Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Украинада чукул шайлоо өтөт


20-февраль, 2014-жыл.
20-февраль, 2014-жыл.

Виктор Янукович Украина 2004-жылдагы президенттин укуктары чектелген эски Конституцияга кайтаарын бышыктады. 10 күн ичинде убактылуу өкмөт куралат.

Интернеттеги сайтында президент Янукович эми президенттик чукул шайлоо болоорун жазды. Бирок ал шайлоонун качан өтөөрүн билдирген жок. Беш жылдык мөөнөтү келерки жылы аяктап жаткан Янукович ошондой эле өлкө 2004-жылдагы мамлекет башчынын укуктары чектелген мурунку Конституцияга кайтаарын бышыктады.

Украин президенти улуттук биримдик өкмөтүн куроого киришкенин дагы билдирди. Бул жарыя Киевде Европа Биримдигинин жана Орусиянын арачылары катышкан эки тараптуу сүйлөшүү өтүп жатканда жасалды.

Киев шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалымдашынча, соңку үч күндөгү көчө кагылыштарда 80дей кишинин өмүрү кыйылып, 550дөй адам жарадар болду. Ички иштер министрлиги “экстремисттерди” коопсуздук күчтөрүнүн 67 кызматкерин барымтада кармоодо деп күнөөлөдү.

Ондогон адамдардын өмүрүн алган кагылышуулардан кийин абалды жөндөө үчүн армия колдонулса, солдаттар элге каршы курал колдонбойт жана андай буйрукту аткарбайт деп чочушууда. Ушундай пикирин Украина куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын мурдагы акими, генерал-полковник Анатолий Лопата да айтты:

- Биз бүгүн ошол эле проблемаларды Ички иштер министрлигинин күчтөрүндө, полицияда көрүүдөбүз. Эгер кылмыштуу буйруктарды аткарууга туура келсе же солдаттарга өз элин, апаларын, эжелерин жана ата-энелерин сабоого туура келсе, куралдуу күчтөрдө баш ийбөөчүлүк болорунан күмөн санабайм.

Мындай кооптонуу жоокерлердин 60 процентке жакыны аскерий кызмат өтөө милдетин аткарып жүргөндөр экенине байланыштуу. Аскерге акыркы чакырык былтыр октябрда болуп, армияга алынгандардын өзөгүн ыктыярдуулар түзгөн.

Солдаттар көбүнесе үйүнө жакын жерде кызмат кылышкандыктан, армияны нааразыларды басууга сала берсе, жердешчилик деген балакет чыгып кетиши мүмкүн деген да чочулоо да бар. "Андай кооптонууга бир аз да болсо жүйө бар",- деди Москвадагы Нью-Йорк университетинин профессору Марк Галеоти:

- Өткөн жылдары аскерий жетекчилик армияга чакырылгандар өзү жашаган аймактан сырт жакта кызмат кылуусу үчүн көп аракет кылышты. Бирок армияда кызмат кылуунун масштабы азая баштагандыктан, аны аткарууга жакшы ыклас болбоду. Анын натыйжасында, көпчүлүк кайдан чакырылса, ошо жакта кызмат өтөп калды окшойт.

Профессордун айтымында, аскерде өз регионунда кызмат өтөө "армия улутка кызмат кылчу жалпы мамлекеттик институт" деген талашсыз чындыктын рухуна ылайык келбейт.

Украинанын ички иштер министрлигинин өкүлү Сергей Бурлаков “Россия 24” телеберүүсүнө 20-февралда берген интервьюда Киевдеги абалды мындай мүнөздөдү:

- Элдешүүгө жана Украинадагы улуттук аза күтүү күнүнө карабай - биз бул жаңжалда өлгөндөрдүн баарына аза күтүүдөбүз – Майдандагы экстремисттер кайрадан ого бетер активдешип, басып алынган консерваториянын имаратынан полиция кызматкерлерин мээлеп ок атышты. Алар сыягы снайперлик куралдардан атышууда. Полиция жана ички иштер күчтөрү өкмөттүк кварталга жакын жайгаштырылды. Биз Майданда ок атуучу, ошондой эле автоматтык куралчан жүргөн көптөгөн адамдарды көрүүдөбүз.

Дарыгерлер антиөкмөтчүл протестчилер менен полиция арасындагы көчө кагылыштарында жарадар болгон адамдарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн күнү-түнү иштешүүдө.

Киевдин Төбөлсүздүк аянтынан түз көрсөтүү

Институтская көчөсүнөн түз көрсөтүү


Киевдеги №17 оорукананын башкы врачы Микола Демин 20-февралдагы маалымат жыйынында курман болгондордун көбү октон ажал тапканын билдирди:

- Бир адамга ок көзүнөн кирип, мээсинде туруп калган. Ок башка бирөөнүн кекиртегинен кирип, өпкө - боорун тытып кеткен. Үчүнчү бир адамдын өпкөсүнө жана көк бооруна тийген. Төртүнчү адам гранатанын сыныгы башына тийип, алган жараатынан жан берди.


Бийлик да, оппозиция да бири-бирин каруу-жарак пайдаланууда деп күнөөлөдү. Анатолий деген демонстранттын эки бутуна гранатанын сыныктары тийип, катуу жараат алган. Ал азыр ооруканада дарыланууда: “Ыштансыз калдым. Бут кийимчен элем. Бут кийимим менен шымым шыпырылып калды".

Украин дарыгерлердин айтымында, алар жарааттан өлгөн адамдарды ары-бери ташып, гранаттан, октон жана таштан жарадар болгон адамдардын жаратын таңып, согуш майданындагыдай катаал жагдайда иштешүүдө.

Киев шаарынын мэри Владимир Макиенко ондогон адамдардын өмүрүн жалмаган ордо калаадагы калайманга нааразылык ирети башкаруучу Региондор партиясынан чыкканын жарыя кылды. Макиенко Киевдеги соңку кандуу булоонду "украин элинин трагедиясы" деп атады.

Киев: күч органдары курал колдонууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:31 0:00

Кремл Януковичтин өтүнүчү менен оппозиция менен сүйлөшүүдө арачылык кылууга белгилүү адам укугун коргоочу В. Лукинди жөнөтөрүн билдирди.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери 20-февралда кечинде Киевдеги кандуу калабага тиешеси бар жана ашыкча күч колдонууга жооптуу расмий адамдарга каршы санкция колдонулсун деп чечти. АКШ жыйырма украин чиновнигине каршы санкция киргизди. Ак үй украин элине каршы курал колдонулганын айыптады, президент Януковичти Киевдин ортолугунан тез чыгарып кетүүгө жана нааразылардын тынч демонстрация өткөрүү укугун сыйлоого, ошондой эле, аларды өз оюн тынч билдирүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG