Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:38

Киевде евроинтеграциянын жактоочулары нааразылык акциясын улантышууда. Демонстрация өтүп жаткан жерде Батыш өлкөлөрүнүн айрым элчилери, Евробиримдиктин Украинадагы өкүлү Ян Томбинский болушту.

Михайлов монастырынын жанына миңдей киши чогулганы кабарланууда. "Батьковшина" фракциясынын лидери Арсений Яценюк оппозиция жалпы иш таштоого даярданып жатканын билдирди.

Оппозиция өкмөттүн кызматтан кетүүсүн, мөөнөтүнөн мурда парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүүнү талап кылууда.

Мурдагы премьер-министр, 7 жылга эркинен ажыратылган Юлия Тимошенко колдоочуларын жекшембиге пландалып жаткан акцияга катышууга, президент Януковичтин өкмөтү тынч жол менен кулатылмайынча демонстрацияларга чыга берүүгө үндөдү. Тимошенконун кайрылуусун кызы Евгения оппозициянын 30-ноябрдагы маалымат жыйынында окуп берди.

"Рейтерс" агенттигинин сүрөтчүсү да сабалды

"Рейтерс" агенттигинин сүрөтчүсү да сабалды

Бүгүн эртең менен баш калаада милиция демонстранттарды күч менен тараткан. Күбөлөрдүн айтымында, Ички иштер министрлигинин атайын күчтөрү Эгемендик монументинин жанында калган жүздөй кишиге каршы жаш агызчу газ, союлдарды колдонушкан.

Аянттан тартылган сүрөт, видеолордон кан жалаган адамдарды көрсө болот. Бир нече кишинин ооруканага жеткирилгени кабарланууда.

"Биз тараптан эч кандай провокация жасалган эмес. Милиция чабуул жасап, элди уруп-сабоого киришти. Алардын бирөө, балким, комнадири: "эмне кылып атасыңар! Мынчалык ырайымсыз болбогула" деп кыйкырды. Бирок алар болбой эле аялдарды да жерге сүйрөп жатышты", - дейт Иван деген демонстранттардын бири.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, тартип коргоочуларга каршылык көрсөткөнү үчүн 35 киши кармалып, киийн коё берилди. АКШнын Украинадагы элчилиги демонстранттарга каршы күч колдонууну айыптап, өкмөттү жарандык коомдун укуктарын урматтоого чакырды.

Бир нече күндөн бери Украинанын бир катар шаарларында Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол коюу талабы менен нааразылык акциялары өтүп жатат. 29-ноябрда 10 миңдеген киши президент Виктор Януковичтин кызматтан кетишин талап кылып, Киевдин борборуна чыгышкан. Ошол эле күнү президент Вильнюста өткөн Чыгыш өнөктөштүк саммитинде документке кол коюудан баш тартты.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG