Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

“Азаттык” радиосу cпикер менен тынчтык келишимге жетишти


“Азаттык” радиосу cпикер Чыныбай Турсунбеков менен тынчтык келишимге жетишти. 2015-жылдын 6-августунда интернет сайтыбызда ал кезде парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидери болуп турган Чыныбай Турсунбековдун менчик мүлк укуктарына байланыштуу “КСДП лидеринин банкта катылган “сыры" аттуу макала жарык көргөн. Андагы маалыматтар, аргументтер талаштуу маселеге айланып, аларды тактап, далилдей алган жокпуз. Бизге маалымат берген саясатчылардын айрымдары чет жакта баш калкалап жүргөндүктөн, алардын айткандарын далилдеп бере албадык.

Ушул жагдайларды эске алып, биз Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго бул материалда айтылгандар анын аброюна шек келтиргенине байланыштуу, өкүнүчүбүздү билдиребиз.

XS
SM
MD
LG