Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Порошенко ок атууну токтотууга буйрук берди


Петр Порошенко ок атууну токтотуу боюнча буйрук берип жаткан учуру.
Петр Порошенко ок атууну токтотуу боюнча буйрук берип жаткан учуру.

Украина президенти Петр Порошенко 15-февралга караган түнү саат 00:00дө мамлекет чыгышындагы жикчилдерге карата согуштук аракеттерди токтотууну буйруду. Башкы командачынын аскерлерге жана күч органдарына өткөргөн жыйыны жергиликтүү жана чет элдик телеканалдардан түз көрсөтүлдү.

Порошенко жикчилдер да тынчтык келишимин бузбарына үмүт артарын белгиледи.

12-февралда Минскиде Украина, Орусия, Франция президенти жана Германия канцлери жаңжал болуп жаткан аймакта 15-февралдан тарта ок атууну токтотууну макулдашкан.

Порошенко Минск сүйлөшүүсү учурунда эгер тынчтык орнобосо, аскердик абал киргизилерин эскерткен.

Бириккен улуттар уюму Украинада согуш аракеттери күч алгандан бери набыт болгондордун саны 5300 адамдан ашканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG