Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

“ЖООГАЗЫН ЫҢКЫЛАБЫНА» БИР ЖЫЛ. КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭМГЕККЕ ЖАРАМДУУ КАЛКЫНЫН 35 ПАЙЫЗЫ ОРУСИЯДА. АВТОРИТАРИЗМ ҮЧҮН УБАКЫТ. КӨЧӨГӨ ЧЫГУУ УКУГУ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кыргызстанда бир жыл мурда жеңишке жетишкен жоогазын ыңкылабы коомду мындан ары укук жолунда жашоого баштай алабы? Орусияда мигранттарды атуулдукка тездетип алуу кандайча болот, Беларустагы президенттик шайлоодон Москва эмнени күтөт? Орусиялык басма сөздө соңку аптада ушул маселелерге орчундуу көңүл бурулду.

Орусиянын гезиттери Кыргызстанда жоогазын ыңкылабы чыкканга бир жыл айланып баратышын утурлап кыйла макалалар жарыялады. «Московские новсти» (17.03.2006), маселен, «ал ыңкылап таасири астында кыргыз коомчулугу эми адам укугун сыйлап жашоого жетише алабы?» – деген суроо коюп ага жооп издейт. Бирок андай жолго түшүү кыргызстандыктар үчүн али эрте экенин автор жашырбайт. «Азыркы Кыргызстанда тополоң тоз салуу анча деле кыйын эмес», - деп жазат Игорь Ротарь. «Ал үчүн акча гана керек. Урук-туугандыкка негизделген кыргыз коомчулугуунун дуу салышы үчүн айыл аксакалдары менен эле канча бере турганыңды алдын ала сүйлөшүп такташуу жетишерлик. Арадан бир саат өтө электе жүздөгөн киши нааразылык актысын опоңой өткөрүп салышат», - деп жазат. Мына ушундай жагдайды анализден өткөрүп чыгып, оюн жыйынтыктаган жеринде Кыргызстандагы 24-март алдындагы абалды: «жалпысынан алып бир гана «хаос» деген сөз менен мүнөздөөгө арзыйт», - деп айткан эксперт.

Федералдык миграциялык кызматы булагына таянып, «Парламентская газета» жума күнү «биздин өлкөгө (Орусияга – ММ) баарыдан мурда Тажикстан, Азербайжан, Өзүбекстан, Кыргызстан, Грузия, Молдова жана Украина жарандарынын келиши үзүлбөйт экен. Эксперттер маалымдоосуна караганда Кыргызстан менен Тажикстандын эмгек этүү колунан келген жарандарынын 35 пайызы азыр биздин жерде эмгек мигранттары болуп жүрүшөт экен», - деп жазат Татьяна Вареничева.

Макалада: «Биз мыйзамдуу жол менен тажрыйбага бай эмгек мигранттарынын келе беришине кызыктарбыз… Мыйзамдуу жол менен келген мигранттар акыры Орусиянын атуулдугун алуу мүмкүндүгүнө ээ болууга тийиш», - деген Путиндин федералдык жыйынга карата айтылган кайрылуусуна шилтеме берилген.

Ошол кайрылуу түрткү болуп Федералдык миграциялык кызматы оңойлотулган жол менен КМШ өлкөлөрүнөн келгендер катарынан 22-сентябрден 1-декабрге дейре Орусиянын атуулдугуна алуу уюштурган. Демейде бир нече жыл зарыгып күтчү адат бузулуп аларды тийешелүү документ менен камсыз кылуу 7-10 күндүн ичинде жүзөгө ашырылган жана натыйжада 7500 киши орусиялык атуул болуп калышкан.

Ал эми кеткен жумада Мамдума биринчи окуудан өткөргөн жаңы мыйзам жердигине ылайык дегеле КМШ өлкөлөрүнөн баш катырып жүргөн 10 миллиондон 20 миллионго дерйе мыйзамсыз мигранттарды атуулдукка оңойлотулган жол менен кабылдоо кеп болуп атканы макалада ачык айтылган.

Беларуста өткөн шайлоого карата айткан пикиринде эксперт Михаил Леонтьев: «бул шайлоо Татарстан же Краснодар карайында өткөн шайлоодон эч айырмасы жок. Беларустук саясий система өз алдынча жашап, өз алдынча аракет жасоого жарактуу. Ооба, ал система авторитардык жетектөөдө, бул жерде либералдык баалуулук кыйла жетишпейт. Баса,бизде (Орусияда – ММ) деле авторитаризм жетектөөсү бар, бирок бул маселелерди чечүү мүмкүн. Ал үчүн узун убакыт керек», - деп жазат «Трибуна» 17 мартта чыккан санында.

«Бизди абакка камоосу уланып атат», - деген ат менен Беларус президентине оппозициячыл жаатынан талапкер Александр Милинкевич «Новые известия» (17.03.2006) басылмасы аркалуу ыймандай сырын айткан. Ал жерде демократиялык оппозицияга жан таркан кишилер беларус бийлиги тараптан болбогон шылтоолор менен кармалганы анык болот. Милинкевич айтканга караганда: «коомдук жерде богооз сүйлөдү», милиция аракетине «кол кайырды» деген шылтоолор менен шаршемби күнү демократиялык уюмдардын 50дөн ашуун жетекчилерин камап салышкан. Ишенген кишилерим арасынан 10у түрмөгө түштү», - деген ал 17 мартта.

Ошого карабай «НИ» - биздин коалиция (беларус бийлигине каршы турган партиялар жана коомдук уюмдар бирикмеси – ММ) 19-мартта шайлоо кандай жыйынтык бербесин, беларус элин демократиялык эркиндигине жеткирүү ишин уланта тургандыгын айткан. Лукашенко бийлиги жаа бою качкан элдин көчөгө чыгуусу чындыгында алардын конституцияда жазылган укугу, деп айткан ал жерде Милинкевич мырза.
XS
SM
MD
LG