Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Диний мааракедеги саясат


В. Янукович жана В. Путин Севастополдогу чиркөөдө өткөн зыяпатта. 28-июль 2013
В. Янукович жана В. Путин Севастополдогу чиркөөдө өткөн зыяпатта. 28-июль 2013

Беларуста Киев Русь мамлекетинин христиан динине чокунуусунун 1025 жылдыгына арналган маараке башталууда.

Диний-саясий маараке ишемби күнү Киевде башталып, жекшемби күнү Севастополдун Владимир чиркөөсүндөгү коңгуроону зыяпаттоо жана Орусия менен Украинанын Кара деңиздеги кемелеринин парады болду.

Киевдеги зыяпатка Орусия, Сербия, Молдованын президенттери, ошондой эле дүйнөдөгү 15 православ чиркөөсүнүн башчылары катышты. Салтанатка Рустун чокунуусу боюнча өз мааракесин өткөргөнү жаткан Беларус президенти Лукашенко келген жок.

988-жылкы чокунуу бүгүнкү орус, украин жана беларустардын бабаларынын православ динине өтүүсүнө дарбазаны ачкан.

Киев мэриясы маараке күндөрү шаарда ар кандай жыйындарды өткөрүүгө тыйуу салса дагы украин улутчулдарынын “Эркиндик” партиясынын мүчөлөрү ишемби күнү таат кылынчу жайдын жанында Орусияга каршы демонстрацияга чыгышты.

Мааракелик таат 988-жылы киевдиктерди чокунткан князь Владимирдин эстелиги алдында өттү.

1025-жылдыкка арналган Киевдеги мааракеден бир көрүнүш. 28-июль, 2013
1025-жылдыкка арналган Киевдеги мааракеден бир көрүнүш. 28-июль, 2013
Украина президенти Виктор Янукович ишемби күнкү салтанатта саясий партиялардын динди өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланганына жол берилбесин баса эскертти:

– Биз кээ бир саясый партиялардын чиркөөлөрдү жана диний уюмдарды өз кызыкчылыгына пайдалануусуна жол койбойбуз. Бул айрым убактарда Украинадагы саясый кырдаалга диний уюмдар аркылуу таасир эткенди ойлогон чет элдик уюмдарга да тиешелүү.

Президент Путин диний мааракени пайдаланып, Януковичти Европа Биримдиги менен жакындашуу планынан баш тарттырууга аракет кылары саясий чөйрөлөрдө айтылып жаткан. Себеби ноябрда болчу Вильнюстагы саммитте Евробиримдик Украина менен көптөн күтүлгөн ассоциациялык кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коёт деп жоромолдонууда. Келишимге кол койуу 2011-жылы экс-премьер Юлия Тимошенко 7 жылга соттолгондон кийин саалгып, Киев-Брюссел мамилеси осолдоп кеткен.

Талдоочулар байкагандай, Виктор Янукович 2010-жылы президенттик тактыга конгондон бери, же Евробиримдиктин кучагына жүгүрбөй, же Орусия менен ашыкча жакындашпай, эки жак менен тегиз мамиле кармоодо.

Янукович жана Путин жекшемби күнү диний мааракени улантып, Севастополь шаарындагы Владимир чиркөөсүндөгү жаңы коңгуроону зыяпаттоого катышат. Уламыш боюнча, дал ушул жерде Киевдин князы Владимир жаңы динге чокунган.

Владимир Путин (оңдон солго) жана Виктор Янукович РФнын аскер деңиз флотунун күнүнө жана Украинанын деңиз флотунун күнүнө арналган салтанатта катерге түшүп, согуштук кемелерди кыдырып көрүшүүдө.
Владимир Путин (оңдон солго) жана Виктор Янукович РФнын аскер деңиз флотунун күнүнө жана Украинанын деңиз флотунун күнүнө арналган салтанатта катерге түшүп, согуштук кемелерди кыдырып көрүшүүдө.
Севастополдо эки өлкөнүн Кара деңиз флотунун түзүлгөнүнө арналган майрамдык салтанаттар да өттү. Янукович анда сүйлөгөн сөзүндө Орусия Украина үчүн стратегиялык өнөктөш экенине токтолду:

- Биз Орусия менен достугузбуду жогору баалайбыз. Украина жана Орусия стратегиялык өнөктөш болгон жана кала берет. Бул Севастополдо өзгөчө сезилет. Бул жерде Украина жана Орусиянын деңиз достугу бекемделет. Биздин орток аракетибиз деңиз эмгекчилеринин ишенимдүү болочогун камсыздайт. Ал эми кемелерибиздеги Украинанын жана Орусиянын желектери достугубуздун, ишенимдин жана өсүп-өнүгүүнүн символу катары желбирей берет.

Өз кезегинде Владимир Путин дүйнөлүк рынокто күчтүү атаандаштык жүрүп жатканын, ага чогуу аракеттенип гана туруштук берсе болорун айтып, бирок Орусия “украин элинин тандоосун сыйлайт” деди. Орустар менен украиндер теги жана руху жактан түбү бир экенине, ата-бабаларынын коюн-колтук алыша бир мамлекетте жашап келгенине өзгөчө көңүл бурду:

- Биздин тамырыбыз, маданиятыбыз жана динибиз бир. Мындай жалпылык биздин өлкөлөр ыйык Рустун чокунганынын 1025 жылдыгын белгилеп жатканда өзгөчө сезилет. Биздин кандык жана руханий байланышыбыз ажырагыс.

Орто кылымдык Киев Русь мамлекетинин тарса динине чокунуусунун 1025 жылдыгын майрамдоо кээ бир серепчилер баамдагандай, ортодокс христиандарынын диний биримдигин ташбыйкатоого катар чиркөө мамлекеттик маанилүү мекеме экенин шарданалап көрсөтүү жана таануу болду.

XS
SM
MD
LG