Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Украина: Майдан чабуулга кабылды


Украина, Киев. Майдан. 11-декбрь, 2013-жыл
Украина, Киев. Майдан. 11-декбрь, 2013-жыл

Түндө Киевде полициянын атайын күчтөрү нааразылык акциясы өтүп жаткан Төбөлсүздүк аянтын курчоого алды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчылары жана бир нече жергиликтүү маалымат булактарынын кабарлашынча, полиция аянттагы баррикадаларды бузууга аракет кылып, бирок андан майнап чыккан жок.
Ал ортодо Украинадагы абалды жөнгө салуу үчүн өлкө президенти Виктор Янукович өлкөнүн мурдагы президенттери менен, ал эми оппозиция лидерлери АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд менен сүйлөшүү жүргүздү. Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча комиссары Кэтрин Эштон дагы Киевге эки күндүк визит менен келди.
Виктор Янукович кечээ өлкөнүн экс-президенттери Леонид Кравчук, Леонид Кучма жана Виктор Ющенко менен саясий кырдаалды талкуулады. Янукович жолугушуунун теледен көрсөтүлгөн бөлүгүндө:

Президент Виктор Янукович Украинанын мурунку мамлекет башчылары менен жолукту. 10-декабрь, 2013-жыл
Президент Виктор Янукович Украинанын мурунку мамлекет башчылары менен жолукту. 10-декабрь, 2013-жыл
- Мен бардык тараптардын талаптары менен макулмун. Аянтка чыккандар Украинанын келечеги кандай болот жана Евробиримдик менен интеграция тууралуу суроо кандай чечилет деген суроолорго жооп алгылары келет. Ошол эле учурда Майданда эки тараптан тең мыйзам бузуулар катталды. Биз кырдаалга баа беришибиз керек. Эки тараптан тең күнөөлүүлөр жазасын алууга тийиш, - деген оюн билдирди.

Жакынкы күндөрү бийлик,оппозиция жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан тегерек үстөл болору күтүлүүдө. Янукович шаршемби күнү Евробиримдик менен ассоциациялык келишимге кол коюу боюнча сүйлөшүүлөр башталышы мүмкүн экенин жарыялады.

Ал ортодо Жогорку Раданын өкүлдөрү аткаруучу бийликтин өкүлдөрү менен саясий туңгуюктан чыгуу жолдорун талкуулашты. Оппозиция аталган талкууга катышкан жок.

Ошол эле учурда АКШнын мамкатчысынын орун басары Виктория Нуланд Киевде европачыл оппозициянын лидерлери Виктор Яценюк, Виталий Кличко жана Олег Тягнибок менен жолугушту.

Сүйлөшүүдөн соң ал кабарчыларга:

Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча жетекчиси Кэтрин Эштон Украина оппозициясынын лидери Арсений Яценюк менен. 10-декабрь, 2013-жыл
Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча жетекчиси Кэтрин Эштон Украина оппозициясынын лидери Арсений Яценюк менен. 10-декабрь, 2013-жыл
- Биз оппозициянын бардык мартабалуу жетекчилери менен сүйлөштүк. Кошмо Штаттар кырдаалды жөндөөгө кызыкдар. Биз тынчтыкты жана адамдардын ар-намысын калыбына келтирүүгө, Европага чыйыр салып, экономикалык туруктуулукка жетишүүгө максат кылып Европа Биримдиги менен колмо-кол иштешип жатабыз, – деп билдирди Нуланд айым.

«Батькивщина» оппозициялык парламенттик фракциясынын жетекчиси Арсений Яценюк "Евробиримдиктин жетекчилерин украин оппозициясы менен бийлик ортосундагы сүйлөшүүгө ортомчу катары чакыруу керек",- деген пикирин билдирди.

Ошентип, украин делегациясы шаршемби күнү Брюсселге барат. Ал арада Киевде евроинтеграциянын жактоочуларынын митинги уланууда. Орусиянын парламенти чет өлкөлүк саясатчылар Украинанын ичи ишине кийлигишпөөсү керек деген таризде билдирүү жасады.



  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG