Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Таластан Дача айылына гуманитардык жардам жиберилди


Учак кырсыгынан жабыр тарткандарга Талас облусунун тургундары алгачкы гуманитардык жардамды жөнөттү.

Учурда Бишкекке сапар алган жүк ташуучу унаада 60 кап ун, 500 кг кесме, 200 литр май, 150 кг күрүч жана кийим-кечек, жууркан-төшөктөр бар. Жардамга негизинен жеке ишкерлер менен жай тургундар кол кабыш кылганын жардам кабыл алуучу пункттун өкүлдөрү билдирди.

Мындан тышкары, облустун ар бир районунун жашоочулары тарабынан 250 миң сомго жакын акчалай жардам чогулду.

Ал эми мамлекеттик мекемеде иштегендер бир күндүк айлык маянасын авиакырсыктан жабыркагандар үчүн которгон.

16-январда Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортуна жакын Дача айылына Гонконг-Стамбул багытындагы “Боинг-747-400” жүк учагы кулап, 38 адам мерт кеткен.

Каза болгондордун төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары айыл тургундары. Көз жумгандар арасында балдар да бар. (AlS)

XS
SM
MD
LG