Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Коалиция Ракканы "ИМден" тазалоо операциясын баштайт


Ракканы 2013-жылдын март айында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу басып алган.
Ракканы 2013-жылдын март айында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу басып алган.

АКШ башында турган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүп жаткан коалиция Сириянын Ракка шаарын согушкерлерден тазалоо операциясына даярдыктар башталганын билдирди.

Коалициянын бул билдирүүсү коңшу Ирактагы экинчи ири шаар Мосулду “Ислам мамлекети” радикал уюмунан тазалоо операциясы учурунда жарыяланды.

Парижде өткөн маалымат жыйында АКШнын коргоо министри Эштон Картер эки операция бир маалда жүрөрүн билдирди.

- Биз Ракканы курчоого алуу үчүн өнөктөштөрүбүз менен бирдикте операцияны баштадык. Муну ишке ашыра турган жергиликтүү күчтөрдү түптөөгө жардам беребиз. Ирактагы жана Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук тобунун уюктарын жок кылуу - бул биздин кампаниянын башкы максаттарынын бири. Биз бул планды ишке ашыруу үчүн туура жолдо баратабыз, – деди Картер коалицияга кирген 13 мамлекеттин коргоо министрлери менен жолугушкандан кийин.

Ал операция качан башталарын тактаган жок.

Ракка ушу тапта аёосуз согуш жүрүп жаткан Алеппо шаарынан 160 чакырым алыстыктагы Сириянын түндүгүндө жайгашкан шаар. Ал 2013-жылдын март айында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун карамагына өтүп, террорчулардын борбору катары жарыяланган.

XS
SM
MD
LG