Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Украина: Мурдагы президентке кылмыш иши козголду


Леонид Кучма
Леонид Кучма

23-мартта оппозициячыл журналист Георгий Гонгадзенин өлүмүнө байланыштуу уланып аткан тергөө боюнча Украинанын мурдагы президенти Леонид Кучма Башкы прокуратурага чакыртылды.

22-мартта Кучмага “журналисттин өлүмүнө тиешеси бар” деген айып менен кылмыш иши козголгон. Журналист Гонгадзе 2000-жылдын сентябрь айында жоголгон. 1 ай өткөндөн кийин Киев облусуна караштуу токойдун ичинде журналисттин башы жок өлүгү табылган. Көп өтпөй “бул кылмыш ошол кездеги президент Кучманын буйругу менен ишке ашкан” деген кеп тараган.

Мындан үч жыл мурда Георгий Гонгадзени өлтүргөн үч милиция кызматкери кармалып, узак мөөнөткө абакка кесилген. Жакында бул кылмышты уюштурган деп айыпталып жаткан милициянын мурдагы генералы Алексей Пукачтын үстүнөн сот иши башталат.

Журналист Георгий Гонгадзенин өлүмүнө тиешеси бар деп шектелгендердин катарына эми мурдагы президент да кошулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Ринат Кузьмин билдирди:

- Леонид Кучма кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек бар. Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине мыйзамга дал келбеген буйрук берүү менен журналисттин өлүмүнө себепкер болгон деп шектелүүдө.

Кучма кандай берене менен айыпталып жатканы тууралуу суроого Кузьмин “азырынча ага так айып тагыла элек”,-деп жооп кайтарып, Кучманын мурдагы жан сакчысы Николай Мельниченко тартып алган тасма Георгий Гонгадзенин өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинде далил катары кошулганын айтты.

Адистердин баамында, тасмага Кучманын үнүнө окшош бирөө милиция генералы Пукачка буйрук берип жатканы тартылган. Андан бери үч жыл өтсө да мурдагы президент Леонид Кучма шектүү катары карала элек болчу. Ошондон улам саясий талдоочулар кылмыш иши бийликтин көрсөтмөсү менен козголуп жатканын белгилешет. Мисалы, эл аралык коопсуздук маселелери боюнча адис Евгений Жеребецкий “дайыма табакташ болуп келаткан мурдагы жетекчи Леонид Кучмага карата азыркы президент Виктор Януковичтин кылмыш ишин козготушу ойго келбегендей жорук. Карга карганын көзүн чокубачу эле”,-деп таң калат.

Саясатчы Вадим Карасевдин баамында, Батыш Виктор Януковичке ушул убакытка чейин көп ишеним көрсөтпөй, ал эми Европа аны “оппозицияны куугунтуктайт, авторитаризмге бара жатат” деп сындап келет. Андыктан Янукович муну менен “бизде жада калса президентти да камай турган сот система бар” деп көрсөткүсү келерин айтат саясатчы Вадим Карасев.

- Сотко чакырылганда Кучманын аброю түшөт, бирок анын айыбын моюнуна коюу абдан кыйын. Эми Гонгадзенин иши жалгыз эле сот карачу жумуш болбой калды, ал саясий мүнөздөгү ишке айланып кетти.

23-мартта мурдагы президент Леонид Кучма журналисттерге буларды айтты:

- Мен корко турган эч нерсе жок. Күнөөм болбосо эмнеден чочулайм? Бүгүн мен кандай тозок болбосун азабын тартып, күнөөм жок экенин далилдөөгө моралдык жактан даярмын.

XS
SM
MD
LG