Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

УКРАИНАДА НААРАЗЫЛЫК МИТИНГДЕРИ УЛАНУУДА


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Украина парламентинин сессиясы натыйжасыз аяктады. Өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесине байланышкан талкуулар шаршемби күнү улантылганы жатат. Анын аралыгында өлкөнүн жогорку соту Виктор Ющенконун 21-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча берген арызын кароону улантууда. Киевде болсо шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп жарыялоону, өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылган митингдер уланууда.

Бийлик мөөнөтү соңуна чыгып бараткан президент Леонид Кучма дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө шайлоодо мыйзам бузуулар кетирилгенине байланыштуу добуш берүү кайталанууга тийиш, деп айтты. Андан эки күн мурда болсо парламенттин чукул сессиясы өлкөдө кайталап шайлоо өткөрүү керек деген чечим чыгарган.

Украинын жогорку соту оппозиционер Виктор Ющенконун арызын кароону 30-ноябрда улантты. Ющенко бийликти добуш берүүнүн жыйынтыгын Виктор Януковичтин пайдасына бурмалады, шайлоо учурунда сандаган одоно мыйзам бузууларга жол берди, деп айыптап келатат.

Виктор Янукович жогорку сот кандай чечим чыгарбасын, аны урматтай турганын айтууда.

-Эгерде бурмалоолорго жана алдоого жол берилгендиги аныкталып, эксперттер тарабынан айныксыз тастыкталса, мен соттун чечимине макул болом,- деди Янукович.

Ал ошондой эле эгерде сот дагы бир жолу шайлоо өткөрүү жөнүндө чечим чыгарса, шайлоого Ющенко экөөнүн тең катышпай койгону оң боло турганын билдирди. Президенттикке талапкер мындай талабын, өлкөнүн биримдигин жана бүтүндүгүн сактап калуу мүдөөсү менен түшүндүрдү.

Анын аралыгында Киевде Ющенконун тарапкерлери нааразылык митингдерин улантууда. Ал эми өлкөнүн чыгыш региондорунда болсо Януковичтин тарапкерлери эгерде сот Януковичтин жеңгендигин төгүнгө чыгарса, Чыгыш чөлкөмдөргө автономия берүүнү талап кылып жатышат. Донецк чөлкөмүнүн акими Анатолий Близнюк ушул жекшембиде өткөрүлөт деп белгиленген референдум кийинкиге жылдырылганын, бирок андай референдум баары бир өтөрүлө турганын билдирди.

Ющенко бийликтен чыккан жикчилердин мындай кадамын кескин сынга алды:

-Мындай амал шайлоодо жеңилип калган бийликтин, шайлоону бурмалоого катышкан Харьков, Луганск, Донецк, Одесса жана Крымдын бийликтеринин колунан келди. Алар кылган кылмышы үчүн жоопкерчиликтен ушундайча качып кутулгулары бар. Шайлоону уттуруп койгон тарап ошон үчүн бөлүнүү идеясын көтөрүп чыгып отурат. Украинанын карапайым жарандарынын бөлүнүүгө ниети жок,- деди Ющенко.

Оппозиция лидери түзүлгөн опуртал жагдайда өлкө өкмөтү көзөмөлдү колунан чыгарып жибергенин билдирип, парламенттен өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүүсүн талап кылды. Бирок парламенттин шейшемби күнкү сессиясы натыйжасыз аяктады. Спикер Володимир Лытвин парламент бул маселени шаршемби күнкү сессиясында кароону уланта турганын билдирди.

Сессия өтүп жаткан чакта Ющенконун тарапкерлери парламенттин имаратынын айланасындагы тосмону жарып өтүп, "Ющенко, Ющенко" деп кыйкырып жатышты.

Өлкөдөгү саясий кризис, украин коомчулугундагы бөлүнүп-жарылуу дүйнө коомчулугуну тынчсыздануусун күчөттү. Еврошаркеттин тышкы иштер боюнча жооптуу кызматкери Хавьер Солана Украинага кайра барып, кризисти чечүүдө ортомчулук кылганы жатат. Ал Украинада өткөн жума күнү болгон эле. Россиянын Мамдумасынын спикери Борис Грызлов Украинада уланып жаткан кризис кан төгүүлөргө алып келиши мүмкүн деп тынчсызданып, кризистин жоопкерчилигин бүтүндөй оппозицияга жүктөдү. Ал эми АКШнын тышкы иштер министри Колин Пауэлл кризисти тынчтык жол менен жөнгө салууга жана Украинанын биримдигин сактап калууга баардык аракетти жумшоого үндөөдө.

XS
SM
MD
LG