Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:47

Кыргызстанда референдум өттү деп жарыяланды


Ушул тапта Кыргызстандын бүт аймактарында добушканалар жабылып, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү соңку жыйынтыктарды чыгарууга киришти. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова референдум өттү деп жарыялады.

Референдумга добуш бергендердин саны кечки саат алтыдагы маалыматка карата 35 пайыздан ашканы кабарланган. БШК андан берки пайыздык өзгөрүүлөрдү ушул тушта жаңылап, маалымат таратышы керек. Акыркы жыйынтыктар боюнча расмий маалымат кечки саат 10до берилет.

Бүгүн Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Добуш берүүгө эки миллиондон ашуун жаран укуктуу болчу.

Эртең менен шайлоо участкалары ачылгандан бери бир катар добушканаларда биометриканы аныктаган аппараттар, электрондук үкөктөр иштебей калып, жарандардын нааразылыгын жаратты. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев мындай кемчиликтерге карабай, техникалык мүчүлүштүктөр шайлоо жыйынтыгына таасир этпей турганын билдирди.

Өлкө аймагындагы сегиз шайлоо участкасында жарык өчүп, өнөктүк генераторлордун жардамында жүрдү.

Ички иштер министрлиги добуш берүүлөргө байланыштуу 16 мыйзам бузуу катталганын билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG