Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Кыйраган учакта өлгөндөрдүн сөөгүн чогултуу башталды


Украина -- Учак кыйраган жерде тургандар, Донецк облусу.
Украина -- Учак кыйраган жерде тургандар, Донецк облусу.

17-июлда кыйраган малайзиялык учакта каза тапкан 298 кишинин 200дөйүнүн сөөгү талаа-түздө чогултулуп, үч күндөн кийин муздаткыч орнотулган вагондорго жеткирилди. Орус жана украин маалымат агенттиктери кеминде 196 кишинин сөөгү табылганын, дагы далайы өрттөнүп кеткенин кабарлашты.

Орусиячыл жикчил күчтөр көзөмөлдөгөн аймакта үч күндөй мээ кайнаткан ысык талаада кароосуз жаткан жүздөгөн адамдын сөөгү, алардын жеке буюм-тайымдары дүйнөлүк телеканалдарда улам көргөзүлүп, көпчүлүктүн зээнин кейитип, жакынын жоготкондордун чыдамын кетирди. Ишембиде учак кыйраган жерге барууга аракеттенген ЕККУнун өкүлдөрүн ал жерди кайтарган орусиячыл күчтөр асманга ок атып киргизбей коюшкан. Ошол эле маалда тегерек-четтеги айыл тургундары учактын түтүн чыккан сыныктарын, ар кайсы жерде жаткан адамдардын сөөктөрүн, оозу ачылган сумка-чемодандарын аралап жүргөн сүрөттөрү чет элдик маалымат каражаттарында байма-бай көргөзүлүп жатты.

Кыйраган учакта эң көп жаранын жоготкон Голландиянын премьер-министри Марк Рутте ишембиде кечинде орус президенти Владимир Путинге телефон чалып, ачуулана сүйлөшкөнүн айтты:

- Трагедия болгон жерден тартылган сүрөттөрдү көрүп, эстен тана жаздадым. Ал жерде өлгөн адамдардын ар-намысын тебелеген, иликтөө иштерине каршы аракеттер жүрүп жатат. Адамдардын өлүгү, алардын буюмдары чачыраган кеңири аймакты тиешеси жок адамдар аралап, аңтарып жүрүшөт. Бул акылга сыйгыс нерсени көргөндөн кийин Орусиянын президентине телефон чалдым. Дүйнө коомчулугуна жардам берүүгө акыркы шансы бар экенин айттым. Ал жердеги козголоңчулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, Голландия жана жалпы эл аралык коомчулук күтүп жаткан ыкчам аракеттерди көрүшү керектигин талап кылдым.

Ушундай катаал сүйлөшүүдөн кийинби, айтор эки суткадан ашуун ачык ай-талаада ысык күндө кеңири аймакта чачырап жаткан адамдардын сөөгүн чогултуп жыйноо, аларды тийиштүү жайга жеткирүү иши ишембиде кеч бешимде башталды. Аны Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери менен орусиячыл козголоңчулар бирге жүргүзүштү.

Жекшембинин таңында Украинанын Коопсуздук кеңешинин өкүлү Андрий Лысенко буларды билдирди:

- Азыркыга дейре 32 чарчы километр аянтты текшерип чыгып, 196 адамдын сөөгү табылды. Сөөктөрдү козголоңчулар кайда алып кетип жатканын билбейбиз.

Аңгыча жекшембиде кечинде өз алдынча Донецк Элдик Республикасы деп жарыялап алган аймактын премьер-министри Александр Бородай маалымат жыйынын өткөрүп, күндүн ысыгынан жана жапайы жаныбарлардын көбөйүп кеткенинен улам өлүктөрдү чогултуу иши тездетилгенин, алар апаат болгон жайдан 15 чакырымдай алыстагы Торез калаасынын темир жол вокзалында муздаткыч орнотулган вагондорго жайгаштырылганын билдирди.

Бородай жекшембиде кечинде Малайзия жөнөткөн 12 эксперт ал жерге келээрин, кийинки аракеттер алар менен бирге чечилээрин кошумчалады. Ал ошондой эле малайзиялык учактын кара кутучалары деп болжолдонгон буюмдар табылганын, алар эл аралык инспекторлорго өткөрүлүп берилээрин билдирди. Украин бийликтери учакка тийиштүү бардык буюм-тайым, адамдардын сөөгү эл аралык экспертизадан өтүшү керектигин, андай иштер үчүн Харьков шаарында атайын жай даярдалганын кабарлашты.

ЕККУнун инспекторлор тобу жекшембиде учак кыйраган жерде иликтөө иштерин баштады. Учактын ээси Малайзия аба жолдору, Малайзия өкмөтү шашылыш жөнөткөн адистер жана эл аралык аба коопсуздугу боюнча эксперттер ал жерге жекшембиде кечинде бараарын аймакты көзөмөлдөгөн козголоңчулар ырасташты.

Франция, Германия, Британия лидерлери биргелешип тараткан билдирүүдө "орусиячыл козголоңчулар эл аралык адистердин иликтөө иштерине бардык шарттарды түзүп бериши керектиги, антпесе алар үчүн жоопкер тарап катары Москвага каршы Европа Биримдиги катаал санкцияларды 22-июлда киргизээри" эскертилет.

Дагы бир жолу эске сала кетели, 17-июлда Амстердамдан Малайзиянын борбору Куала-Лумпурга учуп баратып, Украинанын Донецк облусунда кыйрап кулаган учакта 12 өлкөнүн жарандары болгон. 192 адам Голландиянын, 44ү Малайзиянын, калганы Австралия, Индонезия, Британия, Германия, Бельгия, Филиппин, Канада, Жаңы Зеландия жана Түштүк Африканын жарандары экен. Бир голландиялык аял АКШнын да жараны болгон.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG