Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Украина: жикчилдер четке чыга баштады


Өзүн "Донецктин коргоо министри" атаган Игорь Стрелков алган жаракатынан улам абалы оор экени айтылууда.
Өзүн "Донецктин коргоо министри" атаган Игорь Стрелков алган жаракатынан улам абалы оор экени айтылууда.

Украинанын чыгышындагы жикчилдердин лидерлеринин бири Игорь Стрелков соңку кагылышуулардын биринде катуу жарадар болду. Мындай билдирүүнү 13-августта сепаратисттер өздөрү таратып, эртеси күнү кайра жокко чыгарышты.

Өзүн "Донецк элдик республикасы" деп атаган бийликтин бейрасмий "Новороссия” маалымат агенттиги коргоо министри Игорь Стрелков алган жаракатынан улам абалы оор экенин жазып чыккан.

Бир аздан кийин Донецктеги жикчилдердин мурдагы башчысы Денис Пушилин видео кайрылуу жасап, мындай маалымат тактала электигин билдирди. Пушилин бул окуяга карабай Украинанын чыгышын өкмөттүк күчтөрдөн тазалоо кыймылы улантыла берет деп айткан.

Жикчилдердин башка лидерлери бул маалыматты четке кагышты. Стрелковдун орун басары Федор Березин “Игорь Георгиевичтин абалы жайында” деп билдирди.

Элдик республиканын Коопсуздук кеңешинин мүчөсү Сергей Кавтарадзе бул акылга сыйбай турган ушак деп төгүндөп, «Игорь Стрелков тирүү жана аман-эсен» деп чыккан. Кавтарадзе “Новороссия” агенттигин жалган маалымат тараткандыгы үчүн айыптап, бул сөздөр маанилүү салгылашуулардын алдында козголоңчуларды деморализация кылууга багытталгандыгын айтты.

Ушул эле аймактын дагы бир аткаминери, өзүн "премьер-министрдин" орун басары деп тааныштырган Андрей Пургин бул маалыматты тастыктай да, төгүндөй да албайм деп, Стрелков оор кагылышууларга катышканын айтып, анын жараат алгандыгы тууралуу сөздөр чын чыгып калышы ыктымал деп кыйытты.

47 жаштагы москвалык Стрелковдун чыныгы аты-жөнү Игорь Гиркин. Ал Украинанын чыгышында жүрүп жаткан согуштун эң маанилүү фигураларынын бири.

Ашынган улутчул, ошол эле маалда Орусиянын чалгын кызматынын аскери деп шектелген Гиркин Кремл өткөргөн бир катар согуш операцияларынын ардагери. Преднестровьеде болгон 1992- жылкы согушка, биринчи, экинчи чечен кармаштарына катышкандыгы айтылып жүрөт.

Украинада Гиркин Москванын агенти катары аракеттенип жүрөт деген пикирлер бар. Киев Стрелковду украиналыктарга жана өкмөттүк күчтөргө ырайымсыздык менен кол салган деп айыптоодо.

Эл аралык деңгээлде Гиркиндин аты Малайзиянын учагы атып түшүрүлгөндөн кийин чыкты. Ал 298 кишиси бар жүрүгүнчү учак каргашага кабылгандан кийин Украинанын аскер учагын атып түшүргөнүн социалдык тармактарга жар салган.

Стрелковдун жарадар болгондугу тууралуу имиштерди айрымдар малайзиялык учакты атып түшүргөндүгү үчүн Москванын жазасы деп боолгоп чыгышты.

Аналитик Марк Галеотти болжолдогондой, тескерисинче, Стрелков Москвага барса баатыр катары кабыл алынып, саясий карьера жасамак.

Соңку күндөрү жикчилдердин бир катар лидерлери ар кандай себептер менен отставкага беришти.

"Донецк элдик республикасынын башчысы" аталган Пушилин малайзиялык лайнер кулагандын эртеси күнү, 18-июлда кызматтан чегинип, Москвага кайткан.

Өткөн жумада өзүн премьер-министр атаган Александр Бородай кызматын өз каалоосу менен тапшырса, анын ордуна келген Александр Захарченко Москвадан моралдык колдоо күтөрүн жашырган жок.

Акыркы төрт ай ичинде өкмөттүк күчтөр менен жикчилдердин салгылашуусунан Донецкте 850дөй жайкын тургун набыт кетти, алардын 70тен ашууну соңку үч күндүн ичинде көз жумду.

Ал арада "Луганск элдик республикасынын башчысы" аталган Валерий Болотов дагы алган жарааттарына байланыштуу 14-августта кызматын таштады:

- Луганск элдик республикасы кыйын абалда. Киевдеги баскынчылар биздин шаарларга каршы көптөгөн аскерлерин жана аскерий техника жиберди. Алар бизди атайын талкалап жатышат. Биз азыр гуманитардык катастрофа алдында турганыбыз эч кимге жашыруун эмес. Мындай абалда Луганск бийлиги элдин жашоосу үчүн жанын үрөп иштеши керек. Мына ушунун баарын жана өзүмдүн абалымды эске алуу менен мен убактылуу отставакага кетүүнү чечтим. Менин алган жарааттарым согуш убагында Луганск элинин бакубатуулугу үчүн өзүмдү арноого тоскоол болууда, - деген Болотов өз ордуна азыркы "коргоо министри" Игорь Плотницкийди калтырды.

Луганскта 29-июлда гуманитардык коридор ачылгандан бери 7 миң тургун үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду.

Улуттар уюму 14-августта тараткан маалымат боюнча жикчилдер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы куралдуу урушта каза болгондордун саны эки миңден ашты.

Ал арада Орусиянын гуманитардык жүк жүктөгөн автокербени Украинанын чек арасына жакындап, Луганскты көздөй келатканы кабарланууда.

Киев менен Батыш өлкөлөрү болсо гуманитардык жүктүн шылтоосу менен Орусия Украинага аскер же курал-жабдык киргизет деп чочулоодо.

XS
SM
MD
LG