Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Чек ара кызматы: Баткенде абал туруктуу


22-январда кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан Баткен районунун аймагында абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда аталган аймакты абалдын курчушуна жол бербөө үчүн эки өлкө чек арачылары биргеликте күзөтүшүүдө.

Чек ара кызматы 22-январда кыргыз жана тажик жарандарынын ортосундагы чатактан улам бир үй жана төрт автоунаага зыян келгенин ырастады. Чатак орун алары менен Кыргызстан жана Тажикстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү дароо жолугуп, абалды турукташтыруу жана окуяны иликтөө үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

“Ошондой эки өлкө жарандарына түшүндүрүү иштери жүрүп жатат”- айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.

22-январда кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Баткендеги Көк-Таш айылында кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда чыр орун алган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, саат кечки бештер чамасында эки тараптан отуздай киши топтолуп, бир күн мурда чырлаша кеткен жаштар боюнча сүйлөшүп жатканда кайра жаңжал чыккан. Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөровага тажик жарандары кол көтөрүп, ал ооруканага түшкөнү айтылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG