Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

Путиндин "Новороссия" деген айбатынын артында эмне жатат?


Эч кандай эн белгиси жок аскерлер Крaматорск шаарынын четиндеги жолдо жикчилдер орноткон тосмонун жанында күзөттө турушат. 2-май, 2014-жыл

Эч кандай эн белгиси жок аскерлер Крaматорск шаарынын четиндеги жолдо жикчилдер орноткон тосмонун жанында күзөттө турушат. 2-май, 2014-жыл

Орусия март айында Крымды а-бу дегиче аннексиялап алгандан көп узабай Украинанын чыгышында москвачыл жикчилдер баш көтөрдү.

"Миң жолу кайталанган калп чындыкка айланат"

Соңку маалыматтар боюнча Донецк, Луганск облустарындагы ондон ашуун шаарда өкмөттүк кеңселерди, анын ичинде милициянын жана прокуратуранын имараттарын орусиячылдар басып алышты. Алар бийликти басып алган шаарларда кеминде үч миллион эл жашайт. Орусиячылдарды украин өкмөтү менен Батыш өлкөлөрү "жикчилдер", "террористтер", орусиячыл "согушкерлер" деп атаса, орус маалымат каражаттары аларды «федерализимдин жактоочулары», "митингчилер", "ыктыярдуу ополчениенин" мүчөлөрү, "өздөрүн коргоо отряддары" деп атоодо.

Украинаны түгүл, эл аралык коомчулуктун тынчын алган мындай куралдуу топторду кандай деп атабайлы, сөздүн мааниси өзгөрбөйт. Маселе, Орусиянын маалымат каражаттарынын чындыкты бурмалоодо фашисттик Германиянын башкы пропагандачысы Геббельстин усулуна ылайык иштеп жатканында деди "Азаттыкка" берген интервьюда чехиялык саясый серепчи Ефим Фиштейн:

- Украинанын чыгышындагы куралдуу күчтөр ыктыярдуу ополченецтерби же жикчил сепаратисттерби? Менимче, бул жерде кеп сөз жөнүндө болуп жаткан жок. Сөз менен ойносо болот. Ополченецтер же өзүн өзү коргоочу күчтөр (силы самообороны) ошол эле Крымда болгон куралдуу адамдар. Владимир Путин коомчулукка сүйлөп жатып, Крымдын базарында "бронетранспортерду сатып алса болот" деген. Эгер БТПны сатып алуу ошондой эле жеңил болгону менен эки-үч күндүн ичинде мыкты уюмдашкан, мыкты куралданган, алдыңкы аскерий байланыш техникалары менен жабдылган өзүн өзү коргоочу күчтөрдү же, айталы диверсиялык иштерди жүргүзчү отряддарды бөтөн өлкөнүн ичинде түзүү жана куралдандыруу оңой иш эмес. Алардын эң жаңы байланыш техникалары менен жабдылганын америкалык расмий адамдардын маалыматтары жана жарыяланган фактылар тастыктап турат. Ошондуктан, маселе аларды кантип атоодо эмес. Орусиялык пропаганда чындыкты же чындыкка окшош нерселерди кантип айтышпасын, ал сөздөр ачыктан ачык күч колдонуу менен коштолуп жатпайбы. Тилекке каршы, чындык азыр эч кандай ролду ойнобойт. Чындыкты Владимир Путиндин көзгө илбей жатканы да ушундан. Ал эң оболу Крымда орусиялык аскерлер жок деп айтып алып, андан көп узабай орус аскерлерине Крым операциясын ийгиликтүү өткөргөнү үчүн сыйлык берип жатпайбы. Ал эми Орусиянын массалык маалымат каражаттары Крымды басып алууну согуш жүргүзүүнүн жаңы усулу деп даңазалап макташууда. Башкача айтканда, Геббельстик пропаганда жүргүзүүнүн идеясы кайталанууда. Ал "эгер артында куралдуу күч турса, миң жолу кайталанган калп чындыкка айланат" деген.

Москва Крымды өзүнө кошуп алганга удаа эле Украинанын чыгыш чек арасына аскерин жылдырып, 46 миллион элдүү коңшусуна айбат көрсөтүп, маневр өткөрө баштаган. Алардын саны Батыш булактарында 40 миңден кем эмес деп айтылды.


Диверсиялык топтордун аталары ким?

Киевдик талдоочу, отставкадагы полковник Микола Cyнгуровский Украинанын чыгышында өкмөттүк имараттарды басып алып, Слввянскта аскердик тик учактарды атып түшүрүп, ЕККУнун байкоочуларын барымтага алып жаткан орусиячыл жикчилдердин уюткусун мурдатан даярдалган мобилдүү топтор түзөрүнө токтолду: Орусиячыл активист Украин өкмөтүн колдоочуга тапанча мээлөөдө. Одессадагы кагылыш кез, 2-май

Орусиячыл активист Украин өкмөтүн колдоочуга тапанча мээлөөдө. Одессадагы кагылыш кез, 2-май



- Диверсиялык топтор аз сандуу, жакшы даярдалган, эл менен иштей билген мыкты адистер экени көрүнүп турат. Бул топко адамдарды жалдоо Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы жана Башкы аскерий чалгындоо башкармалыгы - ГРУ 2010-жылы Украинанын аймагында өз ишмердүүлүгүн эркин жүргүзүүгө мүмкүндүк алганда башталган. Диверсиялык топтордун катарында Орусиянын күч түзүмдөрүнүн адамдарынан башка дагы жергиликтүү кылмыш чөйрөлөрү менен камыр-жумур болуп кеткен жалданма активисттер да бар. Мына ушул топтор Борбордук бийликтин, азыркы эмес, акыркы 23 жылда өкүм сүргөн бийликке нааразы элди өз тегерегине жыйнай алды. Себеби, элдин баары кеңири жайылган коррупцияга, бардык бийликтин борбордо топтолгонуна, өкмөттүн экономикалык саясатына нааразы болуп, тажаган эле. Элдин Майданга чыгуусунун жүйөсү да ушунда. Азыр жанагы орусиячыл маанайдагы топтор элдин нааразылыгын зарыл нукка салып, аны өз артынан жетелөөдө. Ошон үчүн антитеррордук операцияларды өткөрүү жана эл менен сүйлөшүү, ошондой эле эмне туура, эмне натуура экенин түшүндүрүү кыйын болууда.

Бул ойду айткан Микола Cyнгуровский Киевдеги Разумнов атындагы Экономикалык жана саясый изилдөөлөр борборунун Аскерий программаларынын башчысы.

Ошол эле учурда АКШ, Германия, Евробиримдик баш болгон Батыш дүйнөсү Орусияны 17-апрелде Женевада жетишилген макулдашууну аткарбады деп күнөөлөөдө. Алардын айтымында, Украинадагы абалды жөндөөгө багытталган береги макулдашууга ылайык, Орусия Украинадагы жикчилдерди ээлеген имараттарын бошотууга жана курал-жарагын тапшырууга ачык үндөөсү керек болчу. Москва эч кандай милдеттенме албаганын айтып, тескерисинче, Батышты жалган маалымат таркатууда деп күнөөлөйтөдө.

Ал эми Украина парламентинин депутаты, башкаруучу “Батькивщина” партиясынын мүчөсү Анатолий Гриценко Орусияны күчкө таянып, өлкөнү тополоңго салууда деп күнөөлөдү:

- Орусия - агрессор. Ал Крымды басып алды. Биздин өлкөнүн 2,5 миллион элин алып койду. Ал аймакка Европанын бир нече мамлекетин жайгаштырса болот. Москва күчкө таянууда. Украинанын территориясына Орусия жөнөткөн диверсиялык топтор мамлекеттик мекемелерди басып алууда, биздин жарандарыбызды өлтүрүүдө; кара мүртөздүк кылып, аялдар менен балдарды калканч катары топ алдына коё берүүдө. Офицерлерде кыпындай эле этикасы болсо, андай кылышпайт болчу. Минтип биздин өлкөнү бейстабилдештирбейт эле.
"Өңүттүн" аудиоверсиясын бул жерден уга аласыз:


Украинаны федерализациялоонун максаты

Орусия тополоң күчөгөндөн тарып Украинада орус тилдүүлөрдүн укугу толук камсыздалышы үчүн өлкөнү федералдык башкарууга өтүүгө чакырууда. Москванын түшүнүгүндө федерализацияга ылайык, чыгыш Украинада автономиялуу региондор түзүлүп, алар тышкы саясатта вето укугуна ээ болушу абзел. Ал эми Украин жетекчилиги финансылык булактарды пайдаланууда жана башка чарбалык маселелерде жергиликтүү бийликтердин укугун кеңейтүүгө макул.

Украина президенттигине талапкер, мурдагы коргоо министри Анатолий Гриценко федералдык түзүлүшкө каршы:
Орусиячыл жикчилдер Донецкидеги облустук администрациянын жанында күзөттө турушат. 2-май

Орусиячыл жикчилдер Донецкидеги облустук администрациянын жанында күзөттө турушат. 2-май

- Украинага федерациянын кереги жок. Федерация Орусияга керек. Орусия биздин күнкорсуз өлкөбүздү өз үлгүсүндөгү жана өзүнө окшош кылып курууну каалайт. Анткени Орусия Федерациясында бир нече субьект бар. Алардын ар биринин өз парламенти, өз өкмөтү, а түгүл өз президенти бар. Бизде федерацияны түзгөнгө зарылдык же ал үчүн зарыл тийиштүү жагдай жок. Протестке чыккан эл федерацияны талап кылып жаткан жок. Украинанын бардык 25 облусунун эли жер-жерлердеги бийлик адамдарды тынчсызданткан маселелерди чечкенге жөндөмдүү болушун, чакан шаардын мэри же кыштактык советтин төрагасы ошол аймактагы элдин турмушуна тиешелүү нерселерди Киевге барып, макулдашпастан эле жайында өздөрү жөнгөрүп коюсун каалайт. Бул маселелер дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө жергиликтүү бийликтердин вазийпасына кирет. Борбордук бийликтин берегидей чарбалык-финансылык укуктарын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бөлүшүүсү же децентрализация конституциялык реформада каралган. Ошондо Борбор ички жана тышкы саясатка, коргонууга, саламаттыкты сактоого жана билим берүүгө байланыштуу маселелерге жооп берет. Андыктан бизге Путиндин каалоо-тилектерин уккандын кажети жок. Бул биздин өлкө. Анын конституциясын Путин эмес, биз өзүбүз жазабыз.

Украинаны федерализациялоо өлкөнү бөлүп жарууга алып барууну көздөгөн бузуку идея экенине Орусиянын жакын союздашы, Беларустун авторитарчыл президенти Александр Лукашенко да көңүл бурган.

- Федерализация эмне үчүн керек экенин сиздер эң сонун түшүнөсүздөр да. Береги федерализация эмнеге алып барарын да сиздер жакшы түшүнөсүздөр. Эгер ал (федерализация) юридикалык жактан жүзөгө ашырылса, иш жүзүндө украиндер өз колу менен Украинаны чыгыш жана батыш кылып бөлөт. Эртеси күнү бул федерацияны кимдир бирөө тартып алгысы келет, - деген Лукашенко 22-апрелде беларус парламентинде жасаган жылдык кайрылуусунда.


Жикчилдер эмне үчүн куралдандырылууда?

Серепчилердин айтымында, Украинанын чыгышындагы Москва башкарган жикчилердин жана куралдуу топтордун максаты 25-майга белгиленген президенттик шайлоону бул чөлкөмдө үзгүлтүккө учуратуу. Мыкты куралданган мобилдүү куралдуу топтор азыркыдай аракеттенсе, шайлоо болбой да калышы мүмкүн деп кооптонот талдоочу Микола Сунгуровский:

- Чыгыш Украинанын бир бөлүгүндө ар кандай бузукулуктар болуп, шайлоо болбой калышы мүмкүн. Ага карабай, президенттик шайлоо легитимдүү деп таанылышы ыктымал. Кээ бир участкаларда шайлоо болбоду деп таанылганы менен, жалпы өлкөдөгү шайлоочулардын 50 проценттен көбү добуш берген болсо, Украинада шайлоо өттү деп эсептелет. Башкача айтканда, президентти мыйзамсыз деп таануу мүмкүн болбой калат.

Украинанын чыгыш облустарында шайлоонун болбой калышынын коркунучу жөнүндөгү киевдик эксперттин пикирине чехиялык таанымал эксперт Ефим Фиштейн кошулбайт. Анын айтымында, эгер Украинанын чыгыш облустарындагы куралдуу жикчилдер бийликти басып алган шаарларда президенттик шайлоо болбой калчу болсо, Орусиянын бул аймактарды өлкөгө кошуп алуу жөнүндө суроо кырынан турат:

- Эгер бул күчтөр алдыда болчу президенттик шайлоого катышпай турган болсо, шайлоо жалпы Украинанын территориясында болбой калды дегенге жүйө болот. Демек, өлкө калкынын кайсы бир бөлүгүнүн эли шайлоого катышпаса, анда бери дегенде бул региондордогу добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы жарабайт дегенди билдирет. Ушундан улам, бул аймакта жергиликтүү бийлик органдарына башка шайлоо өткөрүшкө туура келет. Анан барып, бул регионду Орусияга кошуп алуу жөнүндө маселе кабыргасынан коюлат. Биз Крымдын тарыхынан билгендей, Орусия өтө ыкчам, ойлобогондой оперативдүүлүк менен бул аймакты өзүнө кошуп алууга уруксат берет. Бул ала жип менен тигилген орой сценарий. Бирок ал сценарий Крымда иштеди. Орусия эми андай мүдөөсүн Чыгыш Украинада жүзөгө ашырууга аракет кылууда. Ошондуктан шайлоону болтурбоого же шайлоону толук легитимдүү деп таанытпоо үчүн бар аракетин жасоодо. Орусия ага жетишчү болсо, Киевде биз сүйлөшкөндөй эч ким жок, себеби ал жакта мыйзамдуу бийлик жок, бирок Украинанын чыгышында сүйлөшкөнгө "Донбасс республикасы" жана "Луганск республикасы" сыяктуулар бар деп чыгат.

Украина парламенти - Жогорку Раданын мүчөсү, президенттикке талапкер Анатолий Гриценко өлкөдө мыйзамдуу бийликти камсыздоо үчүн 25-майга белгиленген жалпы элдик шайлоо сөзсүз өтүшү керектигин белгилейт. Москва февралдын аягында президент Виктор Янукович бийликтен оодарылгандан бери эле украиндерге жаңы президентти шайлатпаганга аракет кылып жатканын Украинанын мурдагы коргоо министри "Азаттык" менен маегинде белгилейт:

- Шайлоо өтүш керек, себеби мамлекетте башчы болушу абзел. Биздин конституция боюнча бир гана адамды - президентти жалпы эл шайлайт. Демек, бизде мыйзамдуу бийлик болуш үчүн шайлоону ыкчам өткөрүүбүз шарт. Мурдагы президент Янукович өз командасы менен Орусияда жашырынып жүрөт. Биз аны Интерпол аркылуу өткөрүп алганга аракет жасоодобуз. Орусия эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатат. Ушун үчүн өлкөдө мыйзамдуу бийликтин болушу абзел. А биз шайлоону тез өткөргөндүн аракетин кылуудабыз. Путин болсо ачыктан ачык эле шайлоо өнөктүгүн үзгүлтүккө учураткандын амалын кылууда. Андай аракетти өнөктүк башталганга чейин эле жүргүзүп жатты.


Украина - Орусия ортосунда согуш чыгып кетпейби?

Эгер Украинанын чыгышындагы коогалаңдар уланып, Орусия чек арадан аскерлерин алып кетпей кармап тура берсе, Киев менен Москва арасында аскерий тирешүүлөр болушу мүмкүнбү? Бул суроого киевдик эксперт, полковник Сунгуровскийдин жообу мындай болду:

- Менимче, мындай окуялардын болуп кетүү ыктымалдыгы бар. Аскерий жаңжалдын чыгып кетишине кенедей эле мүмкүнчүлүк бар жагдайда ага даярдануу керек. Мен мындай мүмкүнчүлүктү жокко чыгарбайм. Бирок Орусия-Украина ортосундагы согуш чыгып кетүү ыктымалдыгы өтө төмөн. Себеби, Чыгыш Украина Крым эмес. Биринчиден, бул аймакта орус тилдүү эл басымдуу көпчүлүктү түзбөйт. Экинчиден, орой айтканда, Орусия менен кошулууга умтулуу күчтүү эмес. Үчүнчүдөн, Крымда плацдарм катары кызмат кылчу Кара деңиз флотунун базасы бар болчу. Ошондуктан аскерлер кийүүчү “жашыл күрмөчөн” адамдарга жикчилдерге колдоо көрсөтүү жана референдумдун өтүшүн камсыздоо жеңил болду. Анын үстүнө Крым Украинанын материктик бөлүгү менен Перекоп кысыгы аркылуу байланышкандыктан, Киевден жиберилчү жардамды өткөрбөй коюу жеңил болду. Кремль ошентип Украинанын жаңы, жаш өкмөтүнүн кеңири масштабда каршылык көрсөтүүнү уюштура албаганынан пайдаланып, Крымды эпчилдик менен аннексиялап алды. Бул операция мурдатан даярдалган болчу. Украинанын чыгышын алсак, Кремлди натуура маалымат берип, алдап коюшту. Ал жакта Путин эсептегендей колдоо жок.

Украина жана Орусия ортосунда кеңири масштабда согуш чыгып кетүү коркунучу барбы? - деген суроого өлкөнүн мурдакы коргоо министри А. Гриценко болсо төмөндөгүдөй жооп кайтарды:

- Азыр Орусиянын аскерий коркунучу даана көрүнүүдө. Путин чечим кабыл алса эле армия анын буйругун кыңк дебей аткарат. Биз өлкөбүзгө каршы аскерий коркунучту көрдүк жана Крымды басып алган Орусиянын аскерлери ушу тапта биздин чек арада логлоп турушат. Мындай коркунучту НАТОго мүчө өлкөлөр да көрүүдө. Дал ошол үчүн алар өздөрүнүн мобилдүү күчтөрүн өз жерин коргоо үчүн жылдырууда. Анткени, Түндүк Атлантика уюмуна кирген өлкөлөр ортосунда жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим түзүлгөн. Ал келишимге ылайык, коркунуч болсо, ага каршы турууга жапырт камданышат. НАТО - Орусия ортосундагы куралдуу кагылыш болобу? Бул, биринчи кезекте, Путин өзүнүн империялык дымагын ишке ашыруу үчүн кандай кадамга барарына байланыштуу болот. Экинчиден, цивилизациялуу дүйнө бул коркунучту, кайра кайталайм, жалгыз Украина же Балтика мамлекеттери үчүн эмес, бүтүн планета үчүн коркунучту канчалык тез түшүнгөнүнө байланыштуу. Бул башкы суроо.

Орусиячыл жикчилдер Женева келишимине ылайык, куралдарын тапшырып, ээлеген имараттарын бошотпой кала берсе, болочокто Украина экиге бөлүнүп кетиши ыктымал деген да жоромолдорду маалымат булактарынан кездештирүүгө болот. Бул суроону Анатолий Гриценко узатканыбызда, андай сөз негизсиз экенин айтып, азыр эл аралык коомчулук үчүн Орусия Крымды басып алып, эл аралык принциптерди бузуп жатканын түшүнүүсү маанилүү деди:

- Мындай бүтүмдү ага кызыкдар же тийиштүү даярдыгы жок эксперттер жасайт деп ойлойм. Азыр дүйнө, ошондой эле Кыргызстан Путиндин үчүнчү миң жылдыкта бардык эл аралык укуктук нормаларды, принциптерди, цивилизациянын баалуулуктарын тепсеп, союлун көтөрүп алып, бүт дүйнөгө коркунуч жаратканын аңдап-түшүнүүсү керек. Маселе жалгыз Украинада эмес. Путин Латвия жана Эстониянын орус тилдүү калкынын абалына тынчсызданганын билдирди. Ага жооп ирети НАТОнун согуштук кемелери Балтика деңизине киргизилүүдө. Даниянын “Ф-16” согуштук учактарынын эскадрилиясы жана Британиянын “Тайфун” истребителдери Балтика мамлекеттерин коргоого жөнөтүлдү. Путин Украина жана Молдова өзүн өзү төбөлсүз деп жарыялаган Приднестровьени кысмакка алууда деп тынчсызданды. Ага жооп кылып, Румыния артиллериялык жана ракеталык бөлүктөрүн чыгыш чек арасына жылдырды. Путин “Ту-195МС” стратегиялык бомбардировщиктерин жиберип, Шотландиянын, Даниянын, Нидерланддардын абадан коргонуу системалары канчалык бекем экенин текшерип көрүүдө. Бул бомбардировщиктердин ракеталары ядролук бомба менен дүрмөттөлөт. Ушинтип Путин дүйнөгө фашисттик Германия жана Гитлер сыяктуу эле коркунуч туудурууда. Мындай коркунучту билүү керек. Себеби, Путин, бүгүн Украинага, эртең Балтика мамлекеттерине, бүрсүгүнү Кыргызстанга айбат көрсөтөт. Мурда Грузияга согуш ачпады беле. Коркунуч мына ушунда. Коркунуч Украинаны бөлүп жарат деген өңдүү Орусия Евробиримдик арасындагы тирешүүдө эмес. Анткени, Украинаны чыгышында жана түштүгүндө жашаган элди мурда НАТОнун аскер өтүгү менен коркутушкан. Алар кимдин өтүгү биздин жерибизди тепсеп жатканын жана жамандыкты алып келгенин көрүшүп, бир бүтүм жасашты. Ошондо дагы түштүк жана чыгыш Украинанын элинин 70 проценттен көбү федеративдик түзүлүштү жактырбайт. Алар Украинанын бирдиктүү жана бүтүн болуусун каалайт.
"Өңүттүн" аудиоверсиясын бул жерден угуңуз:


Путиндин "Новороссия" деген сөзүнүн жандырмагы

Чехиялык серепчи Ефим Фиштейн Украинанын чыгыш жана түштүк аймактарын басып алуу коркунучу бар экенин четке каккан жок. Бирок Украинадагы бейстабилдүүлүк улана берсе, ал үчүн шылтоо табылат деп боолголойт:

- Андай пикирлердин туура экени, алардын Москва ойлогон планга канчалык деңгээлде дал келгенинде. Бирок ал планды Москва жана Путин ишке ашыра алышабы деген суроо турат. Орусиянын максаты Украинаны бөлүп-жаруу экени Украинада биринчи күндөн бери эле болуп жаткан окуялардын мазмунун түзөт. Мындан эч кандай күмөн жок. Көпчүлүк серепчилер, ошондой эле президент Путиндин мурдакы кеңешчиси Андрей Ларионов Украинаны ыдыратуу Москванын сценарийинин маңызын түзөрүн эскертишкен. Аны кантип жана кандай кылып бөлүү - бул техникалык суроо. Бирок акыр аягында бир эле жыйынтыкты берет. Адегенде Украина мамлекет катары болбой калды деп жарыяланат. Андай болгондо, мамлекет алдындагы милдеттенмелерден эчтеме калбайт; Орусия бул жок болуп калган өлкө менен кол коюлган бардык келишимдерди тытып сала алат жана анын территориясын эрки каалагандай пайдаланууга мүмкүндүк алат. Анын территориясын ар ким каалагандай ээлейт. Бул теориялык корутундудан кийинки, Путин Украинаны мамлекет болбой калды, кокус пайда болгон мамлекет деп жарыялагандан кийинки экинчи кадам эмне болду? Владимир Путин Украинанын түштүк облустарын “Новороссия” деп атады жана Орусияга таандык деди. Эч кандай мындай административдик аталыш болгон эмес. Новороссия Сибирь сыяктуу эле тарыхый-географиялык аталыш. Украина мурда губернияларга бөлүнгөн жана Одесса, Херсон, Киев сыяктуу губерниялары болгон. Ошондуктан, Украинаны Новороссия деп бөлүү тарыхый жактан натуура. Чыгыш Украина деген да тарыхый биримдик болбогон. Крым да ушундай сценарий менен кошуп алынбадыбы. Крымда бир да орус өлгөн жок. Бирок майдандык эки активист мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Мына ушул жагдай геноцид деп аталды. Орусиянын диверсиялык отряддары Крымдагы Кара деңиз флотунун гарнизондорун пайдаланып, ополчение түзгөн. Дал ошол эле жолой менен Москва аскерлерди Крымдан Чыгыш Украинага жөнөтүүдө. Жоокерлер биз көргөн телеинтервьюларда Крымдан, Санкт-Петербургдан жөнөтүлгөндөрүн айтышпадыбы. Чыгыш Украинада орустар менен украиндер аралаш жашашкандыктан, алар өздөрүн элдик ополчениеденбиз же коргонуу отряддарынанбыз деп айта берет.

Ефим Фиштейн ошондой эле, Москванын Чыгыш Украинаны бейстабилдештирүүнүн максаты: Днестровье регионун Орусия менен туташтыруу дейт:

- Идея белгилүү. Путин маселени чебебиз, Приднестровьени курчоодон чыгарабыз дебедиби. Орусия Приднестровье аймагын курчоодон чыгаруу үчүн Украинанын Днестровье менен чектеш аймактарын ээлеш керек. Максат ушундай. Азыр Москванын жана Генштабдын стратегиялык борборлору бул маселенин үстүнөн өтө кылдаттык менен иштеп жатканынан мен күмөн санабайм. Орусиянын тышкы иштер министри кандай билдирүү жасабасын, аны Путин Батыш менен жүргүзүп жаткан оюндун бир бөлүгү деп түшүнүү керек.

Элинин көбү орус тилдүү Приднестровье аймагы Молдовадан көз карандысыздыгын 1990-жылы жарыялаган. Кийинки жылы Молдова менен болгон кыска согуштан кийин аймакка Орусия кошумча аскер киргизген. Ушу тапта да жарым миллион калктуу Приднестровьеде 1400дөй орус аскери бар.

18-апрелде эч бир өлкө тааныбаган жана өзүн Приднестровье Молдова республикасы деп атаган бул жикчил региондун парламенти Орусиянын Мамлекеттик Думасына кайрылуу жолдоп, төбөлсүз өлкө деп таанууну сураган. Анын алдында ушундай эле кайрылууну Улуттар Уюмуна, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна да жолдогон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG