Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:51

Кечээ Украинада Конституциялык сот 2004-жылдагы саясий реформаны “мыйзамга туура келбегени үчүн” жокко чыгарды. Ал реформанын түпкү мааниси президенттин укуктарын кыскартып, парламенттикин кеңейтүү эле.

Өлкөгө күчтүү президенттик башкаруу формасы гана ылайыктуу экенин айтып жүргөн президент Виктор Янукович соттун чечимин жылуу кабыл алды. Бирок ал чечим Украинадагы “саргылтым ыңкылаптын” максаты ишке ашпай калды дегенди билдирбейби?

Конституциялык соттун бул чечимин президент Виктор Януковичтин жеңиши катары да сыпаттаганга болот. Анткени эми өкмөт, күч органдары, прокуратура, атайын кызматтар, - баары президенттин колунда.

Конституциялык соттун төрагасы Анатолий Холовин чечимди жума күнү Киевде окуду: “Украинанын Конституциялык соту төмөнкүдөй чечим чыгарды: 2004-жылдын 8-декабрында Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу кабыл алынган №2222- мыйзамды кароо жана аны кабыл алуу боюнча процесс Конституцияга каршы келгендиктен, ал мыйзамсыз деп табылсын”.

Формачан проблема

Ошентип, өлкө парламенттик башкаруудан кайрадан президенттик формага кайтты. Башкача айтканда, 1996-жылкы Конституция менен жашай баштады.

Ал Баш мыйзам 2004-жылы “саргылт ыңкылап” учурундагы саясий жаңжалда өзгөртүлгөн. Ошол “саясий реформа” президенттик шайлоо учурунда Виктор Янукович менен Виктор Ющенконун ортосундагы карама-каршылыкты чечкенге жардам берген эле. В.Ющенко президенттин укуктарын кыскартууга макул болуп, шайлоонун үчүнчү айлампасын өткөртүрүүгө жетишти. Андан өзү жеңип чыккандан кийин дагы бир нече ирет өзүнө мурдагы бийликти кайтарып алганга аракет кылды, бирок колунан эч нерсе келбей койду.

В.Януковичке бийликти толугу менен кайра өз колуна алууга болгону жети ай эле жетиштүү болду окшойт (ал быйыл февралда президент болуп шайланган – ред.). Ага соттун чечими аябай эле жакты. Бирок Янукович өзгөрүүлөргө заматта кирише турган ниети жоктугун, ар бир кадамы үчүн баары бир кеңири колдоо тапканга аракет кыла берээрин белгиледи. “Өткөндүн сабагын эске алып, биз кеңири диалогго жана легитимдүү чечимдерге жеттик”, - деди президент.

"Демократия өлтүрүлдү"

Анткен менен мамлекет башчынын негизги атаандаштары соттун чечимин авторитаризмдин орношу катары сыпатташууда.

Мурдагы премьер-министр, азыркы оппозициянын лидери Юлия Тимошенко муну “демократиянын өлүмү” деп атады.

“Бул күн, 2010-жылдын 1-октябры, Украинанын тарыхында демократия өлтүрүлгөн, диктатура орногон, ошондой эле украин ГКЧПсынын күнү катары эсте калат”, - деди ал.

Ю.Тимошенко мамлекетте президент да, парламент да мөөнөтүнөн мурда шайлоолордо кайра тандалышы керек деп эсептей турганын айтты.

Аналитиктер да соттун чечимин сындап жатышат. Саясий эксперт Виктор Небоженконун айтымында, бул чечими менен Конституциялык сот өлкөдөгү ансыз да кыйын абалды андан бетер курчутууда.

“Конституциялык сот өзүнүн чечими менен алкагы боюнча өлкөдө аябай коркунучтуу “конституциялык карама-каршылыкты” жаратты, - деди аналитик Небоженко. - Ал жакшы жасайм деп, адаттагыдай эле тетири чечимге барды. Бул абалды курчутат, анткени сот өзүн өлкөдөгү башкы мыйзам чыгаруучу органдын оордуна коюп алды да, мыйзам чыгаруу бийлигине эми соттун чечимин аткарууну, аткаруу органы болууну буйруду”.

“Коммерсант” гезити: “1-октябрда Украинада кезектеги ыңкылап болду. Бирок бул ирет аны оппозиция эмес, бийлик жасады”, - деп жазды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG