Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

Украина: коррупцияга каршы күрөш министрлерден башталды


Сергей Бочковскийди камоо учурунда, 25-март, 2015-жыл
Сергей Бочковскийди камоо учурунда, 25-март, 2015-жыл

25-мартта Украина өкмөтүндөгү жыйын маалында Мамлекеттик чукул кырдаалдар кызматынын башчысы жана анын биринчи орун басары камакка алынды.

Төрага Сергей Бочковский жана анын биринчи орун басары Василий Стоецкий “мамлекеттик мүлктү уурдоо максатында коррупциялык схеманы түзгөн” деп шектелүүдө. Жогорку кызмат адамдарынын мыйзамсыз ишмердиги боюнча бир нече кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнүн премьер-министр Арсений Яценюк кеңешмеде билдирди.

Украинанын Чукул кырдаалдар кызматынын башчылары камакка алынган 25-март күнкү өкмөт жыйыны улуттук телеканалдан түз алып көрсөтүлүп жаткан. Ошондуктан С. Бочковский жана В. Стоецкийдин колдоруна полиция зоолу салып, залдан алып чыгып кеткенин көпчүлүк эл көгүлтүр экрандан көрдү.

Василий Стоецкийди камоо учурунда
Василий Стоецкийди камоо учурунда

Ички иштер министри Арсен Аваковдун билдиришинче, бул эки жетекчи оффшордук компанияларга байланыштуу коррупциялык схемаларга аралашкан деп шектелүүдө.

- Бул жөнөкөй схеманын негизинде мамлекеттик сатып алуулар жеке менчик компаниялар тарабынан жүргүзүлөт. Жеке менчик компания Жерси аралындагы Украин жарандыгы жок адамга таандык оффшордук компанияга акча жөнөтүлгөн. Акча Жерси аралынан Стоецкий менен Бочковскийге караштуу башка менчик компанияга которулган.

Ушул эле күнү Мамлекеттик чукул кырдаалдар кызматына утурумдук төрага дайындалып, тергөө жүрүп жатканы маалымдалды.

Арсений Яценюк
Арсений Яценюк

Шаршемби күнкү кеңешмеде премьер-министр Арсений Яценюк Орусия менен өлкө тагдыры үчүн уруш жүрүп жатканын жана тийиштүү кызматтарга казынаны уурдоочулар менен чечкиндүү күрөшүү жөнүндө түздөн-түз тапшырма берилгенин айтты:

- Өкмөт өлкөдөгү коррупция менен күрөшүү боюнча катаал жана ачык тапшырма берди. Өлкө согуштук кырдаалда турат, миллиарддаган гривенди (украин акчасы - ред.) армияга жана коргонууга жумшоодо. Андан тышкары Орусия менен жүрүп жаткан шумдуктуу согушта чөгөлөп калбасы үчүн армия жана өлкөгө эл жардамдашууда.

Арсений Яценюктун айтымында, өкмөттүк адамдардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн аныктоо үчүн өкмөт буга чейин бир катар кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзгөн. Мисалы, учурда Ички иштер министрлиги бир нече мамлекеттик компаниянын жетекчилерине байланыштуу иштерди тергөөдө. "Алардын арасында “Айыл чарба фонду”, “Укрспирт”, энергетика жана агро өнөр жай бирикмелери бар", - деди өкмөт башчы.

Өкмөттөгү камакка алуудан бир нече саат мурда президент Петро Порошенко Украинадагы бай олигархтардын бири, Днепропетровск облусунун башчысы Игорь Коломойскийди кызматтан четтетти. Коломойский менен Украин бийликтери арасындагы мамиле мунай компанияларын башкаруу боюнча чыккан талаштан жана олигарх-губернатор өз кызыкчылыгын коргоо үчүн өз аскерлерин пайдаланды деген айыптоодон улам начарлап кеткен эле.

Өткөн жумада Украин парламенти акционердик коомдор боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, менчик формасына карабай, жалпы чогулуш өткөрүү үчүн 50%+1 акция ээлери болгону жетиштүү. Украин өкмөтү “Укрнафт” мунай компаниясынын акционерлеринин жыйынын туруктуу өткөрө албай кыйналып жүргөн. “Укрнафтфын” 42% акциясы Коломойскийге таандык.

Бул окуялар, кээ бир булактар жазгандай, өлкөнүн бүтүндүгү корукунучта турган чакта Украин жетекчилиги коррупцияга каршы күрөш аркылуу жогорку кызмат адамдардын сомого салууну көздөгөнүн айгинелейт.

XS
SM
MD
LG