Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Британия: Крымды Украинага кайтаруу керек


Орус президенти Путин менен ырчы Лариса Долина Крымдын Орусияга "кошулганынын" бир жылдыгына карата өткөн салтанатта ырдашууда. 18-март, 2015-жыл.
Орус президенти Путин менен ырчы Лариса Долина Крымдын Орусияга "кошулганынын" бир жылдыгына карата өткөн салтанатта ырдашууда. 18-март, 2015-жыл.

Британия Крым Украинага кайтарылышы керек деп билдирди. Бул өлкөнүн тышкы иштер министри Филип Хэммонддун билдирүүсүндө, Орусия жарым аралды өткөн жылы күч менен тартып алганы айтылат.

Британ тышкы иштер министри Филип Хэммонд өз билдирүүсүндө Крымдын Орусияга кошулганын мыйзамсыз деп атады:

- Биздин Орусияга кайрылуубуз ачык жана ырааттуу: Крым аннексиясы 2014-жылдын март айында мыйзамсыз жана легитимсиз деп таанылса, андан бир жыл өтсө деле дал ошондой мыйзамсыз жана легитимсиз экенин эске салабыз. Орусия Крымды Украинага кайтарып бериши керек ,- деп айтылат министрдин 22-марттагы билдирүүсүндө.

Хэммонд жарым аралда өткөн референдумду “жалган” жана орус президенти Владимир Путиндин Украинанын аймагын ээлеп алганын жымсалдоо үчүн колдонгон “инжир жалбырагы” деп баалады.

“Мындай аракет эл аралык коопсуздукка коркунуч туудурат жана дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдүн эгемендиги менен бүтүндүгүнө олуттуу шек келтирет” деп эскертти Хэммонд .

Министр акыркы бир жыл аралыгында жарым аралда адам укуктары бузулуп жатканына, айрыкча Крымдын түпкүлүктүү эли саналган жүздөгөн крым-татарларынын үйлөрүнө мыйзамсыз тинтүүлөр болгонуна көңүл бурду.

Филип Хэммонддун бул билдирүүсү Орусияда Крымды кошуп алуунун бир жылдыгы шаан-шөкөт менен белгиленгенден кийин жасалды. Москва баштагыдай эле "жарым аралдагы эл эркин тандоонун негизинде Орусияга кошулду" деген жүйөнү карманып келет. Атүгүл бир жылдыктын алдында орус президенти Владимир Путин Крымды кошуп алуу атайын операция боюнча ишке ашканын шардана кылды. Бирок Британиянын тышкы иштер министринин билдирүүсү орус тараптын безине тийгендей болду.

Мамлекеттик Думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Алексей Пушков Твиттердеги баракчасына “Фолкленд аралдарын Британия өз курамына кошуп алганын эске алсак, Крымдын Орусияга кошулганы негиздүү” деп жазды. Мамлекеттик Думанын өкүлү акыркы сурамжылоолор жарым аралдын калкынын басымдуу бөлүгү Орусияга кошулууну каалаганын көрсөткөнүн кошумчалады. “Лондон тыныгуу алып, Твикстен жеши керек” деп мыскылдады Пушков.

Атлантика океанынын түштүгүндө жайгашкан Фолкленд аралдары 1982-жылы Британияга кошулган. Британ бийлиги бул аралдын жашоочуларынын тандоосу менен ишке ашканын билдирген эле. Фолкленд үчүн Аргентина да күрөшүп, аралдын макамы боюнча талаштар ушул күнгө чейин уланууда.

Крым аннексиясы акыркы аптада дүйнө коомчулугунун көңүл чордонунда болду. Өткөн апта соңунда Киевге расмий сапар менен келген Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара Крым аннексиясын тааныбай турганын билдирди. Эрдоган украин президенти Петро Порошенко менен жолукканда:

- Биз эл аралык коомчулукка Украинанын саясий биримдиги, аймактык бүтүндүгү жана көз карандысыздыгын колдой турганыбызды айтып келебиз. Крым аннексиясын тааныбайбыз жана мындан ары да тааныбай турганыбызды эл аралык коомчулукка, орус бийликтерине айтып келе жатабыз, - деди.

Ал ортодо Украинанын чыгышында ок атууну токтотуу боюнча келишимге карабай атышуулар уланып жатат. Украин Ички иштер министрлигинин өкүлү Зорян Шикиряктын айтымында, майдан тилкесине жакын жана жикчилдер колундагы шаарчалардын бири - Горловкага өткөн түнү 10-12 танк келген.

Украин тарап ошондой эле жикчилдердин күчтөрү “оккупацияланган аймактарга” топтолуп турганын айтууда.

Украин армиясы ырастагандай, акыркы 24 саатта алардын алты жоокери жаракат алды.

Өз кезегинде жикчилдер ок атышпоо режимин бузганы үчүн украин армиясын айыптап жатат. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров:

- Биз президент Петро Порошенко кол койгон милдеттенмелерди аткаруу үчүн украин бийликтерине таасир этүүгө чакырабыз, - деп Франция жана Германиянын жетекчилерине кайрылды.

12-февралда Минскиде Германия, Франция ортомчулугу астында жетишкен келишимге ылайык, Украинанын чыгышында ок атышуулар токтотулуп, оор техникалар согуш талаасынан чыгарылышы шарт болчу. Келишим күчүнө киргени атышуулар саал басаңдаганы менен кан буугандай токтой элек. Бир жылга аяк баскан жаңжалда алты миңден ашык адамдын өмүрү кыйылды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG