Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Украина согушка даяр болууну чечти


Орусия менен Украинанын чек арасы. 10-август
Орусия менен Украинанын чек арасы. 10-август

Украина Орусия менен чек арасындагы аскерлерин күчөтүлгөн даярдыкка келтирип, согушка даяр турууну чечти. Президент Петро Порошенко бейшемби күнү күч түзүмдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүп, Орусия аннексиялап алган Крым менен чектеш аймактагы аскерий ыкчам даярдыкты күчөтүүнү буйруду.

Ошентип, украин-орус мамилеси кайрадан чыңалып турат. Маселе Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине чейин жетти.

Бул жолу ортодогу ансыз да тынч эмес мамиленин курчушуна орус тараптын “Крымда террордук чабуул жасоого даярдык көрүп жүргөн украиналык диверсанттарды кармадык” деген билдирүүсү себеп болду.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 7-августта Крымда жети адамдан турган топту кармаганын, аларды Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкармалыгы жөнөткөнүн, кармоо операциясы учурунда эки офицеринен айрылганын билдирген. Көп өтпөй орус президенти Владимир Путин расмий Киевди “чыңалууга шыкакчы болуп жатат, террорчулукка өттү, андыктан сүйлөшүү жүргүзүүнүн мааниси да жок калды” деп айтып чыккан.

Орус президенти Владимир Путин Крымдагы абалдан кийин Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. 11-август
Орус президенти Владимир Путин Крымдагы абалдан кийин Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. 11-август

Крымдын башчысы Сергей Аксенов болсо кармалган украин жарандарына карата эң катаал чара колдонулушу керек экенин айтты:

- Диверсанттарды фермерлер короосуна кирип, мөмө-жемишин жок кылган каргаларга кандай мамиле жасаса, ошондой кылып, чек арага илип коюш керек.

Бирок украин тарап Москванын айткандарынын баарын четке кагууда.

Президент Петро Порошенко өлкө чыгышында “кырдаалды чыңалтып, кошумча аскерлерди жана техникасын тартып келип, анысы аз келгенсип эми террорчулар деп айыптап жаткан” Орусиянын соңку билдирүүлөрү кооптонуу жаратканын айтты:

- Акыркы окуялардан улам мен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн, Улуттук гвардиянын, Коопсуздук кызматынын аскерлерине айрыкча чек ара тилкесинде согушка даяр тургула деп буйрук бердим.

7-августта Крым жарым аралынын чек арасындагы үч ири көзөмөл -өткөрүүчү бекет орус тараптан эки күнгө жабылган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бир катар маанилүү объектилердин тегерегинде орусиялык аскерлер адаттагыдан көбүрөөк топтоло баштаганы байкалган.

Москва муну Украина тараптан чабуул болушу ыктымал деген коркунуч жаралгандыктан жасалган коргонуу аракети менен байланыштырса, Киев Владимир Путин көптөн бери ишке ашырууну самап келаткан жөө аскерлерге коридор ачуу үчүн Украина тарапка өтүү планын ишке ашыргысы келип жатат деп эсептөөдө.

Украин президенти Петро Порошенко украин коопсуздук кызматынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. 11-август
Украин президенти Петро Порошенко украин коопсуздук кызматынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. 11-август

Ошентип Украина менен Орусиянын акыркы аракеттери дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборуна чыгууда.

АКШнын Украинадагы элчиси Жеффри Пайетт “Орусия украин аскерлери диверсия даярдаган” деген билдирүүсүн далилдөөчү фактыларды келтире албай, өзүнүн мыйзамсыз иштеринен элди алаксытуу үчүн ушундай калпты жайылтып жатканын айтты.

“Крымдын макамы боюнча биздин позиция белгилүү. Крым Украинанын бир бөлүгү болчу жана ошол бойдон кала берет. Биз Орусиянын баскынчылыгы токтотулушуна чакырабыз” деп жазды элчи Твиттерге.

Ал эми Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин Киевде коопсуздук маселесин талкуулаган жыйында сүйлөп жатып Орусиянын зомбулук аракеттерин кескин сынга алды жана Москванын билдирүүлөрү боюнча маселе Бириккен Улуттар Уюмунда карала баштаганын айтууда:

- Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде консультациялар башталды. Биз Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, Европа кеңешинин, айрыкча Европа Биримдигинин да көңүлүн бурууга аракеттенип жатабыз.

Орусия Крымды 2014-жылдын март айында аннексиялап алгандан кийин Украина чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы орусиячыл жикчилерди аскерий жактан колдоп келатат. Ошондон бери аймакта басылбай жаткан согуш 9,5 миң жай тургундун өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG