Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Турсунбек Акун тууралуу азилдерден


Укук коргоочу (учурдагы Акыйкатчы) Турсунбек Акундун турмушундагы тамашалуу окуялардын бири.


Ажылардын таарынышканы

Укук коргоочу Турсунбек ажы Акунов менен айтылуу Өзүбек ажынын катышы бар тура. Бир күнү Өзүбек ажы Турсунбек ажыны үйүнө конокко чакырат.

Турсунбек өз жубайын колтуктап алып барып калат.

Аш бышканча берки үй кожоюну болгон ажынын колуктусу көрүнбөйт.

- Өзүке, бу колуктуңуз бир жакка чыгып кеткенби?

- Жок, ал үйдө эле.

- Анда чакырбайсызбы, чогуу-чаран отуралы.

- Антүүгө болбойт, чоочун кишиге ал жүзүн көрсөтпөйт.

- Сиз менин үйүмө барганда жадырап-жайнап аялым менен сүйлөшүп, анын апакай колунан чыны чай алып, жыргап чайлашып отурасыз да, мен келгенде мындай кылганыңыз кандай? - деп укук коргоочу чындап ачууланыптыр.

Булак: кыргызстандык басылмалар.
XS
SM
MD
LG