Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Украина: жикчилдер аткан автобус


Талкаланган автобус
Талкаланган автобус

Украинанын чыгышында дагы бир кандуу булоон болду. 13-январда Донецктин чет жакасында пассажирдик автобуска ракета тийип, андан 12 жүргүнчү апаат кеткени расмий маалымдалды.

Расмий Киев ракета орусиячыл жикчилдердин ээлигиндеги аймактан атылганын билдирди. Козголоңчулардын жетекчилиги каргашалуу окуяга алардын эч кандай тиешеси жок экенин айтууда.

Автобуска тийген ракетадан 16 адам жарадар болду. Кээ бир жарадарлардын абалы оор. Ошон үчүн өлгөн адамдардын саны 12ден да көп болушу мүмкүн. Украин бийликтеринин маалымдашынча, ракета орусиячыл жикчилдердин ээлигиндеги Докучаевск шаары тараптан атылган.

Донецк облустук прокуратурасынын айтымында, согушчандар автобусту бир дүрмөтүндө 40тан көп снаряды бар “Град” системасынан аткылаган. Автобуска ракета тийген аймакта өкмөттүк аскерлер жок экенин жикчилдер билишчү. Ошондуктан автобус атайылап аткыланган деп билдирди Украинанын антитеррордук операциялар борбору.

Донецкте талкаланган үйлөрдүн бири
Донецкте талкаланган үйлөрдүн бири

Өзүн "Донецк элдик республика" деп атаган жикчил аймактын өкүлүнүн билдиришинче, алардын кандуу окуяга эч кандай тиешеси жок. Деген менен жикчилдер адегенде социалдык желелерде Волноваханын жанында украин армиясынын блокпостун жок кылганын жарыя кылышкан. Бирок жай адамдар өлгөнүн билгенден кийин интернеттеги маалыматын өчүрө баштаган.

Президент Петро Порошенко 13-январдагы телекайрылуусунда автобуста бараткан жүргүнчүлөрдүн өлүмү үчүн Донбасс регионундагы жикчилдерди күнөөлөп, бирок аларды колдогон күчтөр ким экенин айткан жок:

- Бул өлүм өзүн "Донецк жана Луганск элдик республикасы" деп аталган эки топтун бандаларынын, ошондой эле аларды баккан, куралдандырган, машыктырган жана кандуу кылмыштарга шыктандыргандардын абийиринде.

Украина жана Батыш мамлекеттери Орусиянын Донбасстагы жикчилдерге каруу-жарактан жардам бергенин үзбөй айтып келет. Москва аны куру доомат деп, четке кагып жүрөт.

Порошенко 14-январда жаңы мобилизация жарыяланарын жана террордук чабуулга байланыштуу Донбасстын жикчилдер контролдогон бөлүгүнө өтүүгө мурдагыдан да катуу чектөө коюларын эскертти. Чыгыш Украинадагы коогалаңды өз тынчтык планына жана былтыр 5-сентябрда Минск шаарында макулдашылган келишимдин алкагында жөндөөгө умтуларын да кошумчалады.

АКШ жана Европа биримдиги ракета чабуулун айыптады. Мамдепартаменттин өкүлү Марие Харф 13-январда сүйлөп, пассажирдик автобусту аткылоо жана Донецктин эл аралык аэропортунун атрабында салгылашуулардын күчөшүн Москва колдогон жикчилдердин соңку кыянаттыгы деп мүнөздөдү: “Биз жикчилдердин чабуулду улантканын сындайбыз жана аны Минск келишимин бузуп, кошумча территорияны ээлеп алуу аракети деп баалайбыз”.

Украин армиясы
Украин армиясы

Европа биримдигинин тышкы иштер комиссары Федерика Могерининин өкүлүнүн билдиришинче, Украинанын чыгышындагы кан төгүү Минск келишимин аткаруу зарылдыгын дагы бир ирет эске салды.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Украинадагы атайын миссиясынын орун басар башчысы Александр Хюг болсо жаңы жылдан бери Донецк регионунда уруштун ырбаганына көңүл бурду:

“Өткөн он күндө окуялар көбөйгөнүн биз ырастайбыз. Ага чейин бул аймак салыштырмалуу тынч болчу деп ишендире алам”.

Чыгыш Украинадагы чатакты жөндөө боюнча апта аягында Астанада болчу саммит арсар абалда турат. Сүйлөшүүнүн шарты боюнча Украина, Орусия, Германия жана Франциянын тышкы иштер министрлери 12-январда Берлинде бир бүтүмгө келе алышкан эмес. Бирок орток мунаса табуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланган.

Апрелден бери Чыгыш Украинаны кара түтүн каптаткан чатакта 4700дөн ашык адам апаат болду. Жаңжал мартта Орусия Крымды мыйзамсыз аннексиялап алгандан соң башталган.

XS
SM
MD
LG