Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:09

Украинанын президенти Петро Порошенко жаңы өкмөттү түзүү боюнча алгачкы жыйынды өткөрдү.

27-октябрда болгон масилетке парламенттик шайлоодо эң көп добуш алган партиялардын башчылары: премьер-министр Арсений Яценюк жана Львов шаарынын мэри Андрей Садовый катышты.

Бүгүнгө карай бюллетендердин 70 проценттен көбү саналды. Алдын ала санак премьер-министр Яценюктун Элдик майданы жана Петро Порошенконун блогу жүгөндөш баратканын же 21 проценттен көп добуш алганын көрсөтүүдө. Порошенконун блогуна “Биримдик” партиясы менен Киевдин мэри, дүйнөнүн бокс боюнча мурдагы чемпиону Виталий Кличконун УДАР партиясы кирет.

Садовыйдын европачыл “Самопомощь” партиясы 13 процентке жакын добуш топтоду. 26-октябрдагы парламенттик шайлоого шайлоочулардын 52 проценти катышкан эле.

Украин парламентиндеги европачыл демократиялык коалиция боюнча келишим долбоорун Порошенко жана Яценюк сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына жараша он күн арасында жарыялоого тийиш. Мына ошол келишимдин негизинде жаңы өкмөт түзүлөт.

Премьер-министр Арсений Яценюк Батыш өлкөлөрүндө экономикалык реформанын тарапкери катары популярдуу. Ал жекшемби күнкү маалымат жыйынында курама өкмөт мүмкүн болушунча тез түзүлүшү керек экенин айтып, Евробиримдик менен кол коюлган Ассоциациялык келишим жаңы коалицияны түзүүгө негиз болорун баса белгилеген:

- Жаңы коалицияга Европа Биримдиги менен түзүлгөн Ассоциациялык келишим негиз болот. Жана бул коалициялык келишимдин негизи болушу керек.

Сентябрда улуттук өкмөт бекиткен Ассоциациялык келишим Украина-Евробиримдик ортосундагы саясий, соода, маданий кызматташууну чыңдоону жана коопсуздукту бекемдөөнү көздөйт.

Президент Порошенконун сөзүнө караганда, добуш берүүнүн жыйынтыгы өлкөнүн Евробиримдик менен интеграциялануу багытын шайлоочулар бекем колдогонун көрсөттү. Ал украин компартиясынын 1991-жылдан бери биринчи ирет парламентке кирбей калуу себебин мындай түшүндүрдү:

- Украин коммунисттик партиясы мурда жана акыркы күндөрү жасаган кылмыштары үчүн Украинанын саясий ландшафтында мыйзамдуу орду жок. Бирок биз европалык баалуулуктарды тутунган европалык өлкө болгондуктан, украин коммунисттик партиясы пенсияга не президенттин жарлыгы, не парламенттин чечими, атүгүл соттун өкүмү менен кетпеш керек. Коммунисттер тууралуу акыркы сөздү украин эли айтышы абзел.

ЕККУ жана ПАСЕнин байкоочулары Украин парламентине болгон шайлоого оң баасын берди. Еврокеңештин төрагасы Херман Ван Рөмпей Еврокомиссиянын президенти Баррозу сыңары эле шайлоону демократиянын жеңиши деп атап, украиндерди көптөн күткөн саясий-экономикалык реформаларды жүзөгө ашыруу үчүн биригүүгө үндөдү.

Дүйшөмбү күнү АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Жен Псаки да Украинадагы шайлоого байланыштуу сүйлөп, эми Украинанын жаңы өкмөтү алдында өлкө чыгышындагы чатакты басуу боюнча Минск келишимин жүзөгө ашыруу вазийпасы турганын эске салды:

- Добуш берүү Украинанын демократиялык жараянга баш байлаганын тастыктады жана Орусия колдогон жикчилдердин Чыгыш Украинада көптөгөн шайлоочуларды жарандык укугунан ажыратуу аракетине карабай өттү деп эсептейбиз. Бирок Минск протоколун аткаруу боюнча дагы көп иштер жасалышы абзел экени анык.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 27-октябрда жасаган билдирүүсүндө Украинадагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында түзүлгөн өкмөт конструктивдүү болуп, чатакташууну ырбатпайт деген үмүтүн билдирген. Ошондой эле шайлоо учурунда көп сандаган мыйзам бузуулар болгонун, бир катар талапкерлерге күч колдонулганына токтолду жана расмий Киевди региондор, анын ичинде жикчилдер менен түз сүйлөшүүгө чакырган.

Парламенттик шайлоо Донецк жана Луганск облустарынын орусиячыл козголоңчулардын ээлигиндеги бөлүгүндө, ошондой эле мартта Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында өткөн жок. Жикчилдер Донбасстагы өздөрү жарыялаган “Элдик Республиканын” аймагында парламенттик шайлоону 2-ноябрда өткөргөнү жатышат.

Партиялык тизме боюнча Жогорку Радага Москвага ыктаган Оппозициячыл блок, Олег Ляшко башындагы Радикалдык партия, экс-премьер Юлия Тимошенконун “Атажурт”( "Батькивщина") партиясы кирери айтылууда. Бул партиялар, алдын ала эсептөөлөр боюнча, беш проценттик чекти багындырып, он процентке чейин добуш алышты.

Бир палаталуу Жогорку Рададагы 450 орундун теңин партиялар ээлесе, калган жарымы бир мандаттуу округдарда жеңген талапкерлерге тиет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG