Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Украина: "ушакта" жаткан улуу сөз


Журналисттер митингде бир да маалыматы жок гезитти элестеткен актай барактарды кармап турушту, Киев, 1-октябрь, 2012
Журналисттер митингде бир да маалыматы жок гезитти элестеткен актай барактарды кармап турушту, Киев, 1-октябрь, 2012

Украинада журналисттер “ушак таратуу” деген түшүнүктү Кылмыш кодексине киргизген мыйзам долбооруна каршы чыгууда.

Киевде Жогорку Раданын маңдайына чогулган 100гө жакын журналист бул өлкөдө “ушак таратуу” деген түшүнүктү кайрадан Кылмыш кодексине киргизүү боюнча даярдалган мыйзам долбооруна нааразылык билдиришти.

Украинада азыр бийликте турган Региондор партиясы сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда “бирөөнүн абийирине шек келтирип ушак таркаткан” деп табылган журналисттерди беш жылга чейин түрмөгө отургузуу каралган.

Парламент ал документти өткөн айда биринчи окуудан өткөргөн эле. Бирок 28-октябрда өтө турган парламенттик шайлоонун алдынан мындай окуянын болуп жатканы өлкөдө журналисттер жана укук коргоочулар арасында кескин нааразылыкты жараткан. Ошондуктан ал боюнча талкуу кийинкиге калтырылган. Анда медиа коомчулугу муну жумуриятта басма сөз эркиндигине болгон ачык чабуул катары кабыл алганы бар.

Артка кадам

Кечээ Киевдеги демонстрацияда адамдар колдоруна: “Эл өкмөт жөнүндө эмне ойлосо – баары ушак!” деген өңдүү плакаттарды кармап турушту. Алар парламентке депутаттар кирип бараткан учурда аларга карап: “Уят! Уят!”, - деп кыйкырып турушту.

Митингге келгендердин айрымдары азыр талкууга коюлган мыйзам долбоорун Советтер союзунун учурунда ооган согушу же ал тапта “жабык” деп эсептелген темаларга кайрылган кабарчыларга басым жасаш үчүн колдонулган мыйзамдар менен салыштырышты.

Алар парламенттен 2-октябрдагы сессиясында бул мыйзам долбоору боюнча талкууларды токтотууну, документти артка кайтарууну талап кылышты.

Киевдеги бул демонстрациянын координатору Андрий Яницкий “Азаттыктын” украин редакциясына сүйлөп жатып, непада талап аткарылбаса, анда нааразылыкка чыгууну уланта беришээрин, кийинкиси кечээгиден алда канча үлкөн болоорун айтты.

Украинадагы көз карандысыз медиа кызматкерлеринин союзунун мүчөсү Яницкий бул мыйзам долбоору боюнча аракетти токтотуш үчүн, керек болсо бүтүн өлкө боюнча журналисттер иш таштоого даяр экенин да кошумчалады.

"Натуура учур"

Ал арада парламенттин төрагасы Володимир Литвин бул күнү парламенттик комитеттин жыйынында сүйлөп, алар мыйзам долбоорунан баш тартышы мүмкүн экенин, ал жеке өзү аны колдобой турганын билдирди.

"Биз эртең ишибизди чү дегенде эле ушул мыйзам долбоорун кароодон такыр эле алып салуу боюнча добуш берүү менен баштайбыз, - деди спикер. - Ошондо бул маселеге толугу менен чекит коюлат".

Президенттин парламенттеги өкүлү Юрий Мирошниченко мыйзам долбоорун талкуудан алып салууну ушул айда парламенттеги Конгресстер кеңешинин жыйынында сунуш кылам деп ойлоп жүргөнүн билдирди.

Анын сөзүнө караганда, президент Виктор Янукович өзү деле бул документ натуура учурда сунуш кылынып калды деп эсептейт. Бул жөнүндө президент жакында Нью-Йоркто журналисттерге айткан экен.

Януковичти Батыштагы өкмөттөр 2010-жылдын февралында бийликке келгенден бери демократиядан тайып, барган сайын авторитардык дымагы арта баштаганы үчүн сындап жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG