Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Путиндин сапарына митингчилер жолтоо болбойт


Текебаевди колдоочулардын митинги.
Текебаевди колдоочулардын митинги.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди бошотуу талабы менен өтүп жаткан митингдин катышуучулары мыйзамсыз кадамдарга барышпайт. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев “Азаттыкка” билдирди:

-Орусиянын президенти Владимир Путин эч нерсе кылган жок, бул биздин бийлик менен чечишип жаткан маселебиз. Жол тосуп же борбордук аянтта митинг уюштуралы деген оюбуз жок. Орусиядан миллиондон ашык мекендештерибиз иштеп жатышат, ошондуктан, биз мыйзам чегинде гана иш алып барабыз.

27-февралда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди Биринчи Май райондук соту эки айлык мөөнөт менен камады. Текебаев тергөө учурунда УКМКнын абагында кармалат. Анын тарапташтары бошотуу талабы менен мөөнөтсүз митингин уланта берерин билдиришүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG