Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Украиналыктар кайсы талапкерди тандайт?


Украина -- Киевдин көчөлөрүндөгү шайлоо өнөктүгү, 20-май, 2014
Украина -- Киевдин көчөлөрүндөгү шайлоо өнөктүгү, 20-май, 2014

25-майда Украинада президенттик шайлоо күнү. Соңку социологиялык изилдөөгө караганда, шайлоочулардын үчтөн бири “Шоколад королу” деген лакап ат менен белгилүү талапкер Петро Порошенконун президент болуусун колдойт. Калган талапкердин алды 6 процент гана колдоого ээ болгон.

19-майда Киевдеги Эл аралык социология институту өлкөнүн 110 шаар-кыштагында өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады. 29-апрелден 11-майга чейин өткөрүлгөн сурамжылоого 2022 адам катышкан. Алардын 33, 7 проценти ишкер-олигарх Петро Порошенкону президенттикке татыктуу деп санашат. Мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко 5, 9 процент, мурдагы вице-премьер Сергей Тигипко 4, 1 жана парламент мүчөсү, мурдагы коргоо министри Анатолий Гриценко 4, 0 процент колдоо алган.

Президенттикке 23 талапкер ат салышмак болууда. Сурамжылангандардын 25 проценти шайлоодо кимге добуш берүүнү али билишпейт. Бирок кимге добуш берүүнү чечкендердин 54, 7 проценти 25-майда Порошенко үчүн, ал эми 9, 6 проценти Тимошенко жана 6, 7 проценти Тигипко үчүн бюллетень таштарын айткан.

Киевдеги Кырдаалды моделдөө агентствосунун директору Виталий Бала сурамжылоо адамдардын учурдагы маанайын чагылдыргандыктан реалдуу картинаны бере албайт, шайлоодо Порошенко менен Тимошенко тең чыгат деген ишенимде:

- Сурамжылангандардын баары же көпчүлүгү Порошенкону колдоо боюнча кеңири жүргүзүлгөн жарнама өнөктүгүнүн таасири астында калган. 25-майда эмне болорун көрөбүз. Алар чечимди башка талапкерлердин чыныгы европачылдыгына же европачыл эместигине карап эмес, көбүнчө эмоцияга таянып кабыл алышкан.

Өткөн айдагы сурамжылоодо да Порошенко атаандаштарын артка калтырган. Бирок экинчи орунду Анатолий Гриценко, үчүнчү-төртүнчү орунду Ольга Богомолец менен Юлия Тимошененко алган болчу.

Украиналык эксперттердин айтымында, Порошенконун идеологиясы евроинтеграцияны колдогон майданчылар менен Тимошенконун каршыларына, а программасы элдин бардык катмарына эсептелген жана орусиячылдардын да кызыкчылыгын эске алат.

“Вашингтон Пост” гезитинин жазышынча, 25-майда Украинанын чыгышындагы Донец жана Луганск облустарында шайлоонун болушуна Орусия колдогон согушчандардын жол берери күмөндүү. Бул эки чөлкөмдө шайлоочулардын 14 проценти жашайт. 1 миллион калктуу Донецк шаарында шайлоо комиссиясы 19-майда согушчандар тарабынан жабылганын Рейтер агенттиги билдирген. Ички иштер министри А. Аваков да бул эки облустун чоң бөлүгүндө нормалдуу шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес экенин мойнуна алган.

Президент Путин 19-майда Украинанын чек арасындагы 40 миң аскерди өз бөлүктөрүнө кайтууну буйруду. Буга чейин да эки жолу аскерлер өз казармаларына кайтты деп жарыя кылган. Бирок НАТОнун башкатчысы жана Ак үй орусиялык аскерлер козголгонун күбөлөгөн эч кандай белги жок экенин билдиришти.

Азыркы шартта шайлоочулар “жети өлчөп” туруп, 5 процентке жетпеген рейтинги барлар үчүн эмес, бараандуу талапкерлерди колдоп добуш бериши зарыл дейт киевдик саясый серепчи Александр Палий:

- Украина, украин коому саясый жактан такшалганын көрсөткүсү келсе, 3-5 процент рейтинги бар майда-барат талапкерлерге добуш бербестен, биригип туруп жаңы бийликти тез шайлоонун аракетин жасашы керек.

Талдоочулардын айтымында, Тимошенкону көбүн эсе талапкерге суроо аз берчү кыштак жеринин эли жана элдин төмөнкү катмары колдойт. Ошон үчүн, Тимошенко демейде социологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөн көп добуш алат. Муну билген Тимошенко ушу тапта айыл-кыштактарда шайлоо өнөктүгүн кызуу жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG