Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

“Мен Кыргызстанды инвестициялайм” долбоор сынагы аяктоодо


Аталган долбоор алкагындагы сынакта бүгүн алдыга озуп чыккан 15 жеңүүчүнүн таймашы өтөт. Алар бизнес-идея жана бизнес-долбоор сынагынан алдыга озуп чыгышкан. Жеңүүчүлөргө 300 миң сомдон 1 млн сомго чейинки инвестиция берилет.

“Мен Кыргызстанды инвестициялайм” долбоору Ишкердикти өнүктүрүү фонду жана Мамлекеттик мүлк башкармалыгы тарабынан өткөрүлүүдө. Долбоорго 10 млн сомдон ашуун акча бөлүнгөн.

Сынактын негизги максаты бизнесин жаңы баштаган ишкерлерди каржылык сабаттуулукка жана инвестиция тартууга үйрөтүүгө багытталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG