Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Крым Орусияга кеттиби?


Орусиялык ыктыярчылар Крым парламентине барчу жолду тороп турушат. 6-март, 2014-жыл.
Орусиялык ыктыярчылар Крым парламентине барчу жолду тороп турушат. 6-март, 2014-жыл.

АКШ, Еврошаркет жана Украина бийликтери Крым автоном республикасынын Орусияга кошулуусун караган референдумду эл аралык укукту бузган иш катары кескин айыпташты. Референдумга жергиликтүү татар жамааты да каршы чыгып, добуш берүүнү бойкоттоого чакырды.

Бейшемби күнкү добуш берүүдө Орусия федерациясынын курамына кирүү жөнүндөгү сунушту Крым парламентинин сессияга келген 78 депутаты колдогон, 22си жыйынга катышкан эмес.

Автоном республиканын вице-премьер-министри Рустам Темиргалиевдин айтымында, Орусияга кошулуу жөнүндөгү чечим ал кабыл алынгандан тарта күчүнө кирет жана 16-мартка мерчемделген референдум Крымдын эли парламент чечимин бекитүүсү үчүн гана жасалат.

Украин президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов Крым парламентинин чечимин “фарс” деп атады жана өз ыйгарым укугуна таянып, аны жокко чыгарганын жарыялады.

Ал эми премьер-министр Арсений Яценюк Брюсселде жүргөн жеринен:

- Бул мыйзамсыз чечим. Эч кандай укуктук негизи жок. Ушундан улам биз Орусия өкмөтүн Украинада сепаратизмди жактагандарды колдобоого чакырып жатабыз. Крым Украинанын курамында болгон жана анын бөлүгү бойдон калат.

Байкоочулар Крымдын азыркы бийликтеринин кадамдарын Орусия менен кеминде 28-февралдан бери координацияланган иш-аракеттеринин натыйжасы катары баалашууда.

Анткени дал ушул 28-февраль, Орусияныкы делген аскер күчтөрү Крымдагы эки аба бекетин ээлеген күнү Орусия Мамлекеттик думасына өлкө курамына жаңы субъекттердин кошулуусун жөнөкөйлөштүргөн мыйзам долбоору сунушталган эле.

Мыйзамга демилгечи болгон “Адилеттүү Орусия” фракциясынын лидерлери бир күн алдыда атайын сапар менен Крымга барышкан.

Думанын КМШ иштери боюнча комитетинин башчысы Леонид Слуцкийдин айтымында, алар бүгүн Москвада Крымдын депутаттарын кабыл алышмакчы. Орусия курамында жаңы субъектилердин кошулуусун жеңилдетүүнү караган мыйзам Крымдагы референдумдан кийин талкуулана баштайт:

- Мамлекеттик Дума бул тема боюнча кандай мыйзам долбоору болбосун карайт. Бирок ал үчүн референдум өтүп, бул маселе боюнча Орусия Федерациясынын жетекчилиги бир тыянакка келиши керек. Анткени бир чечимге келүү Орусия жетекчилигинин ыйгарым укугундагы иш.

Крымдын өзүндө болсо калктын азчылыгы менен көпчүлүгү эки жээкте тургандай. Орус жамаатынын лидерлеринин бири Сергей Цеков парламент чечимин “Ата Мекенге кошулуу” катары баалады.

- Бул биз Ата Мекенибизге кайра кошулдук дегенди билдирет. Узак жылдар бою биз анын бөлүгү болгонбуз да. Мен крымдыктардын көбү буга кубанат жана референдумда биздин чечимди колдойт деп ишенем.

Автоном республикада азчылыкты түзгөн крым татарларынын лидерлери болсо референдум идеясын айыптап чыкты. Татарларды Крым жарым аралынын түпкү эли деп атаган Рифат Чубаров:

- Крым татар элинин Межлиси бул референдумду тааныбайт. Ага катар Крымдын бардык жашоочуларын улутуна карабай, референдумду даярдоо этабын жана добуш берүүнү толугу менен бойкоттого чакырабыз.
Рифат Чубаровдун пресс-жыйында сүйлөгөн сөзү

Крым татарларынын Межлиси референдумга бойкот жарыялады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00

АКШ жана Еврошаркет бийликтери Крымдагы референдумду эл аралык мыйзамды бузуу катары мүнөздөп, анын жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын билдиришти.

Крымдагы жана Орусиядагы мыйзамгерлердин бул ишти укуктук жактан кынтыксыз кылуу аракеттерине карабай, байкоочулар баамында, ага расмий Киевдин жана Украинанын калган калкынын тартылбаганы “аймактык бүтүндүк” деген түшүнүктү бузуу, Москванын Крымды аннексиялап алуусу иретинде кабыл алынат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG