Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Сирия - Чоң Сегиздин негизги баш оорусу


Улуу Британия -- Коопсуздук чараларынан улам саммит өтүүчү Лох-Эрн курортун айланта узундугу 6,5 чакырым, бийиктиги 3 метр келген тикенек зым тартылды. 14-июнь, 2013.
Улуу Британия -- Коопсуздук чараларынан улам саммит өтүүчү Лох-Эрн курортун айланта узундугу 6,5 чакырым, бийиктиги 3 метр келген тикенек зым тартылды. 14-июнь, 2013.

Түндүк Ирландияда бүгүн Чоң сегиздин саммити башталууда. Эки күнкү жыйында эл аралык коопсуздуктун жана экономиканын бир катар проблемалары талкууланганы жатат. Күн тартибиндеги эң башкы маселелердин бири Сириядагы кризис болчудай.

Түндүк Ирландиянын Лох-Эрн курортундагы саммитке АКШ, Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Орусия, Жапониянын лидерлери чогулууда. Саммиттин конок ээси – Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон жогорку деңгээлдеги жыйынды утурлай белгилегендей, ал алдыда саммиттин катышуучулары “бири-биринин көзүн карап, тоскоолдуктарды жана пикир келишпестиктерди жеңип, алдыдагы турган проблемаларды чечүү боюнча саясий эркти көргөзүүсүн” каалар эле.

Мына ошол пикир келишпестикти жараткан маселе саммитте кайра эле Сирия болору күтүлүүдө. Анткени бул өлкөдөгү жаңжалды жөнгөрүүнүн жолдору боюнча Батыш менен Орусия орток пикир таба албай жатат.

Ак үйдүн айтымында, бул тема АКШ президенти Барак Обама менен орус президенти Владимир Путиндин эки тараптуу жолугушуусунда да үстөмдүк кылчудай.

Расмий Вашингтон өткөн аптада президент Башар Асаддын режими химиялык курал колдонгонун билдирип, эми козголоңчуларды курал менен жабдый турганын ачыктаган.

Орус президенти Путин болсо саммитти утурлай сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын Асаддын өкмөтүн курал менен жабдуу чечимин коргоп, Москва эл аралык мыйзамдарды кымындай да бузган жок деп ырастады:

- Эгер эмоцияга алдырбай туруп, ишти айтсак Орусия куралды Сириянын мыйзамдуу өкмөтүнө эл аралык укуктун нормаларына ылайык берүүдө. Биз эч нерсени бузган жокпуз, муну баса белгилеп кетким келет. Өнөктөштөрүбүздү да мына ушундай жол менен аракеттенүүгө чакырабыз.

Орус президенти өз тарабынан Батыш эмне үчүн адамдын органдарын жеген козголоңчуларга курал бергиси келет деп суроо салды:

- Мен силер деле жокко чыгарбайсыңар го деп ойлойм. Өз душманын өлтүрүп гана тим болбостон, камера жана эл алдында анын сөөгүн ачып, ички органдарын жегендерди колдоо жарабаса керек. Силер мына ушул адамдарды колдогуңар, ушул адамдарга курал бергиңер келип жатабы?

Путин бул сөздөрдү Лондондо британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн соң кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал мында буга дейре интернетке чыгып кеткен видеотасманы эске алды окшойт. Анда сириялык согушкер өкмөттүк аскердин жүрөгүн жеп жаткандай көрүнгөн.

Британдык “Индепендент” басылмасынынын жазганына караганда, орус президентинин соңку билдирүүлөрү Москванын Сирия боюнча туруму жумшарбасын ишара кылды.

Эки ортодо олуттуу пикир келишпестиктер бардыгын британ өкмөт башчысы Кэмерон да моюнга алды. Бирок ал саммит Сирия боюнча сүйлөшүүлөр башталышына жаңы дем бериши мүмкүндүгүнө ишеним билдирди:

- Бул согушта дээрлик 100 миң киши өмүрүнөн айрылды. Күндөлүк кылмыштар аймактын тарыхына улам тереңдеп кирүүдө. Өмүрү кыйылгандар саны ай сайын өсүп, Сирия аймак үчүн, баарыбыз үчүн улам коркунучтуу болуп бара жатат. Бул үрөй учурган жаңжал аягына чыгыш үчүн биз чогулуп туруп, колдон келгендин баарын жасообуз абзел.

Сириядан башка Чоң Сегиздин саммитинде салык, соода жана каржылык айкындуулук боюнча жаңы эл аралык келишимдердин долбоорлору каралары күтүлүүдө.

Чоң Сегиздин саммити адаттагыдай эле нааразылык акциялары менен да коштолчудай.

Британиядан түшкөн кабарларга караганда, мындан улам саммит өтүүчү Лох-Эрн курортун айланта узундугу 6,5 чакырым, бийиктиги 3 метр келген тикенек зым тартылды. Коопсуздук чараларына сегиз миңдей полицей тартылууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG