Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:46

Украин оппозициясы президенттин колун кыскартмак болууда


Төбөлсүздүк майданындагы антиөкмөттүк протестчилердин чатырлары. Киев, 4-январь 2014

Төбөлсүздүк майданындагы антиөкмөттүк протестчилердин чатырлары. Киев, 4-январь 2014

4-февралда Украина парламенти - Жогорку Раданын кезектеги жыйыны башталды. Оппозиция күн тартибине конституцияга өзгөртүү киргизип, президенттин бийлик укугун азайтууну жана 2004-жылкы конституцияга кайра кайтууну талап кылууда.

Украин оппозициясынын лидери Арсений Яценюк 3-февралда Жогорку Раданын мүчөлөрүнө кайрылып, президенттин бийлигин чектөө үчүн конституцияга өзгөртүү киргизүүгө жана 2004-жылкы саргылтым революция кезде кабыл алынган конституцияга кайтууга чакырды:

- Кырдаалды турукташтыруунун бирден бир жолу - башкаруунун конституциялык жолун калыбына келтирүү жана 2004-жылдын конституциясына кайта баруу. Президенттин диктатордук бийлиги жок кылыныш керек.

Яценюк өткөн жумада президент Виктор Януковичтин премьер-министр болуу жөнүндөгү сунушуна макул болбой койгон. Эки айдан бери басылбай жүрүп жаткан антиөкмөттүк протестчилер колдогон оппозициянын кысымынан улам парламент уруксатсыз митингдердин катышуучуларын жазалоону катаалданткан мыйзамды жокко чыгарган жана полиция менен кагылышта камакка алынган демонстранттарга мунапыс берген. Ага карабай оппозиция Януковичтин президенттиктен кетүүсүн жана кезексиз шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.

Төрт күн табы качып, ооруп жаткан президент Янукович 3-январда кызматка чыкты. Анын Жогорку Рададагы өкүлү Юрий Мирошничен эгерде саясый кризис тынч жол менен жөндөлбөсө, же саясатчылар өз ара тил табыша албаса, мамлекет башчы мөөнөтүнөн эрте парламенттик жана президент шайлоо өткөргөнгө макул экенин билдирди.

Протестчилер Янукович чукул кырдаал абалын киргизип, алардын Киевдин ортолугундагы нааразылык конушун жана баррикадаларын полицияга тазалатат деп коркуп жатышкан.

Антиөкмөттүк чыгуулар Янукович ноябрда Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол коюдан баш тартып, Москвага ыктап кеткенде башталган. Ошондо Орусия Киевге 15 миллиард долларлык кредит сунуш кылган. Москва анын 3 миллиард долларын берип, бирок калган 2 миллиард долларлык траншты Украинада жаңы премьер-министр дайындалса берилет деп токтотуп койгон.

Кремль кечээ дүйшөмбү күнү украин оппозициясынын лилдерлерин “коркутууларды жана ультиматумдарды” коюп, өкмөт менен кризистен чыгуунун жолун чогуу издегенге үндөдү.

Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Эштон 4-январда кечинде Киевге учуп келип, Янукович жана оппозициянын башчылары менен кездешет. Эштон айымдын айтымында, Евробиримдик жана АКШ ушу тушта Украинага жардам берүү боюнча пикир алмашууда.

Бул сүйлөшүү баштапкы этабында экенин АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Жен Псаки 3-январда маалымдады:

– Бул эң баштапкы этапта турат. Биз - Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Катерин Эштон айткандай – Биримдик жана башка өнөктөштөр менен көмөктөшүү жагын кеңешүүдөбүз. Жаңы техникалык өкмөт түзүлгөндөн кийин жана өлкө Эл аралык валюта фондусунун жардамы менен экономикалык оңолуу жолуна түшкөндө Украинага жардам керек болушу этимал.

Брюссел Киевге финансылык жардам берүү жагын караштырып жатканын Еврокомиссиянын төрагасы Хосе Мануэл Барросу ырастады. Бирок обол Украина саясый кризисти биротоло басыш керек. Барросу ошол эле учурда, Евробиримдик Украинаны өзүнө тартуу үчүн “ким көп берет деген атаандаштардын жарышына” катышпасын баса белгиледи.
XS
SM
MD
LG