Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:39

Лукашенко беларустарды "украин катасынан" сабак алууга чакырды


22-апрелде Беларус президент Александр Лукашенко парламентте улутка жылдык кайрылуу менен чыгып, “кошуна өлкөлөрдүн катачылыгынан” сабак алууга чакырды. Украинадагы кризистин себебин ал “алсыз экономика жана бардык катмарды каптаган коррупция” менен байланыштырды.

Лукашенко Беларусияда коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүрөрүн, орус тилин болсо мамлекеттик тил катары сактап калуу керектигин белгиледи. Беларус президенти Украинанын бирдиктүү болушун, ошол эле мезгилде Орусия менен бир болууну жактарын билдирди:

- Бардык кыйын кырдаалдарда биз Орусия менен болобуз. Анткени ал биздин союздашыбыз.

Беларус президенти өз жарандарын биримдикте болууга үндөдү. (AiT)

XS
SM
MD
LG