Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:34

УКРАИН ЫҢКЫЛАБЫ: ВИКТОР ЮЩЕНКО КИМ?


Тынчтыкбек Чоротегин: Прага шаары Украин оппозициясынын лидери, президентикке талапкер Виктор Ющенконун ысымы ушул күндөрү бүт дүйнө жүзүндө улам-улам оозго алына баштады, бирок анын саясий бейнеси өлкөдөн сырткаркы коомчулук үчүн анча белгилүү эмес. Деги, Украинанын алтын күздөгү ыңкылабынын жолбашчысына айланган бул инсан ким?

Дүйнөдө анча-мынча гана саясатчы жүз миңдеген кишилер демонстрацияга улам жигердүү чыгып, өзүн колдоого алган учурга арзыса керек. Дал ошондой саясий жетекчилердин бири – украин Виктор Ющенко.

Аны Вацлав Гавел менен да, Андрей Сахаров менен да салыштыра албайсыз, анткени коммунисттик режим маалында Ющенко диссиденттердин катарында болгон эмес. Ал бийликтен кол жууган соң оппозицияга өткөн эски советтик «партократ» аткаминерлерге да жатпайт.

Британиядагы Бирмингэм университетинин Украина боюнча адиси Катарина Волчуктун (Kataryna Wolczuk) оюнча, Ющенко Чыгыш Европа аймагында саясий сахнага соңку он жылдыкта келген айырмалуу саясатчы:

- Ал, негизи, саясатка анча көңүлсүрөбөй келген банкир. Аны мурдагы коммунисттик мамлекеттердеги ыңкылаптарда саясий сахнага чыккан элдик жолбашчылардын эч бирине теңештире албайсыз.

Ющенко мырзанын өмүр жолуна кыскача кайрыла кетели.

Ал 1954-жылы 23-февралда Украинанын түндүк-чыгышындагы Хоруживка деген чакан кыштакта туулган. 1975-жылы Тернополдо Каржы-экономикалык институтту бүткөн соң, колхоздордун биринде экономист кызматында эмгек жолун баштайт. Бир жылдан соң советтик мамлекеттик банктын жергиликтүү бөлүмүнө ишке которулат. Андан кийинки эмгек жолу банк системасындагы ар кыл деңгээлдеги кызматтар менен байланыштуу болду.

1993-жылы Виктор Ющенко жаңыдан түзүлгөн Украина Улуттук банкынын төрагасы болуп калды. Анын тушунда өлкө өзүнүн улуттук валютасын киргизди. Өлкөнүн монетардык саясаты ийгиликтүү жүргүзүлдү деп табылды.

1999-жылы ал учурдагы президент Леонид Кучма тарабынан өкмөт башчылыгына дайындалды.

2001-жылы апрелде Ющенко баштаган өкмөт парламентте ишеним ала албай кулаган соң, ал «Биздин Украина» аттуу саясий ынтымакты түзүп, оппозициячыл лидерлердин катарына кошулду.

Адистердин айтымында, Ющенко өкмөттү башкарып турган чакта өлкөдө маяналар убагында төлөнгөн каржылык туруктуу кырдаал калыбына келтирилген.

«Азаттыктын» серепчиси Ян Максимюктун (Jan Maksymiuk) оюнча, Ющенко бийликте турган кезде жетишилген экономикалык саясат жаатындагы ийгилик кийинчерээк анын оппозициячыл жетекчи катары кадыр-баркка тез арада ээ болуусуна огожо болду:

- Ющенко Украинада базар экономикасы жана демократиялык өкмөт иштей алаарын далилдеген алгачкы өкмөт башчы болду.

Калайык арасында кеңири тараган айың кепке караганда, Ющенконун өкмөтүнүн кулашынын башкы себеби – ал өлкөдөгү «жаңы украиндердин», башкача айтканда, пост-советтик доордогу олигархтардын куйругун басып алгандыгы менен байланыштуу имиш.

Бийликтен четтегенине карабастан, Ющенко мырза быйылкы күзгө чейин байистүү саясатты туткан оппозициячыл лидер катары иш жүргүзүп келди. Бирок өкмөт аны батышчыл деп айыптап, ал тургай өкмөтчүл басма сөздө аны АКШнын Борбордук чалгын агенттигинин тыңчысы дегенге чейинки жардыктар тагылганда, Ющенко өзү да акырындап радикалдаша баштады.

Президентик шайлоо өнөктүгү маалында (сентябрда) ал капысынан сыркоолоп калды. Ющенконун оюнча, аны өкмөт тарабы ууландырууга аракеттенген. Эл да анын кебете-кешпиринин кескин өзгөргөнүн, чечек оорусуна кабылгандай белгилер жүзүндө пайда болгонун байкабай койгон жок.

Дал ушул жагдайлар Ющенкону колдогон атуулдардын санын саат санап өстүрдү.

Айрым айың кептерге караганда, Ющенкону өлкөнүн батышындагы улутчул украиндер гана колдоп келет имиш. Бирок мындай ой турмуш чындыгынан алыс, - дейт серепчи Максимюк:

- Азыркы президенттик шайлоо көрсөткөндөй, Ющенко Днепр дарыясын кечкен алгачкы батышчыл саясатчы болду. Аны Днепрдин Батыш өйүзүндөгүлөр гана эмес, чыгыш өйүзүндөгү аймактар да колдоп беришти.

Өзүн Олег деп тааныштырган украин жигити Ющенкону жалаң гана украиндер колдойт деген жоромолду да четке кагат:

- Мен билген орустардын бардыгы Ющенко үчүн добуш беришти. Ошондой эле, Виктор Янукович үчүн добуш берген украиндерди деле билем. Бирок Януковичти колдогон орустарды учураткан жокмун.

Дагы бир айың кептин бутасы – Ющенконун жубайы. Ющенко мырза америкалык Катерина (Kateryna Yushchenko-Chumachenko) деген айымга үйлөнгөн. Анын жубайы бир кезде АКШнын Мамлекеттик департаментинде, башкача айтканда, тышкы иштер министрлигинде иштеген. Ющенкону «батышчыл» деп айыптаган анын каршылаштары бул жагдайды да көз жаздымынан кетирген жок.

Дегиңкиси, Ющенкону декабрдын соңунда дагы кандай сыноолор күтүп турганын эч ким алдын-ала айта албаса керек. Бирок ал украин күзүнүн ыңкылабынын символу болгонун эл аралык коомчулукта эмитеден эле байма-бай сөз кыла башташты.

XS
SM
MD
LG