Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Молдосанов: Украин элинин патриоттук сезими күч алды


Украина. Словянск шаарында мектепке бара жаткан балдар 1-сентябрь.
Украина. Словянск шаарында мектепке бара жаткан балдар 1-сентябрь.

Киевде 8 жылдан бери жашап жаткан кыргызстандык Жаныбек Молдосанов Украинадагы кырдаал тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

Украинада беш-алты миңдей кыргызстандык мигрант жашап, иштеп жүргөнү бейрасмий булактарда айтылып келет.

Киевде кыргызстандыктардын эл аралык коому да иш алып барат. Соңку күндөрү Украинанын чыгышында болуп жаткан куралдуу окуяларды мекендештер кандай кабыл алууда, маалымат каражаттарындагы кабарларга канааттанабы?

Украинада 8 жылдан бери жашап жаткан кыргызстандык Жаныбек Молдосановду кепке тарттык.

- Жаныбек мырза, Украинанын чыгышындагы окуялар орус ММКсында бир беткей чагылдырылып жатканы айтылууда. Ал эми Украинанын өзүндө таптакыр башкача маалымат берилип жатат дешет. Сиз Киевде жашап аткандан кийин бул тууралуу билсеңиз керек.

- Өлкө чыгышындагы окуялар украин маалымат каражаттарында ал жерде жашап жаткан эл кандай көрсө, сезсе ошондой берилип жатат. Кыргызстанда орусиялык маалымат булактары басымдуу болгондуктан, элдин пикири бир аз башкача экен. Биз туугандар менен сүйлөшкөндө кырдаалды туура түшүндүргөнгө аракет кылып жатабыз. Украина азыр өз жерин, өлкө биримдигин коргоп атат. Эл ичинде мурдагыга караганда ыктымак бекемдеди, патриоттук сезим күч алды. Биз бул жакта көп жылдан бери жашайбыз. Бизге карата жергиликтүү эл тарабынан эч убакта кысым болгон эмес, азыр деле ошондой эркинбиз. Орусча сүйлөйбүз, ал үчүн бизди эч ким кодулабайт.

- Украинче да сүйлөйсүңөрбү?

- Балдарыбыз украин тилинде эркин сүйлөйт. Биз сүйлөбөсөк да түшүнөбүз.

- Кечээ эле украин армиясынын 680дей жоокери жикчилдер тарабынан туткундалды деген маалымат чыкты. Ушундай кабарлар элдин бийликке, өкмөткө болгон ишенимин кетирген жокпу?

- Маалымат туура эле берилүүдө. Донецктин ылдый жагында Иловайск деген шаарда украин аскерлери курчоодо калып туткундалды. Азыр аларды бошотконго аракет болуп атат. Украин армиясы болсо орусиялык десантчыларды кармады. Ал дагы айтылып жатат. Орус ММКсы болсо "адашып, Украина аймагына кирип кетишти" деп маалымат беришүүдө. Бирок чындап айтканда, орус армиясы өткөн жумада бул жакка кирип келди. Аны орустар канчалык танганы менен баскынчылык кылганын бүт дүйнө көрүп турат.

- Сиздин тааныштарыңыз же кошуналар уулдарын аскерге жөнөтүп жатышканын байкай алдыңызбы? Армияга ыктыярдуу кошулуу көп болуп атабы?

- Менин тааныштарым арасында азырынча андайлар жок. Бирок өз ыктыяры менен аскерге кеткендер тууралуу көп эле угуп атабыз.

- Жакында эле украин парламенти таркатылды. Юлия Тимошенконун партиясынан да айрым саясатчылар чыгат деп жатышат. Киевдеги саясатчылардын ыркы жоктой сезилген жокпу?

- Таркатылган парламентте мурдагы президент Виктор Януковичтин партиясы басымдуулук кылып турчу. Алар элдин таламын талаштык дегени менен кыймыл-аракеттери азыркы бийликке, өкмөткө каршы экени көрүнүп эле турат да. Эми эмки айда боло турган шайлоодо жаңы муун, жаңы саясатчылар келет деп үмүт артып турабыз.

- Элдин бийликке болгон ишеничи азайган жокпу?

- Азайып деле жатат. Анткени эл күткөн, каалаган нерселер тез эле турмушка ашпай жайлап атат да. Чет мамлекеттер, айрыкча Орусия тоскоол болбосо, жакшы иштер аткарылмак деп ойлойм. Калк да ошого ишенет.

- Украинада канча кыргызстандык бар, ич ара карым-катышыңар барбы?

- Бул жакта кыргыз диаспорасы бар. Майрамдарда жолугуп турабыз. Өткөндө 31-август, Кыргызстан Эгемендик алган күнү бир жерге чогулуп, белгиледик. Көп деле киши келе алган жок бирок. Өлкөдөгү кырдаалга жараша ушундай болду.

- Кыргызстанда орусиялык теле, радиоканалдардан маалымат алган мекендештериңизге эмне деп айтаар элеңиз?

- Биз эми Фейсбук баштаган социалдык түйүндөр аркылуу болушунча туура маалымат бергенге аракет кылып жатабыз. Менин көп досторум, тууган-тааныштарым кырдаалды туура эле кабыл алып калышты. Тилекке каршы, Кыргызстанда Орусияны жактагандар көбүрөөк экен. Бул эми СССРден калган эски стереотип: орустар эмне кылбасын, баары туура деген. Москва айткандын баары чындык деп көнүп алышкан. Ошол көз караштан арылуу керек. Ар башка булактардан маалымат алып, аны туура талдай билүү керек. Бул жакта жашап аткан адам катары айтсам, Украинада болуп жаткан куралдуу уруш - бул өлкөнүн элине, жерине каршы жүрүп жатат, бул таптакыр туура эмес.



  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG