Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Пакистандагы кол салууда мерт кеткендердин саны 50дөн ашты


Пакистандагы Полиция академиясына жасалган чабуулдан жарадар болгондордун саны 100дөн ашты.
Пакистандагы Полиция академиясына жасалган чабуулдан жарадар болгондордун саны 100дөн ашты.

Пакистандын түштүк-батышындагы Кветта шаарындагы Полиция академиясына жасалган жоочулардын кол салуусунан мерт кеткендердин саны 58ге жетти, 100дөн ашуун адам жарадар болушту.

Шейшембиге караган түнү жанкечтилер жатаканаларга чабуул коюп, күзөтчүлөрдү атып өлтүрүп, бир нече жолу жардыруу уюштурушкан. Кол салгандардын саны 5-6 адам экени айтылууда. Провинциянын ички иштер министри жатаканадагы 700 курсанттын 200ү куткарылганын айтты. Атайын операция маалында согушкерлердин бири жок кылынган.

Азырынча чабуул үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек. Атайын операциянын башында турган генерал Шер Афгандын айтышынча, согушкерлер “Талибандын” Пакистан кыймылы менен байланышы бар “Аль-Алими” фракциясынан экени маалымдалды. Ушул эле Полиция академиясы 2006- жана 2008-жылдары эки ирет кол салууга дуушар болгон.

XS
SM
MD
LG