Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Украина: алдыда коалиция куроо түйшүгү


Коммунисттер болсо 1991-жылы Украина төбөлсүздүккө жетишкенден бери биринчи жолу Жогорку Радага өтө алган жок.
Коммунисттер болсо 1991-жылы Украина төбөлсүздүккө жетишкенден бери биринчи жолу Жогорку Радага өтө алган жок.

Украиналыктар парламенттик шайлоодо европачыл партиялардын ишенимдүү жеңишинен кийин өлкөдө саясий стабилдүүлүк орнойт деп үмүт кылышууда.

27-октябрда чыккан алдын ала маалыматтарга ылайык, Петро Порошенконун блогу менен Арсений Яценюктун “Элдик майданынан» кийинки үчүнчү орунда 10,8 % добуш менен европачыл “Өз ара көмөктөшүү” партиясы экени маалым болду.

Президент Порошенко жекшембинин кечинде улуттук телеканал аркылуу жасаган кайрылуусунда шайлоочулар Украинанын Европага карай багытына бекем колдоо көрсөткөнүн айтты:

- Демократиячыл, европачыл күчтөрдүн парламентте элүү пайыздан ашык орун ээлеп, конституциялык көпчүлүктү түзүшү - Украина тарыхындагы биринчи көрүнүш. Бул деген украин элинин, украин мамлекетинин жана украин коомчулугунун саясий күчтөргө болгон ишенимин ачык көрсөтүүсү менен катар биз эч токтоосуз реформаларды жасашыбыз керектегин күбөлөөдө, - деген президент Порошенко коалициялык сүйлөшүүлөр дүйшөмбүдө башталаарын белгиледи жана «Элдик майданды” өзүнүн саясий блогунун башкы өнөктөшү деп атады.

Парламенттик шайлоодо беш пайыздык чектен өткөн дагы үч партия Жогорку Радада тиешелүү орундарын камсыздай алышты. Алардын ичинде басымдуу бөлүгүн мурдагы президент Виктор Януковичтин «Аймактар партиясынын” мүчөлөрү түзгөн «Оппозициялык блог» дагы бар.

«Оппозициялык блог» 9,78%, Олег Ляшконун радикалдык партиясы 7,4% жана мурдагы премьер- министр Юлия Тимошенконун «Батькивщинасы» 5,8% добуш топтой алды.

Коммунисттер болсо 1991-жылы Украина төбөлсүздүккө жетишкенден бери биринчи жолу Жогорку Радага өтө алган жок. Порошенко парламенттеги көпчүлүк өлкөнүн Конституциясына фундаменталдык өзгөртүү киргизерине ишенип турганын билдирди.

Орусияны кескин сындап, экономикалык реформаларды өткөрүү демилгеси менен батыш өлкөлөрүндө популярдуу болуп келген Арсений Яценюк башкаруучу коалицияны тезирээк түзүү зарылдыгын белгиледи.

- Мен жаңы өкмөт Украинаны өзгөртүп, реформаларды жүргүзө ала турган профессионалдардан түзүлөт деп үмүттөнөм, - деп айтты Яценюк.

«Оппозициялык блогдун» лидери Юрий Бойко бул шайлоону өлкө тарыхындагы «эң ыплас өткөн шайлоо» деп атап, бирок себебин тактаган жок.

Радикалдар партиясынын лидери Олег Ляшко «бул шайлоо биринчи жолу Украинаны Европа жана НАТОго жетелей турган украин парламентин түзүүгө мүмкүнчүлүк бергенин» белгиледи.

Орусия аннексиялап алган Крым жана орусиячыл козголоңчулардын карамагындагы Луганск жана Донецк облусундагы беш миллиондой адам добуш бере алган жок. Ал арада добуш берүү маалында өлкөнүн чыгышындагы шайлоо бекеттери украин армиясынын кайтаруусунда болду.

Сурамжылоолорго ылайык, Луганск жана Донецк облустарындагы 32 аймактык шайлоо комиссиянын 15и добуш берүүгө ачылган эмес. Анын жыйынтыгында, парламенттеги 450 орундун жыйырма жетиси бош бойдон калды.

Козголоңчулардын карамагындагы Донецк жана Луганск облустарынын лидерлери «элдик республикалар” деп атап алган аймактарда 2-ноябрда өзүнчө шайлоо өткөрүп, өз алдынча парламент шайлаарын билдиришти.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин Украинадагы шайлоолор «таза эмес жана катаал шарттарда жүргүзүлгөнүнө карабай, "өттү" деп кабыл алынаарын» Интерфакс агенттигине айтты.

Украиналыктар жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодо европачыл партиялардын жеңиши бир жылдык саясий олку-солку жашоодон кийин жана өлкөнүн чыгышындагы орусиячыл козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөрдүн бир нече айга созулган куралдуу кармаштарынан соң өлкөгө стабилдүүлүк орнотооруна үмүттөнүшөт.

XS
SM
MD
LG