Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Украина БУУнун бейпилдик күчтөрүн чакырды


Дебальцеводон чыгарылган украин жоокер, 19-февраль, 2015-жыл
Дебальцеводон чыгарылган украин жоокер, 19-февраль, 2015-жыл

Украин бийликтери өлкөгө Улуттар Уюмунун бейпилдик күчтөрүн киргизүүнү сунуштады. Президент Петро Порошенко эл аралык күчтөрдү киргизүү өлкө чыгышындагы абалды жайгарууга өбөлгө болот деп ишенет.

Улуттар Уюмунун бейпилдик күчтөрүн киргизүүнү президент Петро Порошенко Коргоо жана коопсуздук кеңешинин 18-февралдагы чукул жыйынында сунуштады. Порошенко өлкөгө эл аралык миссиянын келиши “коопсуздуктун эффективдүү жана бекем кепилдиги” болмок деп ишенет:

- Бүгүн БУУнун бейпилдик күчтөрүн Украинага чакыруу маселеси сунушталат. БУУнун тапшырмасы менен Европа биримдигинин полиция миссиясын киргизүү максатка ылайык болот.

Украин президенти эң оңтойлуу вариант катары ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүүнү эп көрөт. Президенттин мындай сунушун Коргоо жана коопсуздук кеңеши жактырды.

Киевдин бул сунушуна орусиячыл жикчилдердин пикири каршы.

Жикчилер жарыялаган “Донецк элдик республикасынын” лидерлеринин бири Денис Пушилин орусиялык медиа каражаттарына БУУнун тынчтык күчтөрүн киргизүү Минскте кабыл алынган элдешүү келишимине каршы келээрин айтса, жикчилдердин аскер командирлеринин бири Эдурад Басурин буга каршы эместигин билдирген.

- Жаңжал башталган учурда эле Орусия баш болгон БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө бул маселени талкуулап, бейкуттукту сактоо күчтөрүн киргизүүнү суранганбыз. Анда биздин сунушту четке каккан. Эгер киргизгиси келсе, биз каршы эмеспиз. Киргизе беришсин.

Ал эми Орусиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Виталий Чуркин «Порошенконун сунушу Украинанын Минск келишимин аткаруу ниетинен суроо туудурат” деп билдирди.

12-февралда Минск шаарында Германия, Франция ортомчу болуп жетишилген келишимге ылайык, 15-февралда түн ортосунда ок атышуулар токтотулуп, эки тарап тең майдан талаасынан оор техникаларын, украин армиясы азыркы согуш линиясынан чыгарылмак.

Бирок келишимге карабай жикчилдер аймактагы “тогуз жолдун тому саналган, стратегиялык Дебальцево шаарына чабуулду токтоткон эмес. Алар шаардын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп, украиналык аскерлерди курчоого алган. 18-февралда украин аскерлери шаардан чыгарыла баштаган. Президент Порошенко калаадан 2 жарым миңден ашык аскер чыгарылганын билдирди. Аскерлер Дебальцеводон “пландуу жана уюшкан тартипте” чыгарылды деп, шаар үчүн соңку салгылаштарда алты жоокер набыт болуп, 100гө жакыны жараат алганын президент Порошенко кошумчалады.

Бирок украин аскерлеринин бири “Франс-пресс” агенттигине шаардан чегинүү боюнча эч кандай буйрук болбогонун, оор техникалар чыкканын көрүп, аскерлер ээрчип чыгышканын айтып берген.

Ал эми калаадагы журналисттер шаардагы өлүкканадан кеминде үч украин жоокердин сөөгүн көргөнүн жазышты. Жикчилдер болсо бир нече күнгө созулган Дебальцеводогу салгылашта үч миңге жакын украиналык аскер курман болуп, үч жүзгө жакыны туткунга түшкөнүн кабарлашууда.

Amnesty International уюму эки тарапта тең туткундарды кыйноо фактылары болгонуна чочулоосун билдирди.

Украин жоокерлери Дебальцеводон кетип жатат, 18-февраль, 2015-жыл
Украина: жоокерлер Дебальцеводон кетип жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:17 0:00

Эл аралык коомчулук Украинадагы абалга тынчсыздануусун билдирип жатат.

Германия орусиячыл жикчилдердин Дебальцеводогу аракети 12-февралда кол коюлган Минск тынчтык келишимине болгон "үмүттү азайтат" десе, Франция “келишимди жокко чыгарбоо үчүн бардык аракеттер жасалышы керек” деп билдирди. НАТОнун баш катчысы Женс Столтенберг жикчилдердин ок атышпоо шартын бузганы Минск келишимине коркунуч туудурат деди. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Дебальцоводогу кырдаал Украинадагы согушту токтотуу үчүн пайдаланылбашы керектигин айтты.

Ал эми Британия Украинанын чыгышында Орусияда чыккан эң жаңы үлгүдөгү зениттик-артиллериялык куралдын сүрөтүн жарыялады. Жикчилдердин “Панцир С1”үлгүсүндөгү ракеталык системаны пайдаланганы Москванын жикчилдерге курал-жарактан жардам бергенин көрсөтөт деп билдирди британ бийликтери.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG