Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Митингчилер кайра Ала-Тоо аянтына жөнөштү


Митинг
Митинг

Ак үй алдында бир сааттай нааразылык сөздөрүн айткан cоң митингчилер кечки саат 17:40та кайра Ала-Тоо аянтын көздөй жөнөштү. Арасында саясатчылар, активисттер жана карапайым элдин өкүлдөрү бар.

Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылган миң чамалуу киши Ак үйдүн алдындагы акцияда парламент спикери Чыныбай Турсунбековдун, фракция лидерлерин жана башка депутаттардын чыгышын талап кылышты.

Алар талаптарын президент Алмазбек Атамбаевге жеткирүү үчүн ушундай кадамга барганын айтып "Текебаевге боштондук!" деп бирин-бири сүрөп турушту. Митингчилер бийликти басып алуу ниети жоктугун, болгону мыйзамдуулукту талап кылып жатканын белгилешүүдө. Азырынча бийликтен эч ким чыккан жок.

“Ата Мекен” партиясынын лидери коррупцияга шектелип, 26-февралда кармалган. Бүгүн анын баш коргоо чарасы каралат. Анын колдоочулары Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда да нааразылыкка чогулушкан. (SE)

XS
SM
MD
LG