Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Украина: эрегиш дипломатияда уланууда


Киев, Майдан. 3-декабрь, 2013-жыл
Киев, Майдан. 3-декабрь, 2013-жыл

Киевде мөөнөтсүз нааразылык акциянын катышуучулары өкмөт үйүнүн жанында пикетин улантууда. Алар Микола Азаров жетектеген өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылууда.

Өкмөт үйүн милиция тегерете күзөтүүдө. 4-декабрда Украинадагы кырдаалга байланыштуу дипломаттык эрегиш Брюсселде да уланды. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров тыш өлкөлөрдү Украинада жагдайга кийлигишпөөгө чакырды жана оппозициянын аракетин агрессивдүү деп мүнөздөдү. Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле Украинадагы кырдаал Евробиримдикти да тынчсыздандырганын билдирди.

Шаршемби күнү Брюсселде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров НАТО өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен эки жактуу мамилелерди талкуулады. Жыйындан кийин Лавров НАТОнун Украинадагы кырдаалга эмне үчүн кийлигишкенин жана украин бийликтерин демонстранттарга ашыкча күч колдонду деп сындоо жүйөсүн түшүнбөгөнүн билдирди:

- Биз муну Украинанын ички иши деп билебиз. Мен оппозициянын агрессивдүү аракеттеринин масштабын түшүнбөйм. Украин саясатчылары абалды Конституциянын нугуна түшүрөт деп эсептейбиз, биз муну колдойбуз жана эч кимди бул жагдайга кийлигишпегенге чакырабыз.

Шаршемби күнү эртелеп НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен бардык тараптарды сабырдуу болуп, диалогго барууга үндөгөн эле.

Президент Виктор Янукович Евробиримдик менен тыгыз кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол койгондон баш тарткандан улам өткөн жумада Киевде жана башка украин шаарларында калың эл катышкан демонстрациялар болгон. Полиция нааразыларды ур-токмокко алгандан кийин, жекшемби күнү Киевде 350 миңден ашуун адам көчө жүрүшүнө чыккан. Бул 2004-жылкы Кызгылтым ыңкылаптан берки эң чоң нааразылык акциясы болду.

Украинанын НАТОдогу элчиси Игорь Долгов Брюсселдеги жыйында өлкөдөгү абалды кризис деп атай албаганын айтты:

- Мен көрүп жатам жана мага Киевден келген жаңылыктар калың эл катышкан демонстрациялар Украинанын Европага интеграциялануусун колдогонун тастыктайт. Бул менин президентим жана учурдагы өкмөт жүргүзгөн сырткы саясаттын негизги багыты. Мен кризисти көргөнүм жок. Мен мындан элдин, өзгөчө, жаштардын жараянды тездетүү же Евробиримдик менен мамилени жандандыруу жана Ассоциациялык келишимге мүмкүн болушунча ыкчам кол коюлсун деген тилегин көрүүдөмүн.

Укриананын премьер-министри Микола Азаров митингдерди токтотууга чакырып, оппозицияны саясий жагдайды курчутууда деп сындады:

- Эч кандай конструктивдүү максаты жок кээ бир саясий күчтөр көчө нааразылыктарын уюштуруп, зобун-зомбулукка түртүшөт, административдик жана коммуналдык имараттарды мыйзамсыз ээлеп, өкмөттүк мекемелерди камоого алууда. Бул кылмыш.

Оппозиция болсо өкмөт отставкага кетмейинче, нааразылык акцияларын токтотпогонго чакырууда. УДАР партиясынын лидерлери, мурдагы дүйнө чемпиону Виталий Кличко 4-декабрда Киевдеги маалымат жыйынында сүйлөп, жарандарды өкмөттү кулатуу үчүн бар аракетин жасаганга чакырды:

- Биз баарын жасайбыз жана ар бир адамды азыркы бийликке кысым жасап, анын отставкага кетүүсү үчүн тийиштүү кадамдарды жасоого үндөйбүз.

Мурунку президент Ви́ктор Ю́щенко болсо Микола Азаровду «абийир-намысы бар экенин көрсөтүп» өз ыкласы менен премьерликтен кетиши керек дейт.

Евробиримдик да окуяны сырттан байкап турган жок. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын төрагасы Ранко Кривокапич 4-декабрда украин парламентинин спикери менен жолугуп, Жогорку Раданын оппозиция менен диалогго баруусун сурады. Бейшемби-жума күндөрү ЕККУ Киевде министрлер деңгээлинде жыйналыш өткөрөт. Германиянын тышкы иштер министри Вестервелле Киевде береги жыйындан тыш убакта эки жактуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн, себеби Украинадагы абал Европаны да камтама кылганын билдирди.

Шаршемби күнү Москвага барган Украинанын вице-премьери Юрий Бойко Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен экономикалык кызматташуу, анын ичинде газ сатып алуу маселесин сүйлөштү. Киев Москва газды арзан баада берет деген үмүттө.

Президент Янукович болсо Кытайдан финансылык жардам издеп, Бээжинде расмий сапарда жүрөт.

XS
SM
MD
LG