Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

Донецкиде 298 жүргүнчү, анын ичинде 80дей жаш баланын өмүрүн алган учактын кулап түшкөнү үчүн Москва менен Киев бири-бирин айыптаган билдирүү таратышты. Ким күнөөлүү? - деген суроого жакынкы күндөрү жооп табылышы мүмкүн.

Ар кандай оюндан акыр-аягында от чыгат эмеспи. Айрыкча опурталдуу неоимпериалисттик, геосаясий оюндардан. Ошол накыл сөздүн маңызы кечээ күнү нака чынга чыкты: бортунда 298 жүргүнчү бараткан Малайзиянын Боинг-777 лайнери Донецкинин үстүнөн баратып алоолонуп кулап түштү. Бүт дүйнөдө шок, нааразылык, кыжаалат болгон мамлекеттер, ачуусун жашыра албаган дүйнө лидерлери, буркурап ыйлаган тууган-туушкандар…

Жүргүнчү учакты ким атты деген суроого жооп башында эле түшүнүктүү болсо да, интернетке чыккан сепаратисттердин үнү, телефондошкону, бири-бирине аскерий эмес, жүргүнчү учагын мээлеп алганын, адамдардын денеси ар кайсы жерде жайнап жатканын моюнга алган сөздөрү баарын орду-ордуна койгонсуду. Киев менен Москва бири-бирине күнөө жаап, ар кимиси бул кырсыктан саясий упай алганга аракетин жасаганы менен интернеттин материалдары көзгө сайгандай таамай аргумент болуп жайнап чыга келди.

Ушул тапта Путиндин опурталдуу оюнуна, тынч жаткан калктарга бүлүк салган неоимпериалисттик аракеттерге жини кайнаган адамзат теле менен радионун жанынан чыкпай, айрыкча Голландия менен Малайзия терең траурда отурган кези. Өзгөчө алапайын таппай чебеленген киши -- Орусия президенти. Анан калса мындан эки эле күн башта Орусиянын курал чыгарган ишканаларына каршы АКШнын жаңы санкциялары жарыяланган эле. Ошондон улам баалуу кагаздардын дүйнөлүк базары будуң-чаң түшүп, менмин деген орус фирмалары миллиарддаган каражаттарынан айрылуу коркунучунда турган болчу. Дал ошол мезгилде Малайзиянын учагы жерге кулады...

Тарых эки жолу кайталанабайт, кайталанса же тамашага, же маскарага тушугат деген учкул кеп бар. Анын сыңары азыркы орус геосаясаты аргасыз эсил кайран СССРдин жаңылыштыктарын эске салууда. Маселен, 1979-жылы СССР Ооганстанга аскер киргизип, Кабулга коммунисттик бийлик орноткондо Москвада өтө турган Олимпиадага 50 мамлекеттин спортсмендери бойкот катары келбей койгон эле. Ал эми 1983-жылы Сахалиндин үстүнөн учуп бараткан Түштүк Кореянын Боинг-747 учагы советтик истребителдердин күчү менен атып түшүрүлүп, бейкүнөө адамдар Охот деңизинин үстүнө чамындыдай чачыраганда антисоветтик кыжырлануу бүт дүйнөгө тараган болчу. Ошентип СССР катар-катар санкцияларга тушуккан, экономикасы итке минип, рубль “жыгач” деген наамга конгон, акыры эсил кайран Союз алеки заматта туш-тушка тарап кеткен.

Мына эми ошол сценарий, ошол трагедиялуу кырсык кайрадан кайталанууда. Бул тарыхтын тамашасыбы же кокустук менен капилеттен кайра кайталануусубу? Суроо, ар кандай ой жоруу, ошону менен бирге кыжалаттык…

Ооба, бул опурталдуу оюндардын башы мурунку советтик республикаларды бир чеңгелге топтоп, Москванын эркине көндүрүү аракетинен башталган. Бажы бирлигине эмес, Европа шериктештигине баш бурганы үчүн азыркы орус бийлиги ачыктан-ачык кызганычтык кылып, Украинага саясий оюндардын отун жаккан. Акыры таптакыр башка мамлекеттин жери саналган Крымды зордук менен кошуп алып, Донбасс менен Лугансктан сепаратизмдин отун тутантты. Ошол оюндан минтип өтө опурталдуу от чыкты. Учурда Чыгыш Украинада ич ара согуштун өртү улам күчөп бараткан кез. Украинанын регулярдуу армиясында жок курал-жарактар менен зениттик замбиректер, ал гана эмес “Бук” сыяктуу өтө бийикте бараткан учактарды атып түшүрчү системалар азыр орусчул сепаратисттердин колуна тийген. Путин жардам берээрине, керек болсо орус армиясы Киевдин өзүнө кара таандай каптап кирээрине ишенип алган сепаратисттер Украинанын бир канча транспорттук учагын, тик учактарды атып түшүрдү.

Илгери улуу орус жазуучусу Николай Гоголь суроо салган экен: “Кайда, кай жакты көздөй удургуп баратасың, энекебай Русь?” Ошол суроо азыр да акылга келип, аргасыз ойго салат: кайда баратат бул оомолуу-төкмөлүү орус калкы, орус дөөлөтү? Откобу, чоккобу? Жакшылыккабы же жамандыккабы? Жооп азырынча жокко эсе.

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG