Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кеңешме өтүүдө


Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча бүгүн Ош шаарында өкмөттөр аралык кезектеги жыйын башталды. Эки күндүк жолугушууга кыргыз тараптан вице-премьер Жеңиш Разаков, өзбек тараптан өкмөт башчынын орунбасары Адхам Икрамов катышууда.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, алар чек арага байланыштуу маселелерди тезирээк чечип, өз ара достук ымаланы бекемдөө зарылдыгын белгилешти.

Бул жолку жолугушуу мурдагылардан айырмаланып, жабык өтүүдө.

2016-жылдын соңунда президенттер Алмазбек Атамбаев жана Шавкат Мирзиёев Самаркандда кезигишкен. Анда мамлекеттер аралык маселелер боюнча январь айында сүйлөшүүлөр болору айтылган.

Расмий кабарларга ылайык, 1378 километрге созулган кыргыз-өзбек чек арасынын 320 километри тактала элек. Талаштуу аймактарда түрдүү пикир келишпөөчүлүктөр болуп турат. (SE)

XS
SM
MD
LG