Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

БРИКС: талкууланчу маселе көп


Башкырстандын баш калаасы Уфада 8-июлда БРИКСтин саммити башталды.

Бразилия, Кытай, Орусия, Индия жана Түштүк Африканын башын бириктирген экономикалык уюмдун кезектеги жогорку даражадагы жолугушуусунда Греция кризиси, Украинадагы жаңжал жана Иранга каршы санкцияларды алып салуу ыктымалдыгы талкууланууда.

9-июлда беш өлкөнүн лидерлери адегенде тар чөйрөдө дүйнөдөгү бир катар маанилүү маселелерди, анын ичинде «Ислам мамлекети» радикал тобу жаратып жаткан коркунучту талкуулап, кийин кеңейтилген отурум жана документтерге кол коюу аземи өтмөкчү.

Орусия президенти Владимир Путин андан тышкары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Анын ичинен Кытай лидери Си Цзинпин менен шаршемби күнкү жолугушууга көп маани берилүүдө.

Владимир Путин
Владимир Путин

"Экономикада, эл аралык саясатта көптөгөн кыйынчылыктарга туш болуп жатканыбызды жакшы түшүнөбүз. Бирок биргелешип аракеттенсек, аларды жеңип, проблемаларды чече алабыз", - деди Путин.

Москва БРИКСтин дүйнөлүк саясатта жана экономикада маанилүү маселелерди чечүүдө стратегиялык, кеңири масштабдагы механизмдин айланышын көздөйт.

9-июлда БРИКС, Шанхай кызматташтык уюму жана Евразия экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин жетекчилери бейформал жыйынга чогулуп, региондогу кызматташтыкты күч алдыруу жолдорун сөз кылышмакчы.

Уфа шаары
Уфа шаары

Саммиттин алдында БРИКСке кирген өлкөлөр кризис учурунда бири бирине финансылык жардам берүү тууралуу макулдашып, жаңы түзүлгөн Өнүгүү банкынын жетекчилигин бекитишти. Иш жүзүндө кеп Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктын аналогу тууралуу жүрүүдө. Өнүгүү банкы пландар боюнча уюмга кирген өлкөлөрдө инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция салуу менен алектенмекчи.

Финансылык жардамдын жол жоболору жана өз банкын түзүү ниети тууралуу БРИКС мүчөлөрү өткөн жылы Бразилиядагы саммитте билдиришкен.

Кризис маалында көмөктөшүү үчүн шарттуу валюта резервинин кору пайда болмокчу. Анын жалпы көлөмү 100 миллиард долларга барабар болот. Кытай 41 миллиард, Бразилия, Индия жана Орусия 18 миллиард, Түштүк Африка 5 миллиард доллар салышты. Кайсы бир өлкө накталай акчанын тартыштыгына туш болсо, БРИКСтин борбордук банктары жардам беришмекчи. Каражат АКШ долларында берилип турат.

Шейшембиде уюмдун финансы министрлери Өнүгүү банкынын регламентин жана жетекчисин бекитишти. Жаңы финансылык структуранын алгачкы төрагасы болуп 6 жылга Индиянын өкүлү Кундапур Ваман Каматх тандалды.

Банктын максималдуу капиталы 100 миллиард доллар деп макулдашылды. Резевр бир нече жылдын ичинде толукталмакчы. Орусия бийлиги банкка чоң үмүт артышууда.

Банк каржылай турган биринчи долбоорлор жыл этегине чейин такталат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG