Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

Армян чиркөөсү 750 жылдык китептин ээси


Армения президенти Серж Саргсян 2013-жылы колун коюп ант берген VII кылымдагы Библиянын кол жазма китеби.

Армения президенти Серж Саргсян 2013-жылы колун коюп ант берген VII кылымдагы Библиянын кол жазма китеби.

Лос-Анжелес шаарындагы атактуу Гетти музейи менен Армян Апостол чиркөөсүнүн талашы мунаса менен бүттү.

Музей 750 жылдык “Зейтун Евангелиясы” деп аталган кол жазма китепти Армян чиркөөсүнүн менчиги деп тааныды жана сотко кеткен бардык чыгымды жапмак болду. Ал эми чиркөө санжыргалуу кол жазманын сегиз барагын музейге берет.

Гетти музейи армян Библиясынын канондор жадыбалы тартылган сегиз барагын 1994-жылы АКШда жашаган армян үй-бүлөдөн бүгүнкү баа менен 1,5 миллион долларга сатып алган. Ал эми китептин калган бөлүгү эчен жылдан бери Еревандагы Байыркы кол жазмалар институту -Матендаранда сакталып турат.

“Зейтун Евангелиясы” деп аталган бул кол жазма китеп армян сүрөтчүсү Торос Рослиндин кыл калеминен 1256-жылы жаралган. Сүрөтчү -миниатюрист китепти христиан динин Рим империясындагы башкы динге айланткан император Константин Iге белекке берген.

Армян чиркөөсү "көөнө барактар Биринчи дүйнөлүк согуш кезде Евангелиядан мыйзамсыз жыртып алынган" деп, аларды кайтарып берүүнү жана келтирилген зыян үчүн 35 миллион доллар төлөөнү талап кылып жаткан болчу.

Беш жылга созулган соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында, Гетти музейи көркөмдөлгөн сегиз баракты чиркөөнүн менчиги деп тааныды. Чиркөө өз кезегинде музейге кунсуз барактарды 21 жыл аздектеп сактаганына ыраазычылык билдирип, алар мындан ары да музейдин экспонаты болоруна ынанды.

Армян чиркөөсүнүн жетекчилиги тараптар мунасага армян геноцидинин 100 жылдыгы белгиленип жаткан чакта келгенине кубанычта экенин билдирди.

- Доолашунун максаты - чиркөөнүн менчигин таанытуу жана уурулук армян геноциди кезде болгонун тастыктоо эле. Кыргын кийинки муунга абдан жаман таасир этти жана айрыкча армян чиркөөсүнүн маданий мурастары эбегейсиз жоголуусуна себепчи болгон,-дейт Армян чиркөөсүнүн кызыкчылыгын коргогон адвокат Ли Бойд.

Армян тарыхчыларынын ырасташынча, 1915-18-жылдары Осмон өкүмдарлыгы бийлик жүргүзүп турган чакта 1,2 миллион армян кырылган.

"Бул чечимге эки жак тең кубанычта. Эки жак тең утту" деп билдирди Гетти музейинин директору Тимоти Поттс. "Бул алардын менчигин таануу, бирок эмгек биздин коллекциянын ажырагыс бөлүгү катары калат”.

Чечимге ылайык, Армян чиркөөсү “Зейтун Евангелиясынын” барактарын музейге 1-январда расмий түрдө таберик кылат. Ага чейин музей баалуу сегиз баракты сейфте сактап, көрүүчүлөргө көрсөтө албайт.

АКШнын батыш жээгиндеги Гетти музейи үстүбүздөгү айда дүйнөдөгү эң мыкты 20 музейдин бири деп аныкталган. Ага жылына 1,3 миллион адам барат. Los Angeles Times гезитинин жазышынча, сегиз барак канондор таблицасы 1997-2010-жылдары Гетти музейинде 11 жолу жана Нью-Йорктун Метрополитен музейинде бир жолу көргөзмөгө коюлган.

Темага кошумчалай кетчү маалымат: Армян тилиндеги биринчи китеп “Урбатагрик” 1512-жылы Венецияда Акоп Мегапарттын демилгеси менен басмадан чыккан. Андан 72 жыл мурда немис Иоганн Гутенберг китеп басуунун техникасын ойлоп тапкан эле. Армян тилиндеги биринчи Библияны 1666-жылы Амстердамдагы Армян чиркөөсүнүн басмаканасында диниятчы - агартуучу Воскан Ереванци 5 миң нускада чыгарган. Ал китептердин экөө аябай аздектелип жасалып, бири француз падышасы Людовик XIVкө, экинчиси Рим Папасы Клемент IXга тартууланган. Андан көп узабай Ереванци Марселге көчүп, Людовик XIV уруксаты менен басмакана ачып, армян тилинде көптөгөн китептерди чыгарган. Ал 1671-жылы күмүш мукабалуу Библия чыгарат. Бул китеп эки жыл мурда Матенадаран илим изилдөө борборуна тартуу кылынган.

XS
SM
MD
LG