Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Ысык-Көл облакимчилиги авиакырсыкта жабыркагандарга жардам берет


Кырсыктан кийинки көрүнүш.
Кырсыктан кийинки көрүнүш.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө иштегендер бир күндүк эмгек акысын Чүйдө авиакырсыкта набыт кеткендердин жакындарына беришет. Мындай чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүндө 35 кызматкер иштейт.

Мурдараак Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы ушундай чечим кабыл алган.

Бүгүн эртең менен Боинг-747 үлгүсүндөгү Түркиянын жүк учагы Чүй облусунун аймагында кулап, отуздан ашуун адам набыт кетти. Арасында балдар да бар. Көз жумгандардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары жайкын тургундар. Дача-Суу айылында жыйырмадан ашуун турак-жай кыйрады. Ооруканага түшкөндөрдун саны ондон көп.

17-январь – Кыргызстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Маалыматтарга караганда, учак Гонконгдон Стамбулга учуп баратып, май куюу үчүн “Манас” аэропортуна конуп жатканда кырсыкка кабылган. (AsM)

XS
SM
MD
LG