Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

Украина: Конституцияны өзгөртүү талашы


Украина
Украина

Украинада күн тартибине Конституцияны өзгөртүү маселеси чыгууда. Өлкөнүн чыгышында орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн айрым райондордун макамы аныктала турган бул өзгөртүүнү референдум аркылуу ишке ашыруу же парламент аркылуу эле жасоо маселеси учурда саясий күчтөр ортосунда талашка түшүп жатат.

Украинанын Конституциясын бул жолу өзгөртүүнүн өзөгү - борбордун бийлигин чектөө же бийликти борбордон ажыратуу.

Анын алкагында өлкө чыгышындагы Донецк жана Луганск облусунун орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн айрым райондорунун макамы аныкталышы керек. Мындай шарт өлкө чыгышындагы куралдуу жаңжалды токтотуу боюнча 2014-2015-жылдары Минскиде жетишилген тынчтык келишимдерде каралган.

Президент Петро Порошенко соңку күндөрү Донбасска Украинанын суверенитетин кайтаруунун жалгыз жолу – Минск макулдашууларын толук аткаруу экенин айтууда.

Өткөн ишемби күнү Киевде шаар бийликтери катышкан жыйында Порошенко Минск макулдашууларына жана конституциялык жараянга бут тосууга умтулган саясий күчтөр андай кадамдын кесепеттерин аңдап билүүсү керектигин, бул “Орусия менен кеңири масштабдагы жаңжалдын кайра жандануусуна алып барарын эскертти”.

Порошенконун бул сөзү Украинадагы борбордук бийликти чектөөгө каршы чыгып жаткандарга багытталды. Себеби айрым күчтөр Донбасстын райондоруна өзгөчө макам берилиши өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтирет деп кооптонушат.

Анткен менен, президент Порошенко Конституцияга сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөрдө федерализациянын эч бир белгиси жок, децентрализация идеясын украин эли колдойт деп ишендирүүдө. Жекшемби күнү жергиликтүү телеканалдардагы маегинде украин президенти бул маселени ишке ашыруунун шарттарын атады.

Порошенконун айтуусунда, бул үчүн оболу Украинанын чыгышында ок атышуу биротоло токтоп, тынчтык орношу керек. Тынчтыкты Орусия камсыздашы зарыл.

Экинчиден, ЕККУнун атайын мониторинг миссиясына Орусия менен Украинанын чек арасын көзөмөлдөөгө толук жана тоскоолдуксуз мүмкүнчүлүк берилиши керек.

Башкача айтканда, жикчилдерге курал жана бөлөк аскерий жардам келип жаткан украин-орус чек арасын алгачкы этапта ЕККУнун миссиясы көзөмөлдөйт. Порошенко Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү парламент аркылуу эле ишке ашырылышын жактады.

Бирок премьер-министр Арсений Яценюк телекайрылуусунда мындай орчун маселени референдумга алып чыгууга чакырды:

- Жаңы Конституция кандай болорун аныктоого украин элинен башка эч кимдин укугу жок. Конституция боюнча референдум - биз эки жыл мурда Майданда күрөшкөн жана азыр курал менен коргоп жаткан демократиялык өлкөдө тикелей элдик бийликтин чагылышы.

Премьер Арсений Яценюк жаңы Башмыйзам Украинанын Евробиримдик жана НАТОго мүчөлүк боюнча ачык геосаясий максатын да чагылдыруусу керектигин кошумчалады.

Парламенттеги саясий күчтөрдөн референдум өткөрүлүүсүн “Батькившина” фракциясынын төрайымы, мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко колдоп чыкты.

Ал эми Радикалдык партиянын лидери Олег Ляшко март айында референдумга украин эли Донбасска атайын макам берилүүсүн колдойбу деген бир маселени алып чыгууну сунуштады.

Бүгүн Украинада паламенттин азыркы сессиясынын соңку пленардык жыйыны башталат. Талаш-тартыштардан улам Жогорку Рада Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселесин карай алабы же жокпу белгисиз болуп турат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG