырдаалдан кандай чыкса, силер да ошондой кылгыла. Суу жок!” - деп кыйкырып жооп кайтарышты.

“Мен төрт гектар жерди ижарага алгам. Бүт керектүү талаа жумуштарын жасадым. Бирок март айынан бери суу жокко эсе", - дейт ал. "Эки жерге пахта эккем. Марттан бери эки эле жолу суу берилди. Жакында үчүнчү жолу суу келди. Мен эккен пахта үч жолу эле сугарылды”.

Бул жагдай борбор калаа Ашхабадга жакын жайгашкан Ахал областында гана эмес, Түркмөнстандын башка аймактарында да бар. Өлкөнүн чыгышындагы Мары областындагы Байрамалы шаарына жакын жердеги бир дыйкан да чыгым тартканын “Азаттыктын” түркмөн кызматына айтып берген.

Марылык дыйкан жерди ижарага алганы аз келгенсип, жер семирткич үчүн да итапкан акча короткон. Бирок суунун тартыштыгынан улам, пахта соолуп, түшүм берген эмес. Дыйкандын айтымында, суу болгону менен анын көлөмү пахта өстүрүүгө жетишсиз. "Бул курч маселени өкмөт билгени менен планды өкүмзордукка салып эле таңуулап коёт. Мындай көрүнүш Лебап областында да учурайт.

Ал эми жергиликтүү бийликтер суунун тартыштыгын жөнгө сала албайт. Ал тургай жоопкерчилиги жокко эсе, - деп айтты Гөзел Орозов.

Түркмөнстандын Борбордук банкынын мурдагы жетекчиси, учурда чет жакта бозгунда жүргөн Орозов жергиликтүү бийлик бул маселени чечүүдө алсыз экенин билдирди:

- Эч кандай каржылык же экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жок. Эч кандай жоопкерчилик системасы да жок. Бирөөгө айып такканга же бирөөнү күнөөлөгөндө гана жергиликтүү бийлик бар экенин эстешет. Жергиликтүү администрациялардын эч кандай бийлиги жок, маселелерди чечүүгө да таасири жок. Анан борбордук бийлик аларды шерменде кылып иштен кууп чыгат да, башканы отургузуп коёт.

Андан тышкары, Түркмөнстанда да мажбурлап пахта тердирүү жок эмес. Бирок ал Өзбекстандагыдай дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурган жок.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG