Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

Украин архитекторлору эки өлкөнүн алакасын көпүрө аркылуу чагылдырууну көздөп, Киевде көргөзмө ачышты. Анда Керчь көпүрөсү илгертен эле саясий куралга айланып келгени айтылат.

Киев шаарында учурда демейдегиден өзгөчө, саясий-сатиралык көргөзмө өтүүдө. Ал “Жакшыраак, жаман, андан жаман” деп аталат жана өлкөлөр ортосундагы мамилени көпүрө аркылуу чагылдырат.

Адатта көпүрө достукту, биримдикти туюндурганы менен иш жүзүндө ал аскердик жана баскынчылык максатта көбүрөөк курулган деген авторлор Крым менен Орусияны бириктирчү Керчь көпүрөсүн мисалга келтиришет.

Крымды аннекциялагандан кийин аны Орусия курмакчы болгон. Керчтин тарыхына токтолгон көргөзмө авторлорунун бири, сүрөтчү-архитектор Александр Бурлака ал кандайча согуш менен баскынчылыктын символуна айланганын белгилейт:

- Биз Керчь көпүрөсүнүн тарыхын алдык. Аны Кавказды басып алуу үчүн алгач Гитлердин улутчул аскерлери кура баштап, аягына чыгышкан жок. А кийин Сталин бүтүргөн соң агып келген муздар талкалап салган. Эми аны Орусия кура турган болууда. Биз муну “Гитлер-Сталин-Путин” деп атадык жана элдин көңүлүн бура алат деп мисалга алдык.

Крымды бейиш деп эсептеген Гитлер көпүрө аркылуу өтүп, а жерге аскерлерин жайгаштыргысы келип, бирок тилеги ишке ашпайт. Кийин Сталин максатына жетип, Крымга советтик флоттун аскерлери жайгаштырылган. Авторлор Путин да жарым аралды ири инфраструктуралык долбоорлордун аймагы, бүткүл орусиялык санаторий, ыйык жер катары көрөрүн белгилешет. Бул авторлор айткысы келген маанинин бирөө.

Экинчиси - көпүрө эбак саясий оюнга айланганы түрдүү чыгармалардан алынган цитаталар коллаждар менен берилген. Алардын ортосуна көпүрөнүн кадимки кесмеден жасалган макети чапталган:

- Мындай кесмени студент-инженерлер көпүрөнүн макетин жасаш үчүн көп колдонушат. Биз да муну алгач бышырып, анан кургаттык. Бул кулакка илинген кесмелерден чогултулуп жасалган, идеологиялык конструкция катары кабылданган көпүрөнүн образы - дейт Бурлака.

Мындан тышкары авторлор шайлоо учурунда саясатчылар Керчь курулуп бүтөт деп элди көп алдашарын эскертишет. Орусия азыр аны колго алып, 19 чакырымга созулган, 210 миллиард рубль турган долбоорду 2019-жылга чейин куруп бүтүрө турган болууда. Колдон келчү иш болгону менен авторлор анын жүзөгө ашарынан күмөн санашат.

Жакында эле курулуш аймагынан теги белгисиз архитектуралык табылгалар чыкты делип, ал долбоор кечиктириле турганын эскерткен көргөзмө авторлорунун бири Иван Мельничук:

- Мен курулуштун белгисиз жылдарга созулушун Атлантиданы таап алдык деп, ошого байланыштырышса деле таң калбайм, - деп кер-какшык узатты.

Ал эми экинчи залда Евразиянын ондон ашуун картасы жайылган. Анда Европа менен Орусиянын алакасындагы түрдүү эпизоддор чагылдырылган. Муну менен алар европалык империялар менен Орусия дайыма өз таасирин кеңейтүүгө далалаттанып, ал эми Украина менен Крым ошол саясий жана аскердик мүдөөнүн бутасы болуп келгенин көрсөткүлөрү келген.

Карталардын биринде Украина да, Орусия да бир топ мамлекеттерге бөлүнүп кеткени көрсөтүлгөн. Муну менен авторлор орустардын Украина зыркыраса экен деген, ал эми украиндердин Орусия бүлүнсө деген купуя тилектерин сатиралык мүнөздө көрсөткүлөрү келген. Көрсөтмө украин баш калаасында 27-мартка чейин уланат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG